Тоолуу Карабактагы жаңжалдын тамыры кайда?

Сүрөттүн булагы, AFP
Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттери токтобой жатат. Бул соңку 30 жыл ичиндеги эң курч кагылышуу болуп калды.
Тоолуу Карабак чатагы эмнеден пайда болгон жана жаңжалдын себеби эмне?
Азыркы маалдагы жаңжалдын башаты өткөн кылымдын 80-жылдарындагы горбачевдук кайра курууга туура келет. Бул жылдары СССРдеги көп аймактарда улуттук иденттүүлүк идеясы көтөрүлө баштады.
Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамында эле. Бирок отурукташкан элдин көбүн армяндар түзгөн. 1980-жылдардын соңунда армяндар СССР жетекчилигине кайрылып, Армян ССРинин курамына кирүү мүдөөсүн билдиришкен.

Сүрөттүн булагы, AFP
Жергиликтүү армяндардын бул мүдөөсү Азербайжанда катуу нааразылыктар менен коштолду. Мунун арты кагылышууларга жетип, Армения ССР менен Карабактагы азербайжандар катуу жабыр тартып, кол салууга кабылат. Ошол эле маалда азербайжандык Сумгаит шаарчасында армяндардарга карата зомбулук болгон.
СССР өкмөтү маселени күч менен чечүүгө аракет кылып, Карабак, Армения, Азербайжандагы улуттук кыймылдардын өкүлдөрүн камакка алган. Тескерисинче, мындай аракет кайра элдин нааразылыгын күчөтүп, эки республика ортосундагы касташуу өөрчүп кетти.
1990-жылы Бакуда армяндарга кол салуу болуп, 20-январда Азербайжан баш калаасына армиянын күчтөрү тартылган. Жүздөгөн жайкын тургандар өлүп, бир нечеси дайынсыз кеткен. Көп киши ар кандай жаракат алган.
1991-жылы Советтер Союзу ыдырагандан кийин Карабак үчүн күрөш жаңы деңгээлге чыкты. Тараптар армиядан калган куралдарды колдонууга өттү.
1992-1993-жылдары кандуу кармаштарда көп киши бейажал өлүм тапты. Жаңжал учурундагы айрым эпизоддор аскер кылмышы деген аныктамага туура келет. Тагыраагы, кеп 1992-жылдын февралындагы үрөй учурган окуяны айтса болот. Анда курчоодо калган азербайджандык Ходжалы шаарындагы жайкын тургундарга ок атылган. Азербайжандын расмий маалыматы боюнча, 600 чамалуу кары-картаңдар, аялдар жана балдар набыт болгон.
Жаңжал учурунда эки тараптын тең жоготуулары 30 миңге чамалайт. Миллионго жакын киши үй-жайын таштап, качкынга айланган.
Эл аралык коомчулук каякты карап олтурган?
Карабак жаңжалы БУУда бир нече жолу талкууланып, 1993-жылы уюмдун Коопсуздук кеңеши төрт резолюция кабыл алган. Бирок, бирөөсү дагы аткарылган эмес.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ар кандай деңгээлде тараптарды сүйлөшүүлөргө тарткан бир нече аракеттер болду. Арменияны же Азербайжандын лидери алмашып кетип, маселени кайра башынан кароого туура келген. Сүйлөшүүлөрдү ЕККУнун Минск тобу деген топ жүргүзүп келди. Бул топ 1992-жылы түзүлгөн эле.
1994-жылы ортомчулар Карабактагы ок атышуунун токтотууга жетишти. Карабак автоном облусунун аймагы жана ага караштуу жети район ошол маалда армян күчтөрүнүн көзөмөлүнө өтүп калган эле. Ошондон берки сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыкпай келүүдө.
Тоолуу Карабак республикасына эмне болду?
Армян коомчулугу 1991-жылы Тоолуу Карабак республикасын жарыялап жиберген. Ошол күндөн тарата эле муну эл аралык коомчулук тааныган эмес. Баку аймакты оккупацияланган деп эсептейт. Ереван расмий түрдө Тоолуу Карабак республикасын тааныбаганы менен коопсуздугун кепилдигине алган.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Тоолуу Карабак бир нече жолу шайлоо өткөрдү. Бирок бирөөсүн дагы эл аралык коомчулук тааныган жок. Өзүн өзү республика жарыялаган аймактын тургундарынын колунда армян паспорттору бар. Телефон байланышы Армениянын коду аркылуу ишке ашат.
Ок атышуунун кантип токтотуп келишкен?
Бөлүнүп калган тилкеде тараптар ок атыша кеткен учурлар тынымсыз катталып келүүдө. Эң олуттуу жаңжал 2016-жылдын апрелинде катталып, эки тараптан ондогон аскер кызматкерлери набыт болгон. Кармаш төрт күнгө уланып, Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышуу токтогон.
2020-жылы июлдагы кагылышуулар Карабакта эмес, Армения менен Азербайжандын чек арасында болду. Бул жолу Орусиянын премьер-министри Ереванга жана Бакуга иш сапары менен барды. Кагылышуу эч кандай эл аралык кийлигишүүнү талап кылбай эле токтогон.
Түркиянын эмне тиешеси бар?
Түркия менен Азербайжан элинин тарыхый жана маданий байланыштары терең жана тектеш элдер.
СССР ыдырагандан кийин саясий жактан Түркия дайыма Азербайжанды колдоп келүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түрк-армян мамилесинде айыкпаган тарыхый жара бар. 1915-жылдагы Осмон империясынын армяндарды массалык кырганын көп өлкөнүн парламенти геноцид деп тааныган. Түркия мындай айыптоону кескин четке кагып келүүдө.
Түркия Армения менен чек арасын жаап, дипломатиялык алакаларын үзүп салган. 2008-2009-жылдары эки өлкө лидерлери алаканы жакшыртуу аракетин көрүп, Баку кескин каршылык билдирип чыкканы бар. Арменияда дагы массалык митингдер өтүп, бул аракет ишке ашпай калган.
Бирок Тоолуу Карабак жаңжалынын тарыхында Түркия биринчи жолу активдүү түрдө билдирүүлөрдү жасап, колдоо көрсөтүүдө.
Ирандын тиешеси кандай?
Иран Баку менен Ереван ортосунда тең салмактуулукту кармап келет. Иранда көптөгөн этникалык азербайжандар жашайт. Алар негизинен өлкөнүн түндүгүндөгү Азербайжан жана Армения чек арасына жакын аймактарда отурукташкан. Ошондуктан Иран бийлиги жикчил маанай күчөп кетпейби деп чочулайт.
Карабак жаңжалында Армения бир тарабынан - Азербайжан менен Түркия тарабынан бөгөлүп калды. Грузия менен транспорт байланышы чектелүү. Өлкө экономикалык блокадада калып калган маалда Иран менен чек арасы иш жүзүндө "жашоо жолу" болуп калды.
Орусиянын позициясы кандай?
Орусияны Армения менен Азербайжанга байланыштырган көп кылымдык тарыхы бар.

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусия өз куралдарын Армения менен Азербайжанга сатып келүүдө. Ошондой эле орусиялык компаниялар Арменияда ири экономикалык активдерге ээлик кылат. Эки өлкөнүн жарандары тең көп санда эмгек миграциясында Орусияда жүрөт. Армениянын аймагында орусиялык аскер базасы жайгашкан. Мына ушул сыяктуу көптөгөн себептерден улам Орусия бир тараптуу позицияны карманбай келет.
Жаңжал эмне үчүн азыркы учурда кайра тутанды?
Түштүк Кавказ боюнча эксперттер буга бир нече фактордун таасирин айтышат. Алардын айрымдарына токтололу.
Азербайжан аскердик кубатын күчтөндүрдү. Кыязы мына ушул артыкчылыгын пайдалангысы келип жаткандай. Аскер күчү менен региондогу кырдаалды өзгөрткүсү келет. Анын үстүнө Түркиянын колдоосун да сезүүдө.
Дүйнөнүн алдыңкы державалары коронавирус алып келген кризис менен алек. Буга кошумча АКШ президенттик шайлоосу менен болууда. Көпчүлүк эксперттер эртең кыш түшсө, тоо шартында аскер техникаларын колдонуу кыйын болуп каларын, ошол себептүү операцияны эрте өткөрүп алуу аракети да болушу мүмкүн деп баалап жатат. (AbA)








