АКШ Түркияга каршы санкция жарыялады

Видеонун түшүндүрмөсү, С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекси

АКШ НАТО уюмундагы өнөктөшү Түркияга каршы санкция жарыялады. Буга Анкаранын Орусиядан С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплексин сатып алганы себеп болду. Түркия менен Орусия Вашингтондун кадамын сынга алууда.

Вашингтон С-400 зениттик ракеталары НАТОнун технологиясына шайкеш келбейт жана альянска коркунуч жаратат деп айтууда. Санкциялар негизинен Түркиянын курал-жарак тармагына тиешелүү.

С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатуу боюнча Түркия менен Орусия ортосундагы келишимге 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган.

Аталган система абадан коргонуу эле эмес, ракетага каршы коргонуу милдетин дагы аткарат. Дүйнөдө мындай курал Орусиянын өзүнөн сырткары Белоруссияда менен Кытайда гана бар.

line
Комплекс С-400

Сүрөттүн булагы, Anadolu agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркия менен Орусия ортосундагы келишимге 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган

АКШ эмнеге каршы чыгууда?

"Кошмо Штаттары Түркиянын жогорку даражадагы расмийлерине бир нече жолу С-400 системасы АКШнын аскердик технология коопсуздугуна коркунуч жаратат деп так айткан. Ошондой эле бул кадам Орусиянын коргоо тармагына чоң каржылык жардам болуп калат жана Москва Түркиянын коргоо тармагын изилдөөгө жол ачылат",-деди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

Орусиянын системасын НАТОнун куралдуу күчтөрү колдоно турган болсо, инструкторлор жана тейлеген адистер керек болот. Вашингтон Орусия баалуу чалгын маалыматтарына ээ болуп калышы мүмкүн деп кооптонууда.

"НАТОнун системасына шайкеш келген башка алтернативалар бар болгонуна карабастан, Түркия С-400 системасын сатып алып, аны текшерди. Түркияны С-400 маселесин АКШ менен биргеликте тез арада чечүүгө үндөйбүз. Түркия баалуу шериктеш жана региондо Кошмо Штаттарынын коопсуздук жаатындагы маанилүү өнөктөшү. Биз ондогон жылдарга созулган тарыхый кызматташтыгыбызды улантабыз деп үмүттөнөбүз. Ал үчүн Түркия С-400 маселесин чечиши керек",-деп кошумчалады Помпео.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Санкциялар негизинен Түркиянын Коргоо тармагында иш алып барган Исмаил Демир жана үч түрк жаранына каршы жарыяланды. Эми бул кишилердин АКШдагы мүлктөрү тоңдурулат.

line

Түркия кандай жооп кайтарды?

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги АКШны "адилетсиз чечимди кайра карап чыгууга" чакырды жана маселени "өнөктөш мамлекеттердей диалог жана дипломатия" жолу менен чечсе болорун белгиледи.

Министрлик АКШнын санкциялары эки мамлекет ортосундагы мамилени солгундатарын эскертип, Түркия "тиешелүү жооп кайтарат" деп кошумчалады.

Russian S-400s in Ukraine's Crimea peninsula. Photo: November 2018

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, С-400 зениттик-ракеталык комплекси дүйнөдөгү эң кубаттуу ракеталык системалардын бири

АКШ абадан коргонууга колдонулган "Патриот" зениттик комплексин Түркияга сатуудан баш тарткандан кийин, Анкара Орусия менен келишим түзгөн. Андан тышкары Анкара НАТОго мүчө болгон Греция C-300 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекси бар экенин айтууда. Бирок Греция бул системаны түздөн-түз Орусиядан сатып алган эмес.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров дагы АКШнын кадамын сынга алды. Ал Вашингтон "кайрадан эл аралык мыйзамга текебер мамиле" жасап жатканын белгиледи. Орусия АКШ ондогон жылдар бою дал ушундай текебер, мыйзамсыз кадамга барып жатканын айтууда.

line

Түркия канчалык маанилүү?

Russian S-400 anti-aircraft weapon system in Crimea

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия система радарлардан жашыруун учкан дрондордон баштап, аскердик учактар жана узак аралыктагы ракеталарды атып түшүрө турган артыкчылыктарга ээ дейт

Түркия отуз мамлекет кирген НАТО уюмунда экинчи ири армияга ээ жана стратегиялык маанилүү аймакта жайгашкан. Бул өлкө Сирия, Ирак жана Иран менен чек арасы бар. Ошондуктан Түркия менен АКШ талашынын аскердик, стратегиялык жана өндүрүштүк өңүтү байкалууда.

Альянстын чегинде Түркиянын түштүк тилкеде жайгашкан артыкчылыгын, анын сириялык кризистеги ролун эске алсак, НАТО андан жүзүн буруп кете албайт.

Ага карабастан Анкара НАТОдо жана сырткы саясатта канчалык ишенимдүү деген суроо чыгып жатат. Соңку жылдары Түркиянын НАТОго мүчө мамлекеттер менен мамилеси бузулду. Европа Биримдиги болсо Эрдоган 2016-жылдан бери авторитардык башкарууну орнотууга умтулуп жатканын айтып келет.

line

С-400 зениттик-ракеталык комплекси

С-400 зениттик-ракеталык комплекси дүйнөдөгү эң кубаттуу ракеталык системалардын бири.

Комлекс 400 чакырым аралыктагы бутага таамай тиет жана бир учурда 80 бутаны атып түшүрө алат.

Орусия система радарлардан жашыруун учкан дрондордон баштап, аскердик учактар жана узак аралыктагы ракеталарды атып түшүрө турган артыкчылыктарга ээ дейт.

Radar
  • Узак аралыктагы бутаны аныктаган радар маалыматты башкаруу пунктуна жөнөтөт.
  • Бута аныкталган соң, аскер жетекчилери ракетаны атууга буйрук берет.
  • Буйрук бутага эң жакын жайгашкан унаалардын бирине жөнөтүлөт.
  • Багыттоочу радар ракетанын бутага таамай тийүүсүн башкарат.