Сириядагы лагерлерде 400дөй кыргызстандык бала бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакындары Сирияга кеткендер бийликке жардам сурап дагы кайрылды. Алар аялдар менен балдарды алып келүү өтүнүчү менен өткөн жылдан бери бир нече жолу чыгышты.
"Элет көйгөйү" коомдук уюмунун эсебинде, Сириядагы чет жердиктер кармалган "Рож" жана "Ал-Хол" лагерлеринде 137 кыргызстандык аял жана 400гө чукул бала бар. Уюмдун айтымында, балдар сегиз жашка чейинкилер.
Би-Би-Си уюмдан бул сандардын тактыгы тууралуу сурады. Жетекчисинин айтымында, алар телефон аркылуу байланышкан эки лагердеги кыргызстандыктардын саны ушунча.
Чүй облусунун тургуну Амангелди карындашын алып келүүнү каалайт. Ал менен байланышкандан бери көз жашым тыйыла элек деген тургун карындашы кайын атасынын сөзүнө алданып кеткенин айтты.
"Январда байланышты. Бизде баары жакшы деп сүйлөшүп жатсам эле, аларда абал начар экенин айтып ыйлады. Байке, курсагым ачып жатат деди. Бир тууганым, жанымдын бир мүчөсү үчүн мен ушундай болуп жаткандан кийин ата-энелердин абалын элестеткиле. Ушундай кыйынчылыкта биз кыргыздар бири-бирибизге жардам бербесек, качан беребиз", - деген Амангелди президентке жардам сурап кайрылды.
Бийликке бир канча жолу кайрылып жаткан кыргызстандыктар Сирияга кеткен эркектерди эмес, террордук топко өз ыктыяры менен кошулбаган аялдарды жана балдарды алып келүүнү өтүнөбүз дешет. Алардын ишениминде лагердегилер бирөөнүн мажбурлоосу менен же алданып кеткен аялдар. Балдардын басымдуусу ал жакта төрөлгөн.
"Биздин кыздар, келиндер тууралуу ар кандай комментарийлерди жазып жатышат. Башына кыйынчылык келмейин эч ким түшүнбөйт. Биздин үнүбүздү Сооронбай Шарипович укпаганда ким угат? Балдарыбыз кордук көрүп, өлүмгө туш болуп жатышат. Кайрып беришиңерди өтүнөбүз", - деди кызы Сирияда калган Аккөкүл апа.
"Кыздарыбыз радикал эмес"
Жакындары Сириядагылар менен Whatsapp аркылуу байланышып турушат. "Элет көйгөйү" коомдук уюмунун жетекчиси Марипа Алыйкулова тынымсыз байланыштан кийин лагердеги кыргызстандык аялдар радикал эместигине ишендим дейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Аларга телефон кармап, башка жак менен байланышууга тыюу салышкан. Аттарын да Амида, Хамида деп өзгөртүшкөн. Мурунку өз атын жана фамилиясын айтышпайт экен. Бирок ошондой тобокелчиликке карабай, мени менен байланышып, балдардын сүрөтүн сурасам баарын жөнөтүп, өзүнүн аты-фамилияларын беришти. Демек алар ушунчалык кайтып келгиси келет. Террордук топтордун идеяларына берилген болсо ошол жерде өлүшүм керек дешмек", - деди Би-Би-Сиге Алыйкулова.
Бийлик буга чейин Сириядагы балдарды кайтарып келүү аракети жүрүп жатканын билдирген.
Мамлекеттик органдардын жана коопсуздук кызматынын эшигин кагып келаткан Алыйкулова белгилегендей, өкмөт маселе дале каралып жатканын айтууда.
"Бизге айтышкандай, бийлик кыргызстандыктарды бошотуу үчүн күрт күчтөрү менен сүйлөшсө расмий Дамаск каршылык нотасын бериши мүмкүн экен. Анда кантип Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өз жарандарын бошотуп алды? Сегиз жашка чейинки балдар кантип террор болушу мүмкүн? Аларды тескерисинче азыр алып келип албаса, кийин коркунуч жаралат", - деди Алыйкулова.
Лагердеги жашоо
Лагерлер Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан.
Жакындарынын айтымында лагерлер күрттөрдүн көзөмөлүндө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Лагер Түркия-Сирия чек арасына жакын. Беш чакырымдан кийин эле Түркия экен. Бирок күрттөр аларды лагерден чыгарбайт", - деди үй-бүлөсү Сирияга кеткен Рамаз Сариев.
Рамаз Сариевдин айтымында, лагердин жанында ушу күндөрү АКШ аскерлери менен техникалары пайда болгон. Анын эки кызы, бир уулу жана келинчеги лагерде турат. АКШ Сириядан 2018-жылдан тарта аскерин чыгарып кеткен.
Сариевдин кыздары он жети жана он сегиз жашында кетип, азыр 22-23кө чыгып калышты. Энеси алардын артынан кеткенде кош бойлуу эле, уулу Сирияда төрөлгөн. Убактылуу лагердеги чатырларда баш калкалашууда. Алардын жашоосу өтө оор экенин, курсагы тойбогонун айткан Сариев "ден соолуктары абдан начар, араң эле турушат" дейт.
Ар кандай маалыматтарга ылайык, Сирияга 700 чамалуу кыргызстандык кеткен.









