Түркия сириялыктарды депортациялап жатабы?

Түркия сириялык качкындарды кайра Сирияга жөнөтүп, эл аралык мыйзамдарды бузду деген дооматтарды түрк өкмөтү четке какты.

Би-Би-Си иликтөөсүндө Грецияга өтүүгө жан үрөгөн айрым качкындар Сирияга өз эрки менен кете турганын күбөлөгөн документтерге кол коюуга мажбурланышканын билдиришти.

"Эл аралык мунапыс" уюму жүздөгөн адамдар депортацияланганын айтууда.