В. Путин: Тоолуу Карабактагы жаңжалда беш миң киши мүрт кетти

Сүрөттүн булагы, EPA
Орусиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, Тоолуу Карабак аймагындагы Азербайжан менен Армения ортосундагы салгылашууда дээрлик беш миң адам каза тапты.
Бул согушуп жаткан эки тарап жарыялаган сандан кыйла жогору.
"Эки тарапта тең адамдык жоготуулар болуп жатат. Эки тарапта тең эки миңден ашуун киши каза тапты. Адамдык жоготуулар беш миңге жакындап калды",-деп айтты Путин.
Орусиянын лидери күнүнө бир нече жолу эки тарап менен байланышып жатканын белгилеп, жаңжалда бир тарапты колдоого алуу катачылык болорун кошумчалады. Армения Орусия жана бир катар өлкөлөр кирген Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө. Андан тышкары Москванын Арменияда аскердик базасы дагы бар.

Сүрөттүн булагы, EPA
Түркиянын президенти Эрдоган Азербайжан суранса, аскерлерди жөнөтүүгө даяр экенин айткан. Владимир Путин болсо Москва Азербайжанды колдоп жаткан Түркиянын пикирине кошулбайт деп белгиледи.
Андан тышкары Орусиянын президенти тынчтыкка жетүү үчүн АКШнын дагы жардамын сурады. Армения менен Азербайжан ортосундагы сүйлөшүүлөр Вашингтондо жума күнү уланат. АКШнын мамлекеттик катчысы Помпео эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Учурда Орусия, АКШ жана Франция ЕККУнун Минск тобу тарабынан жүргүзүлүп келе жаткан дипломатиялык сүйлөшүүлөрүндө төрагалары болуп саналат. Алар согушуп жаткан тараптарды тынчтыкка чакырды.
1994-жылы аяктаган согуштан кийин Азербайжан бир гана Тоолуу Карабак эмес, аны курчап турган жети районуна көзөмөлүн жоготкон. 25 жылдан бери ЕККУнун Минск тобу тарабынан жүргүзүлүп келе жаткан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизи дагы ушул аймактардын тагдыры.
Соңку кырдаал кандай?
Орусия ортомчулук кылып эки тарап ок чыгарбоо келишимине жеткени менен, салгылашуулар уланып жатат.

Бейшемби күнү Азербайжан Армения тарап үч баллистикалык ракетаны атканын айтты. Армения болсо айыптарды четке кагып, Мартуни шаарчасынын айланасы артиллериялык аткылоого алынганын белгиледи.
Армения менен Азербайжан согуш кылмышы үчүн бири-бирин айыптап келет. Азырынча дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Апта башында каршылашып жаткан тараптар айыгышкан кармаш майдан тилкесинин түндүгү менен түштүгүндө бирдей уланып жатканын ырасташты.
Карабах жаңжалы 1988-жылы башталган. Анда Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарылган. Кийин 1992-1994-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тирештин жүрүшүндө Азербайжан Тоолуу Карабакка көзөмөлүн жоготту. Жаңжалды жайгаруу боюнча 1992-жылы ЕККУнун Минск тобу түзүлөт. Аймактын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.
Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабак республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган.









