"Ок атышпоо келишимин ким бузду?": Тоолуу Карабахтагы кырдаал

в Гяндже

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Армениянын тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян Тоолуу Карабахтагы кырдаал боюнча Москвада Орусия жана АКШ өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Орусиянын ортомчулугу менен каршылашкан тараптар ок атышпоо келишимине жетишкен эле. Бирок келишим бузулуп, Армения менен Азербайжан бири-бирин айыптап жатат.

Азербайжан тарап армян күчтөрү Гянждагы көп кабаттуу үйдү ракеталык аткылоо алып, аскер кылмышын жасады деп айтып чыкты. Армян тарап болсо, аткылоого жооп гана кылганын айтууда. Гянждагы турак үйгө түшкөн ракета кеминде тогуз кишинин өмүрүн алды.

Ишембиде кечке жуук Тоолуу Карабахта ок атышпоо тууралуу келишим күчүнө кирген эле. Москванын ортомчулугу менен кабыл алынган келишимге тышкы иштер министрлери катышкан.

Орусиянын ортомчулугу менен каршылашкан тараптар ок атышпоо келишимине жетишкен эле

Сүрөттүн булагы, Russian Foreign Ministry/Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын ортомчулугу менен каршылашкан тараптар ок атышпоо келишимине жетишкен эле

Болжолу ок атышпоо келишиминен бир саат алдын Армения тарап Капан шаарынын чет-жакасына чабуул болгонун айтып чыкты. Азербайжандын Коргоо министрлиги бул айыптоолорду четке каккан. Тескерисинче, чагымчыл аракеттер армян тараптан болгонун, Физули жана Жебраил багыты боюнча чабуул болгонун билдирди.

Тоолуу Карабахтагы бул жолку согушта Жебраил-Гадрут багыты эң оор тилке болуп калды. Азербайжан тарап бул калктуу конуштарды ээлеп алганын бир нече жолу жарыялап, бирок кайра эле армян аскерлери муну четке каккан.

Гадрут

Сүрөттүн булагы, ZUMA Wire/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ок атышпоо келишиминен кийин эле Армения Гадрут шаарына чабуул болгонун айтып чыкты

9-октябрда Азербайжан президенти Ильхам Алиев аскер күчтөрү Гадрут шаарын ээлегин билдирген. Бир сааттан кийин Тоолуу Карабах менен Армения бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты. Азербайжан тарап бир нече ирет Жебраилди ээлеп алганын жарыяланганы менен бир нече сааттан кийин эле армян күчтөрү көзөмөлүнө алганын айтып келди.

Иран менен табигый чек ара катары кызмат кылган Аракс дарыясы азербайжандык күчтөрдүн негизги максаты болду. Эки тарап тең Гадрут-Жебраил багыты боюнча тилкеде оор кармаштар жүрүп жатканын ырастайт. Бир нече снаряд Ирандын аймагына түшкөндөн кийин, Тегеран дагы чек арасына аскер күчтөрүн тарткан.

1994-жылы аяктаган согуштан кийин Азербайжан бир гана Тоолуу Карабах эмес, аны курчап турган жети районуна көзөмөлүн жоготкон. 25 жылдан бери ЕККУнун Минск тобу тарабынан жүргүзүлүп келе жаткан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизи дагы ушул аймактардын тагдыры.

карта

Карабах жаңжалы 1988-жылы башталган. Анда Тоолуу Карабах автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарылган. Кийин 1992-1994-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы аскердик тирештин жүрүшүндө Азербайжан Тоолуу Карабахка көзөмөлүн жоготту. Жаңжалды жайгаруу боюнча 1992-жылы ЕККУнун Минск тобу түзүлөт. Аймактын кимге таандык экени тууралуу талаштар согушка чейин жетип, 1994-жылы жарашуу келишими кабыл алынган.

Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган. (AbA)