Түрктөр сириялык качкындарга кол салды

Башаламандыкта зыянга учураган машина

Сүрөттүн булагы, TWITTER

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башаламандыкта зыянга учураган машина

Түркиянын борбор шаары Анкарада ондогон тургундар сириялык качкындарга таандык болгон дүкөндөр менен машиналарды талкалап кетишти.

Жаңжал түрк жана сириялык жаштардын ортосундагы уруштан кийин чыккан. Уруштун жүрүшүндө 18 жаштагы түрк жигит Эмирхан Ялчын бычак жеп каза тапкан, дагы бири жаракат алды. Шектелип жаткан эки сириялык камакка алынган.

Коомдук желеге чыгарылган сүрөт жана видеолордон кыйкырып жүргөн адамдар полициянын тосмосун бузуп киргенин, машиналарды талкалап өрттөгөнүн, витриналар менен үйлөрдүн терезелерине таш ыргытышканын көрүүгө болот.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, тартип сакчылары абага ок чыгарган. Башаламандыкка катышкан 76 киши кармалган.

Кийинки күнү Анкара губернаторлугунан билдиришкендей, “жарандардын сабырдуулугунун жана полициянын аракетинин аркасы менен” башаламандыктарды токтотууга мүмкүн болгон.

Тополоң Алтындаг районунда чыгып, бейшемби күнү бардык дүкөндөр жабылган жана күчөтүлгөн топ тарабынан күзөтүлүүдө.

Бийлик өкүлдөрү Твиттердеги чагымчыл сөздөргө көңүл бөлбөөгө чакырып, кайраштыргандарга каршы кылмыш ишин козгошу мүмкүн экенин айтууда.

Түркияда Сириядан келген 3,7 млн качкын бар. Алардын 10% өлкөнүн түштүк-чыгышындагы лагерлерде турушат, калгандары өз алдынча отурукташып алышкан. 

Гасан Ибрагимовдун үй-бүлөсү Алепподон сегиз жыл мурда көчүп келген. Алар Анкарада бош калган имаратта жашашат

Сүрөттүн булагы, SOPA IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гасан Ибрагимовдун үй-бүлөсү Алепподон сегиз жыл мурда көчүп келген. Алар Анкарада бош калган имаратта жашашат

2016-жылдагы Евробиримдик менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, Түркия качкындарды кабыл алууга 6 млрд евро алган жана дагы 3,5 млрд алышы керек. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн качкындарга жумшаган чыгашасын 30 млрд доллар деп баалады.

Түркия качкындарды кабыл алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. Өлкөгө жалпы качкындардын 15% туура келет.

Эгерде Афганистандын бийлигине Талибан келип кала турган болсо, анда Түркиядагы сириялык качкындарга ооган качкындары да барып кошулушу боюнча тынчсызданып жатышат.

Коомдук пикирди аныктоо боюнча сурамжылоолор антииммигранттык маанайдын өскөнүн көрсөткөн.

Оппозициялык Республикачылар партиясы июль айында, эгерде 2023-жылы шайлоодо жеңишке жете турган болсо, анда качкындардын баарын үйлөрүнө кайтарарын билдирген.

Тынчтыкка чакыруу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Болуп өткөн башаламандыкты Түркиянын бардык саясий күчтөрү жериди.

Бийликте турган Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары Лейла Шахин Уста Твиттерде минтип жазды:

“Бейкүнөө жаш балдарга кол салуу — уятсыздык. Бирөөнүн кылган күнөөсүн башкаларга оодарганга болбойт. Күнөөлүү татыктуу жазасын алат. Биздин биримдигибизге доо кетирүүгө жол бербейбиз”.

Республикачыл элдик партиянын төрагасы Кемал Кылычдароглу: “Биз качкындардын көйгөйүн чечебиз, бирок аны акыл-эс менен жасайбыз. Биз конокторубузду керней-сурнайлар менен узатабыз. Өтүнөбүз, тынчтыкты сактагыла”, - деп билдирди.

Солчул Элдик демократиялык партиянын башкы штабы: “калк баарынан да мурда ар бир адамдын коопсуз жашоого болгон укугун коргоо үчүн коомдун бардык катмарлары жана саясий күчтөр биригиши керек болгон чекке жетти”, - деп эсептерин билдирди.

Демократия жана өнүгүү партиясынын төрагасы Али Бабажан бардык жарандарды “сергек акыл жүргүзүү менен аракет кылууга” чакырып, партиянын Стамбулдан шайланган эл өкүлү Мустафа Энероглу Твиттерде: “Кылмышкердин кыймыл-аракеттери анын үй-бүлөсүнө, тууган-уруктарына же улутуна тиешеси жок”, - деп жазды.

“Биздин кайсы каада-салттарыбыз түндөсү үйлөргө таш аткыла деп айтат? — деп кыжырданды Түркиянын Кызыл жарым ай коомунун төрагасы Керем Кынык. — "Келгиле, бул жалынды өчүрөлү. Анын эч кимге пайдасы жок”, - деп кошумчалады.

Кынык Твиттерде сабалган жаш баланын канжалаган жүзү тартылган сүрөттү чыгарды. Анын айтымында, көптөгөн сириялыктар Кызыл жарым ай коомуна балдары үчүн тынчсызданып кайрылып жатышат. (EA)