Тоолуу Карабак: сакталбаган келишим, жекшембидеги чабуул

Гянж ракеталык аткылоодон кийин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гянж ракеталык аткылоодон кийин

Дем алыш күндөрү Орусия касташып жаткан Азербайжан менен Армениянын ортосуна арачы түшүп, кайрадан жараштырууга аракет кылып көрдү.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров Баку жана Еревандагы кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, 18-октябрга оогон түндөн баштап ок атышпоо келишимине жеткен. Бирок ок атышпоо келишимин тараптар бир нече минутага гана сакташты. Бул үчүн эки өлкө тең бири-бирини айыптап жатат.

Азербайжан тараптын жүйөөсүндө, түн ортосунда армениялык күчтөр Жебраил шаарын аткылаган. Армениянын Тышкы иштер министрлиги согуштук аракеттер түштүк тарапта уланып жатканын ырастады. Бирок келишимдин бузулушу Бакунун жоопкерчилигинде деп айтты.

Үч аптадан бери уланып жаткан согушта Азербайжан 26 жыл мурун армяндардын көзөмөлүнө өткөн үч шаарды - Жебраил, Гадрут жана Физулинди көзөмөлүнө алганын айтып жатат.

талкаланган имараттын жанында жуунуп жаткан киши

Сүрөттүн булагы, Reuters

Азербайжандын Коргоо министрлиги муну тастыктаган видеолорду таратты. Алардын биринде 90-жылдары талкаланып, урандыга айланган Физули шаарына Азербайжан жоокерлери туусун илип жатканы тартылган.

Азербайжан күчтөрү Физули шаарын көзөмөлүнө алганы тууралуу президент Ильхам Алиев ишемби күнү эле билдирип чыккан. Азырынча армян тараптан эч кандай билдирүү жасала элек.

Пашиняндын Тоолуу Карабак боюнча билдирүүсү

Тоолуу Карабах

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян италиялык Corriere della Sera басылмасына берген маегинде, дүйнө коомчулугун Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын таанууга чакырды. Ошондой эле Түркия менен Азербайжанды кайрадан армяндарды кыргынга алууну көздөп жатат деп айыптады.

Армения деле өзүн көз карандысыз деп жарыялап, республика атыккан Тоолуу Карабакты тааныган эмес. Бирок аймак Армения менен өтө тыгыз карым-катнашта. Өзүн-өзү республика жарыялаган аймактын тургундарынын колунда армян паспорттору бар. Телефон байланышы Армениянын коду аркылуу ишке ашат.

Жоготуулар

жер төлөгө кирип бара жаткан кишилер

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR KOMISSAROV/BBC

Армения тарап каза тапкан аскерлердин ысымдарын күн сайын жарыялап жатат. Набыт болгондордун жалпы саны 710 кишиге жетти. Жекшембиде 37 жоокердин ысымы жарыяланды. Алардын баары 18-20 жаштын тегерегиндеги жаш жигиттер. Азербайжан тарап аскерлери арасындагы жоготуулар тууралуу маалымат бербей жатат. Жайкын тургундар арасындагы набыт болгондор саны менен гана чектелүүдө.

Ал ортодо Азербайжан армян тараптан туткунга түшкөндөр тууралуу маалымат таратты. Жекшембиде расмий таратылган маалыматта туткунга түшкөн үч армян жоокеринин абалы жакшы, алар ооруканада жатат жана ата-энеси менен байланышты деп айтылат. (AbA)