Баку: Орусиянын Тоолуу Карабактагы жаңжалга аралашуусуна негиз жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images
БУУнун адам укугу боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет 27-сентябрда башталган Карабак согушунда аскердик кылмыштар жасалган болушу мүмкүн деп билдирди.
Бир айга созулган согуш маалында жүздөн ашуун жайкын тургун каза тапты деди ал. Азербайжан тарап 91 жайкын тургун набыт болгонун айтса, армян тарап 45 жайкын тургунун жоготконун ырастайт. Жүздөгөн кишилер жаракат алып, миңдегендер үй-жайын таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду.
Ошондой эле коммиссар турак-үйлөрдүн, мектеп, оорукана жана башка имараттарды аткылоого жол берилбеши керектигин белгиледи.
Ал ортодо Армениянын Коргоо министрлиги Давид-Бек айылы кол салууга кабылганын айтып чыкты. Бул айыл Армениянын аймагында жайгашкан. Министрликтин басма сөз катчысы Шушан Степанян билдиргендей, Азербайжандын аба күчтөрү Карабакта эмес, Армениянын өзүндө жайгашкан Давид-Бек айылын бутага алды. Жайкын тургундардын бири каза таап, экөө жаракат алды деди Степанян.
Армения бул айылга кол салуу болгонун буга чейин да айтып келген. Бирок жайкын тургундун каза тапканы тууралуу биринчи жолу маалымат берилди. Азырынча Азербайжан тарап буга комментарий бере элек.
Өткөн апта соңунда Ереван коопсуздук маселесинде Москвадан колдоо сураганы белгилүү болду. Бул тууралуу Армениянын премьер-министринин башкы кеңешчиси Вагаршак Арутюнян жергиликтүү каналга берген маегинде билдирген.
Бул боюнча сүйлөшүүлөр "жакында башталат" жана чечим "өтө тездик менен кабыл алынат" деген ал.
Өткөн аптанын ишемби күнү Армениянын Тышкы иштер министри билдирүү таратып, премьер Никол Пашинян коопсуздукту камсыздоо үчүн жардам көрсөтүү боюнча кеңешүүлөрдү баштоо өтүнүчү менен орус президенти Владимир Путинге кайрылганын айтты.
Буга жооп кылып Орусиянын Тышкы иштер министрлиги "эгерде кагылышуулар Армениянын өзүнүн аймагына өтө турган болсо, келишимдер боюнча Ереванга жардам берүүгө даяр" экенин билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараптарды ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды. Армения Орусия менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө. Бул уюмдун мүчөлөрүнүн бирине чабуул болсо, башкалары көмөк көрсөтүү тууралуу милдеттеме алган. Бирок Тоолуу Карабах формалдуу түрдө Армениянын аймагы саналбайт. Азербайжандын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган аймагы.

Сүрөттүн булагы, AZERBAIJAN DEFENCE MINISTRY / HANDOUT
Азербайжандын президенти И.Алиев "Орусиянын Тоолуу Карабактагы жаңжалга аралашуусуна эч негиз жок, Азербайжан Армениянын аймагына бир дагы коркунуч жараткан жок" деп айтты. Жекшембиде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бакуга келип, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолуккан. Ереван Карабак согушуна Түркия түздөн-түз кийлигишип жатат деген айыптап келүүдө.
"Комсомольская правда" сириялык жоочунун видеосун жарыялады
Орусиянын "Комсомольская правда" басылмасы Карабактагы ыктыярдуу армян күчтөрү сириялык бир жоочуну туткунга алып, сурак жүргүзүп жаткан видеону жарыялады.
Туткунга алынган киши Идлиб аймагынан келгенин, ага айына 2 миң доллар айлык сунушталганын айтып берет. Бул тасма көз карандысыз текшерүүдөн өткөн эмес. Ошондуктан Би-Би-Си анын мазмунун жана кайсыл жерде тартылганын тастыктай албайт. Сириядагы Түркияга ыктаган топтордун Азербайжан тарапта Карабакта согушуп жатканы тууралуу маалыматтарды буга чейин Рейтер, британдык Guardian жана Times басылмалары, франциялык France 24 телеканалы жана Би-Би-Синин Түрк, Араб кызматтары жазып чыгышкан болчу. Азербайжан болсо сириялык жалданма аскерлер тууралуу маалыматтарды четке кагып келүүдө. (AbA)










