Карабахтагы согуштун 33-күнү: Азербайжан армиясы Шушада

Шушадагы аткылоого кабылган үй

Сүрөттүн булагы, EPA

Бейшембиде ЕККУнун демилгеси менен Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлерин Женевада жолуктуруу аракети болду. Орусия президенти Владимир Путин кайрадан тараптарды ок атышууну токтотууга чакырды. Бирок мындай чакырыктардан бир айдан бери майнап чыкпай, Карабахта согуш уланууда.

Орусиянын ортомчулугу менен бейшембиде согушуп жаткан тараптар набыт болгондордун сөөктөрүн бири-бирине өткөрүп беришти. Буга чейин ушундай максат менен жарыяланган жарашуу келшимдери улам бузулуп келген эле. Азербайжан армиясы Тоолуу Карабахтын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, стратегиялык жактан маанилүү саналган Шуша шаарына жакындады. Тоолуу Карабахтагы соңку абалга токтолобуз.

"Шушага беш чакырым"

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган "Тоолуу Карабах Республикасынын" жетекчиси Араик Арутюнян Шушадагы мекендештерине кайрылуу жасап, шаарды коргоп калууга чакырды. Анын айтымында азербайжандык армия шаарга беш чакырымдай жакындап келди.

Шушадагы аткылоого кабылган үй

Сүрөттүн булагы, Reuters

Азырынча Баку бул тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек. Эгерде Шушаны ээлеп ала турган болсо, автоном аймактын борбору саналган Степанакерт чоң коркунучта калат дейт эксперттер. 1992-жылы дагы Шушанын алынышы согуштун бурулуш учуру болуп калган. Анда армян күчтөрү шаарды ээлеп алып, Карабахтагы жеңишти камсыздаган эле.

Шушадагы чиркөө

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library

Шушанын жака-белинде айгышкан ок атышуулар жүрүп жатканын Армениянын Коргоо министрлиги бир нече күндөн бери айтып келүүдө. Шуша эки элдин тең эстутумунда калган шаар. XIX кылымда аталган шаар Карабахтын маданий жана экономикалык борбору болуп турган. Ондогон жылдар ичинде армян-азербайжан калкы аралаш отурукташып, бирге жашап келген. Бирок 1920-жылдагы калабадан кийин армяндар Шушадан качууга мажбур болгон. Ал эми 1992-жылдагы согушта азербайжандар шаарды таштап чыгып кетип, армян күчтөрү ээлеп калган.

Дипломатия кайрадан үзгүлтүккө учурады

Бейшембиде Женевада ЕККУнун Минск тобунун ортомчулугу менен өтө турган сүйлөшүү болбой калды. Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жолугушууну жума күнгө жылдырууну сунуштаган. Бирок жума күнү Армениянын тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян келеби деген суроо турат.Тышкы иштер министрлери ЕККУнун Минск тобунун жетекчилери менен жолугушмак. Аталган топ Карабахтагы жаңжалды жөнгө салуу максаты менен түзүлгөн.

Ал ортодо орус лидери Владимир Путин согушуп жаткан тараптарды ымалага келүүгө чакырды. Орус лидери Карабахтагы жаңжалды жөнгө салуудагы сунуштардын бири катары аймактагы жети районду Азербайжанга өткөрүп берүү тууралуу айтты. Кеп биринчи согушта армян күчтөрү көзөмөлдөп калган Азербайжандын аймактары жөнүндө жүрүүдө. Ал жерлерди кайтаруу ЕККУнун Минск тобу тарабынан иштелип чыккан. Бирок бул принцип менен Баку дагы, Ереван да макул эмес. Анткени Азербайжан ушул гана райондорду эмес, Тоолуу Карабахты толугу менен көзөмөлдөгүсү келет. Армения болсо жогорудагы райондорду Карабахтын ажырагыс бөлүгү катары санайт.

Amnesty Арменияны айыптады

Барда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Эл аралык Amnesty International уюму армян күчтөрү Азербайжандын Барда шаарын аткылаганда тыюу салынган (кассетных боеприпасов) куралды колдонду деп айыптады.

"Кечээ (28-октябрда) болжолу саат 13:30 чамасында Барда шаарына бир нече "Смерч" ракетасы атылган. Алар турак үйлөргө тийген. Азербайжандын Башкы прокуратурасы кеминде 21 киши набыт болуп, 70тей киши жаракат алганын кабарлады",-деп айтылат билдирүүдө.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Мари Струтерс мындай куралдын колдонулушун ырайымсыздык жана жоопкерчиликсиздик деп атады.

"Жаңжал куручуп жатканда Армениянын куралдуу күчтөрү, Армения колдоп жаткан күчтөр жана Азербайжан күчтөрү тыюу салынган куралдарды колдонуп, жайкын тургундардын өмүрүн коркунчка кептеп жатат",-деди ал.

Буга чейин Amnesty International Азербайжан аба күчтөрү дагы Степанакерт шаарына чабуул койгондо, тыюу салынган бомбаларды колдонду деп айыптаган эле.