Согуш Тоолуу Карабахтын түндүгү менен түштүгүнө бирдей тарады

Сүрөттүн булагы, Reuters
Каршылашып жаткан тараптар айыгышкан кармаш шейшембиде майдан тилкесинин түндүгү менен түштүгүндө бирдей уланып жатканын ырасташты.
Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян түштүк тарапта тынымсыз ок атышуу уланып жатканы тууралуу жазды. Анын айтымында, түндүк тарапта Азербайжан куралдуу күчтөрү авиацияны пайланууда. Бирок муну Азербайжан ырастаган жок. Буга чейин аба күчтөрү тартылган эмес деп, четке кагып келген.
Азербайжандын Коргоо министрлиги дагы согуш аракеттери Карабахтын түндүгүндө жана түштүк бөлүгүндө уланып жатканын бышыктады. Ошол эле маалда набыт болгон жайкын тургундар тууралуу маалымат таратты. Азербайжандын Башкы прокуратурасы майдан тилкесине жакын айыл-кыштактардан ок атышуу маалында 291 киши жаракат алганын билдирди. Жаңжал башталгандан бери 61 жайкын тургун набыт болгон.

Сүрөттүн булагы, EPA
Өзүн Республика жарыялаган Тоолуу Карабахтын маалыматында, ок атышуудан армян тараптан 37 киши каза тапты, 116сы жаракат алган. Бул маалыматтарды башка булактардан тактоого мүмкүн эмес.
БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөр Карабахта согушуп жаткан тараптарды ок атышпоо келишимин сактоого чакырды. Коопсуздук кеңешинде Орусия, Франция жана АКШнын демилгеси менен жабы эшик артындай жыйын өттү.
"Байрактар ТБ2" колдонулганына далил барбы?
Тоолуу Карабахта согуш башталган 27-сентябрдан бери Азербайжан дрондон урулган аба соккулары тууралуу виедолорду чыгарып келүүдө. Анда армян күчтөрү дрондордон чоң зыян тартып жатканы көрсөтүлөт. Согуштун биринчи күнүнөн тарта эле аскер эксперттери түркиялык өндүрүштөгү "Байрактар ТБ2" үлгүсүндөгү дрондор экенин болжогон.
Муну кыйыр түрдө тастыктаган далилдер жетиштүү эле болчу. Биринчиден, бул дорондорду чыгарган өлкө ачык эле Азербайжанды колдоп жаткан. Андан сырткары президент Ильхам Алиев интервьюларында түркиялык дрондорду сатып алганын айтканы бар.
Бирок ТБ2 колдонулуп жатканы тууралуу биринчи далилдер 19-октябрда кечинде жарыяланды. Бул видео көз карандысыз текшерүүдөн өтпөгөн үчүн биз кайсыл убакытта, кайсыл жерде колдонулганын так айта албайбыз. (AbA)










