Түркия Түштүк Кавказда Орусиядан таасир талашып жатабы?

Реджеп Тайип Эрдоган, Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, TASS/Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Режеп Тайип Эрдоган орус лидери Владимир Путин үчүн "ишенимдүү жана жагымдуу" өнөктөш

Аналитиктер Түркия Карабак согушунда Азербайжанды активдүү колдоо менен эмнеге жеткиси келип жатканын түшүнүүгө аракет кылууда.

Түркия менен Азербайжандын жетекчилери мындай колдоонун туугандык байланыш катары гана деп түшүндүрүп келүүдө. Бирок Түркия президенти Эрдогандын региондо жеке стратегиялык максаты барбы? Маселен, Түштүк Кавказдагы негизги оюнчу жана арбитр Орусияны сүрүп чыгууга умутулуп жаткан жокпу?

"Жок. Эрдогандын мындай ниети жок,-дейт түркиялык Hürriyet басылмасынын саясий баяндамачсы Серкан Демирташ. - Түркия менен Орусия бири-бирин жакшы билет. Алар буга чейин башка театрларда: Сирия менен Ливанда кагылышып, оор маселелерде кандай иш алып баруу жагын жакшылап өздөштүрдү. Түштүк Кавказ деле алардан айрымаланбайт".

Орусия менен Түркия атаандашып жүрүп, кызматташууну жолго салганын айтып келүүдө. Сириянын түндүк-чыгышындагы орус-түрк биргелешкен кайгуулу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия менен Түркия атаандашып жүрүп, кызматташууну жолго салганын айтып келүүдө. Сириянын түндүк-чыгышындагы орус-түрк биргелешкен кайгуулу

Орусиянын өзүндө буга азырынча эч кандай тынчсыздануулар байкалбайт.

Октябрдын соңунда президент Владимир Путин түрк лидери Эрдоган "ишенимдүү гана эмес, жагымдуу өнөктөшү" экенин айтты. Эрдогандын АКШдан көз каранды болбогонун баалай турганын белгилеген.

Еревандагы Кавказ институтунун жетекчиси, армениялык саясат таануучу Александр Искандаряндын пикиринде, Түркия Түштүк Кавказдын тагдырына байланышкан чечимдерди кабыл алган өлкөлөрдүн бирине айлангысы келет.

"Баку бардык көйгөйлөр боюнча Москвага же Европага эмес, Анкарага кайрыла тургандай жана Армения эч кандай каршылык көрсөтө албагандай кылгысы келет. Ал эми Грузия болсо, азербайжандык жана түркиялык кызыкчылыктын кысымында калышы керек жана экономикалык жактан ушул кызыкчылыктардан көз каранды болуп калышы керек",-деп Искандарян Түркиянын максаты тууралуу жоромолун чечмеледи.

"Орусия Карабак маселесинин чечилишине эмес, Азербайжан менен Армениянын Москвадан көз карандылыгынын уланышына көбүрөөк кызыкдар".-дейт Москвада жашаган түркиялык саясат таануучу Керим Хас. Анын пикиринде, Тоолуу Карабак маселесин чечүүдөгү жападан жалгыз сырткы күч Түркия болуп турат.

Хасандын болжолунда Эрдоган башында турган Түркия тескерисинче "аймактан өзүн-өзү түртүп чыгарууда". Ал Армения менен байланыштарын жакшыртып, Түркия аркылуу Батышка чыгууга жол ачып, Армениянын Орусиядан көз карандылыгын азайтып, анан Карабак тууралуу келшимге келсе деле болмок. Анын ордуна башкача аракеттерге барды.

Деген менен 2008-2009-жылдары Түркия менен Армения мындай аракеттерди кылып көргөн. Башында президенттер Абдулла Гүл менен Серж Саргсян эки жолу жолугушуп, андан соң тышкы иштер министрлери кездешкен. Дипломатиялык мамилени жөнгө салуу жана карым-катнашты жакшыртуу боюнча келишимдерге кол коюшкан. Бирок алар кагазда гана калып, бирөөсү да ишке ашкан эмес.

Түркия менен Армениянын мамилеси жок. Негизи эле бүтүндөй Кавказ чөлкөмүндө түркиялык таасир аз. Азербайжан менен Грузия үчүн Түркия Орусия сыяктуу эле негизги соода өнөгү.

Грузия жана Түркия аркылуу азербайжандык мунай жана газ Европага өтөт. Баку-Тбилиси-Ахалкалаки-Карс жаңы темир жол каттамы башында күтүлгөндөй көлөмдө иштеп кеткен жок. Бирок баары алдыда деп үмүттөнүшөт.

Ильхам Алиев жана Реджеп Тайип Эрдоган, желектер

Сүрөттүн булагы, AFP

Ал эми Карабак чатагында Түркиянын саясий жактан Азербайжанды ачык колдоп жатышы бүгүн эле эмес, постсоветтик жылдарда эле боло келген, деп эске салды Серкан Демирташ.

Түркия 1990-жылдын башында Карабак чатагынан улам Армения менен чек арасын жаап салган. Ошондон бери чек ара ачылган эмес. Түркия Азербайжан менен коргонуу жана аскердик байланыштарын күчөттү.

Акыркы жылдары Түркия чектеш аймактарынын баарында активдүү ролду ойногонго аракет кылганы байкалат, дейт Искандарян. Анын ичинде Кавказ аймагында дагы аракет көрүп жаткандай. Тоолуу Карабахтагы кайра курчуп кеткен чатакта анын таасирин артыруу аракети ишке ашабы жокпу, бул жагы Орусиянын кадамдарына байланыштуу. Серепчинин баамында, Түркия Карабак чатагын жөнгө салууга аракет кылып келген Минск тобуна киргиси келет.

1992-1994-жылдары жүз миңдеген азербайжандар үйлөрүн таштап качып чыккан

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1992-1994-жылдары жүз миңдеген азербайжандар үйлөрүн таштап качып чыккан

Азербайжан президенти Минск тобунун аракети майнапсыз болуп жатканын, сүйлөшүүлөргө келечегинде Түркия дагы кошулушун буга чейин эле айтып келгени бар. Бирок жаңы формат тууралуу азырынча эч кандай сөз жок. Согуш болсо токтобой жатат.

Армения болсо Түркияны ортомчулукка жарабай турганын, анткени каршылашкан тараптардын бирин колдоп келе жатканын жүйө тартып келүүдө.

2020-жылдагы жаңжалда Карбахтан армяндар качып чыга баштады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2020-жылдагы жаңжалда Карбахтан армяндар качып чыга баштады

Геноцид тууралуу

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабакта кырдаал куручуп жатканда Түркия менен Азербайжан жаңы армян геноцидине даярданып жатат деп айтты. Түрк-армян мамилесинде айыкпаган тарыхый жара бар. 1915-жылдагы Осмон империясынын армяндарды массалык кырганын көп өлкөнүн парламенти геноцид деп тааныган. Түркия мындай айыптоону кескин четке кагып келүүдө.

урандыга айланган Агдам

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1993-жылы армян күчтөрү ээлеп алгандан кийин 30 миң киши жашаган Агдам шаары урандыга айланган

Түркия кайрадан армяндарды кыргынга алат деген пикирди түркиялык баяндамачы ооз көбүртүп эле айтылган сөз деп баалайт.

"Менимче, мындай сөзгө кимдир бирөө ишенет деп ойлобойм. Пашинян Азербайжанды токтотуу үчүн бул жараянга орусиялык тарапты жана эл аралык коомчулукту тартуу аракетинде ушундай пикирди айтты",-дейт Керим Хас.

"Пашинян болгону Түркиянын азыркы жаман имиджин колдонууда",-деген пикирин айтты Серкан Демирташ.

Айрым серепчилер кандай болгондо дагы Карабактагы армяндар үчүн оор абал түзүлгөнүнө көңул бурууда. Өз кезегинде азербайжандык расмийлер Карабакта армяндарга карата эч кандай тазалоо жүрбөйт деп ишендирүүдө. Айрым маалыматтар боюнча Тоолуу Карабактагы калктын чоң бөлүгү качып чыгып кетти. Болжолу 150 миңдей киши чыгып кеткени айтылып жатат. Өткөн кылымдын 90-жылдарында жүз миңдеген азербайжандар Тоолуу Карабактан ачып чыгып кеткен эле. (AbA)