Өзбекстан 156 жаранын Сириядан кайтарып келди
- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдуу аймактан 156 өзбек жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.
30-май күнү алар атайын аба каттамы менен Ташкентке жеткирилди. Алардын дээрлик баары жаш балдар жана аялдар.

Сүрөттүн булагы, official
Сирия менен Ирактын аймагында куралдуу жаңжалга аралашкан борборазиялык жихадчылардын саны тууралуу так маалымат жок. Алардын арасында үй-бүлөсү менен чыгып кеткендери бар. Кыз-келиндер ошол жакта турмушка чыкканы тууралуу фактылар айтылып жүрөт. Май айынын башында тажик өкмөтү 84 баланы Ирактын аймагынан алып келген эле.
"Экстремисттерге кошулган тажик жарандарынын балдары Ирактын түрмөлөрүндө жана качкындар лагерлеринде кармалган",-деп билдирген Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.
Балдардын айрымдарын ата-энеси Иракка чогуу ала кетсе, башкалары Жакынкы Чыгышта төрөлгөн. Алардын аталары согуштук аракеттерде мүрт кеткен, энелери болсо террордук топко көмөк көрсөткөнү үчүн эркинен ажыратылган.
Тажикстан менен Ирак бийлигинин ортосунда сүйлөшүүлөр өтүп, өлкөдө тажик жараны деп саналган 43 аял жана 95 жаш бала бар экени аныкталган.
"84 бала артка кайтарылды. Эми 11 баланы Тажикстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат",-деп кабарлаган Тышкы иштер министрлиги.
Балдарды Тажикстанга алып келүү боюнча буйрукту президент өзү бергени айтылган.
Балдарды Дүйшөмбү шаарындагы аба майданда жакындары тосуп алып, өкмөт жетим калган балдарды камкордугуна ала турганын билдирген. Алгач балдарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлөт деп түшүндүрүшкөн эле.

Сүрөттүн булагы, EPA
Сирия менен Ирактагы жаңжалга аралашкан тажикстандыктар саны 1900дөй деп айтылат. Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун курамында Жакынкы Чыгыштагы салгылашууларда беш жүзгө чукул тажик жараны каза тапканы тууралуу маалымттар бар.
Жыл башында "Сириянын демократиялык күчтөрү" беш миңге чукул жихадчыларды колго түшүргөн. Алар абактарда, лагерлерде кармалып турат. Ал эми аялдар жана балдарды атайын түзүлгөн борборлорго жеткиришкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кабарларга караганда, жихадчылардын тогуз миңдей үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде көптөгөн балдар күрддөр тарабынан уюштурулган ал-Холдогу лагерде кармалып турат.
Бул лагер 20 миң кишиге ылайыкталган. Бирок азыр 70 миң киши жашап жатат. АКШнын Сирия боюнча өкүлү Жеймс Жеффри билдирүү жасап, негизги тапшырма жихадчыларды өз өлкөлөрүнө кайтаруу экенин айткан. Маалыматтарга караганда, Сирия менен Иракта чоң аймакты ээлеп алган "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун курамында сексенден ашуун өлкөнүн жарандары согушкан. Экстремисттик топ талкалангандан кийин көп өлкөлөр өз жарандарын алып кетүүдөн баш тартууда.
Кыргызстан дагы чарасын көрөт
Жакынкы Чыгышта куралдуу жаңжал башталгандан бери Кыргызстандын аймагынан жети жүздөй киши чыгып кеткени айтылып келүүдө.
"Бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатат. 2018-жылы "Сириядан бизди алып кеткиле, Кыргызстандын жарандарыбыз" деген үч кайрылуу келип түшкөн. Кийин иликтеп көргөндө, бизге коңшулаш өлкөлөрдүн жарандары болуп чыкты. Алар Кыргызстан мыйзамында каралган жазалар жеңил болгон үчүн ушундай кайрылууларды жасашат. Бирок биз азыр Тышкы иштер министрлиги менен тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз",-деп айтып берген эле өткөн айда УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов.
Өткөн апталарда он чакты адамдан турган демилгелүү топ президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Сирияда кармалып турган жакындарын Кыргызстанга кайтарууга көмөк сурады.
Сирияга азгырылган кыргызстандыктардын кээ бири үй-бүлөсү менен чогуу чыгып кеткендиктен, ал жакта жүздөн ашуун жаш балдар жана аялдар бар деп айтылып жүрөт. Бирок артка кайтып клегендери тууралуу так маалымат жок. Айрым маалыматтарга караганда, жаңжалга аралашкан жүзгө чукул кыргызстандык Сирия аймагында каза тапкан. Бирок канча жаран бар, алар артка кайтарылабы деген суроого расмийлер так жооп берүүдөн карманууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Буга чейинки маегинде Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев кыргызстандык жарандардын кайтып келүүсүнө эч кандай чектөө жок, бирок мыйзам чегинде жазага тартылат деп билдирген эле.
"Лагерлерде жаш балдары менен биздин жарандарбыз жүрөт деген маалыматтар бар. Алардын кайтып келүүсүнө эч кандай чектөө жок. Бирок мыйзам чегинде жаза каралган",-деген Бакиев.
Сирия менен Ирактагы лагерлер тууралуу жыл башында француз журналисттери тарткан даректүү тасмада кыргыз паспорту менен жүргөн адамдын көрүнгөнү дагы өлкө ичинде бир топ талкууланды. Андан кийин кыргызстандык кыз-келиндер "Сириядагы күрд лагеринен алып кеткиле" деп кайрылганы тууралуу маалыматтар чыкты. Бирок кыргыз бийлиги жарандарын артка кайтарган учур боло элек.
Коңшулаш Казакстан жыл башында Сириядагы элүүгө чукул жаранын кайтарып келди. Алардын арасында 30 бала жана 11 аял бар деп айтылган.









