Уранды үстүндөгү халифат: Сирия лагерлериндеги аялдар жана балдар мекенине кантип келет?

al hol

Сүрөттүн булагы, AFP

Азырынча бул суроонун жообун эч ким билбейт. Ошондуктан Сириянын түндүгүндөгү лагерлерде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген миңдеген кыз-келиндер, алардын балдары жылдап кармалып турушат.

Айрымдары мекенине алып кетүүнү жалбарып суранууда. Алар өз айыбын тартып, сот алдында жооп берүүгө даяр. Болгону лагерден чыгып кетүүнү каалашат. Кээ бири болсо, "Ислам мамлекети" террордук уюму кайра жанданып, бизди куткарат деген ишенимде олтурат.

Британияда бул суроого жооп берүүгө аракет кылган кишилердин бири мурдагы ички иштер министри Саджид Жавид болгон эле. Ал "ИМ" тобуна кошулуп кеткен аялдарды кайтарып келүү керекпи же жокпу деген маселеде өз позициясын билдирген. Чет жердеги террордук топторду колдогондор мекенине кайтып келбеши керек, деген ал.

Мындан бир нече жыл мурун лондондук үч окуучу кыз Түркияга билет алып, "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуу үчүн жөнөп кеткен окуяны билебиз. Анда Британия аларды үйүнө кайтарып келе турганын билдирген. Ал кезде полициянын көз карашы башка болчу. Алардын көзүнө үч окуучу кыз "Ирак менен Сирияга колуна курал алып киргендерден" бир топ айырмалуу көрүнгөн. Бирок азыр көз караш такыр өзгөрдү. Өлкөгө кечээги жихадчылардын көптөрү кайтып келе баштады. Алардын кылмыштарын далилдөө өтө кыйын. Ошондой болсо дагы 2019-жылы экстремисттик уюмга жан тарткан бир нече киши сот жообуна тартылган.

Шамима - 2015-жылы кышында Лондондун чыгышындагы үйүн таштап кетип калган үч окуучунун бири эле. Ошол бойдон алар өз үйүнө кайтып келишкен жок. Төрт жыл өткөндөн кийин Times басылмасынын кабарчысы кош бойлуу Шамиманы Аль-Холдо кезиктирген. Көрсө, окуучу кыздардын бири Сирияда каза таап, экинчиси дайынсыз кеткен экен. Шамима болсо жихадчылардын бирине турмушка чыккан. Буга чейинки төрөгөн балдары чарчап калган экен.

Шамима Бегум
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шамима - 2015-жылы кышында Лондондун чыгышындагы үйүн таштап кетип калган үч окуучунун бири

Шамима Бегум ошол жолугушууда Сирияга кетүү чечимине өкүнбөй турганын, халифат мыйзамдары менен жашоону каалаганын айтып берген.

"Биринчи жолу таштандыда жаткан кишинин алынган башын көргөндө үрөйүм деле учкан жок. Бул кармаш учурунда тутукундалып келген жоокердин башы болчу. Исламдын душманынын башы эле",-деген ал.

Ушул сыяктуу бир нече маектеринен кийин Британия Шамиманы жарандыгынан ажыратты. Кыздын апасы Бангладештен болгон үчүн Бегумдун жарандык алууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок Бангладеш бийлиги мындай кишилерге жарандык берүүгө каалоосу жок экенин туюнткан.

2020-жылдын июлунда апелляциялык инстанциялар акыры анын Британияга кайтып келип, жарандык боюнча сотко даттануусуна уруксат берди. Өкмөт буга каршы чыгып, азыр эми бул ишти Жогорку Сотко өткөрүп беришти.

Ошентип Шамиманын окуясы британ коомун экиге бөлүп, бир тарабы анын "ИМ" тобунун пропагандасынын курмандыгы болду десе, экинчи тарап аны чоң коркунуч катары көрүүдө. Дүйнөлүк саясатчылардын көбү Шамима сыяктууларды коркунуч катары көрөт.

Жабык эшик артында

al hol

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европалык дипломаттар мындай кырдаалда эч нерсе кылбай койгон туура дегенге өтүп алды

Франциялык Паскаль Дешам кызы Абелдин (ысымы өзгөртүлдү) үйгө кайтып келишин күтүп жатат. Абель үч баласын алып 2015-жылы сүйлөшүп жүргөн жигитинин артынан Сирияга кетип калган. Күйөөсү каза таап, аны болсо "ИМ" тобунун башка жоочусуна башын байлап коюшат. Андан дагы балалуу болгон. 2018-жылдын январынан бери Абель балдары менен Аль-Холдогу лагерде. Дешамдын айтымында, кызы "ИМ" тобунун кайра жанданышын күткөн тарапташтарынан эмес. Апасы буга чейин ошол кездеги президент Франсуа Олландка дагы кат жазып, жооп алган эмес. Ага карабай бийликке тынымсыз кайрылууларды жолдоп келди.

Чыдамы түгөнгөндө эч кандай чара көрбөй жатат деп, тышкы иштер министри менен адилет министринин үстүнөн арызданган. Анысынан дагы майнап чыккан жок.

Syria

Сүрөттүн булагы, AFP

Human Rights Watch уюмунун Ирак боюнча эксперти Белкис Уилл барган сайын европалык дипломаттар мындай кырдаалда эч нерсе кылбай койгон туура дегенге өтүп алды дейт.

"Көп өлкөлөр өз жарандарын артка кайтарып алууну каалабай жатат",-дейт Уилл. Франциядан сырткары Бельгия менен Нидерланддарды дагы ушул өлкөлөр катарына кошсо болот. Болгону балдарды гана алып кеткен учурлары болду. Чынында эле Франция июнь айында он баланы артка алып келди. Укук коргоочулар лагерлерде дагы 70тей франциялык жарандыгы бар энелердин балдары бар экенин айтууда.

Канадада өткөн сурамжылоого катышкандардын 71 пайызы "ИМ" торбунун катарына кошулуу үчүн чыгып кеткендерди артка кайтарууга каршы экенин билдирген. Ошол эле маалда укук коргоочулар аялдардын көбү курмандык гана болуп калышканын, алар азгырык жолу менен тартылганын айтып келүүдө. "Эми болсо өкмөт өз жарандарынан баш тартып кеткен жакшы эмес",-деген Reprieve укук коргоо уюумунун директору Майя Фоа.

al hol

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аль-Холду журналисттер дүйнөдөгү эң кооптуу лагерь катары сүрөттөйт

Өткөн жылы жай айында Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдуу аймактан Кыргызстан дагы өз жарандарын алып келүүгө аракет кылып жатканы айтылган эле. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. Бирок азырынча кыргыз бийлиги жарандарын артка кайтара элек.

Жакынкы Чыгышта куралдуу жаңжал башталгандан бери Кыргызстандын аймагынан жети жүздөй киши чыгып кеткени айтылып келүүдө.

"Ал жакта дагы аз эмес балдар төрөлдү. Алды жети жашка чыгып, арты кучактагы балдар. Ошондуктан биздин мамлекет ошол жакка адашып барып калган жарандарга карата сөзсүз чараларды көрүшү абзел. Күч органдары териштирүү жүргүзүшү керек. Укуктук жактан бул абдан назик маселе. Баргандын баарын эле булар террорист, саткын деп айтуу кыйын. Ар кандай жол менен кеткендери бар, алданып, азгырылып, өз ыктыяры менен согушам деп кеткендери бар. Сирия, Ирактагы абалды эске алганда, кимдин согушуп келгенин, кимдин согушпай келгенин аныктоо абдан кыйын. Бул каражатты талап кылган нерселер. Өзгөчө ошол жактагы Сирия, Ирактын расмий бийлиги менен тыгыз иштешип, алардын колундагы маалыматты алып, анализдөө керек",-деп айтып берген эле Ислам таануу илимий-изилдөө институтунун жетекчиси, теолог Маметбек Мырзабаев.

Сирияга азгырылган кыргызстандыктардын кээ бири үй-бүлөсү менен чогуу чыгып кеткендиктен, ал жакта жүздөн ашуун жаш балдар жана аялдар бар деп айтылып жүрөт. Бирок артка кайтып келгендери тууралуу так маалымат жок. Айрым маалыматтарга караганда, жаңжалга аралашкан жүзгө чукул кыргызстандык Сирия аймагында каза тапкан.

Сирияга кетти делгендердин жакындары бийликке бир нече ирет кайрылуу жолдошкон. Бирок кыргыз бийлиги жарандарын артка кайтарган учур боло элек.

Коңшулаш Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан жаңжалдуу аймакка барып калган жарандарын артка кайтарган учурлары болуп жатат. Алар негизинен аялдар жана балдарды кайтарып келген. (AbA)