Карабах согушунун 18-күнү: майдан тилкеси өзгөрүүдө

Карабахтагы согушта Азербайжан биринчи жолу Армениянын аймагына сокку урганын ачык жарыялады. Буга чейинки кармаштар Тоолуу Карабах жана ага караштуу райондордо жүрүп жаткан эле. Бул жаңжалдын жаңы баскычка өткөнүнөн кабар берет.
Ал ортодо Азербайжан президенти Ильхам Алиев аскер күчтөрү дагы беш айылды ээлешкенин айтып чыкты. Армения тарап ок атышпоо келишиминен кийин каршылашы алдыга жылып жатканын ырастап жатат.
Азербайжандын Коргоо министрлиги шаршембиде түндөсү Армения аймагына чабуул жасаганын кабарлады. Тагыраагы, Азербайжан шаарларына сокку урууга даярданып жаткан армениялык "Эльбрус" ракеталык системасы жок кылынды деп айтылат билдирүүдө.
Армения чабуул болгонун ырастап, бирок кайсыл жерде экенин ачык айткан жок. Өз аймагынан ракеталык система менен Ажербайжан шаарларына аткылап жатат деген айыптоолорду четке какты.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
Согуштук аракеттер өзүн республика жарыялаган Тоолуу Карабах аймагынан чыгып, Арменияга түз жолдонуп жаткан биринчи учур. Мунун эки тарап тең ырастап жатат. Эми Армениянын Коргоо министрлиги буга жооп кылып, Азербайжан аймагындагы аскер обьектилерин бутага аларын эскертти. Каршылашы дагы ага ушундай эле жообун берди.
Жаңжал башталганда Армения чек ара тилкесиндеги Варденис шаарында дрондор учуп өткөнүн айтып чыккан. Ошондой эле түркиялык F-16 аскер учагы армяниялык аба күчтөрүнө таандык учакты атып түшүрдү деп билдирген. Бирок буга далилдерди көрсөткөн эмес.
Азербайжан болсо Армения болсо өз аймагында туруп алып, шаарларды ракета менен аткылап жатат деп айыптап келүүдө.
Эгерде тараптар бири-биринин чек арасынан өтүп сокку жолдогон көрүнүш күчөп кетсе, анда согуш Карабахтын аймагынан чыгып, бүтүндөй Азербайжан менен Армениянын чек ара тилкеси майдан талаасына айланып кетүү коркунучу бар. Мунун эл аралык саясий кесепети болушу мүмкүн.
Армения Орусия жана бир катар өлкөлөр кирген Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө. Бул уюмдун мүчөлөрүнүн бирине чабуул болсо, башкалары көмөк көрсөтүү тууралуу милдеттеме алган. Бирок Тоолуу Карабах формалдуу түрдө Армениянын аймагы саналбайт. Азербайжандын эл аралык коомчулук тарабанын таанылган аймагы. Согуштук аракеттер ушул аймакта жүрүп жаткандыктан, ЖККУ же Орусия кийгилише албайт эле. Эми анын аймагына сокку жасалганы жаңжалга Орусиянын аралашуусуна шылтоо болбойбу деген маселе бар.
Азырынча Орусия эки тарап менен тең мамилени тең салмакта кармап, бейтарап болууга аракет кылууда. Ошол эле маалда жараштырууга ортомчу түшүп жатат.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Шаршембиде эрте менен Армения чек ара тилкесиндеги Сотк айылына аба чабуулу болгонун билдирди. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян "Твиттер" баракчасына дрондун соккусунан 14 жаштагы өспүрүм оор жаракат алганын жазды.
Азербайжандын Коргоо министрлиги дароо үн катып, Армения аймагында эч кандай дрондор колдонулган жок деп четке какты. Дрондор Карабахта жана ага караштуу райондордо аскерлер үчүн гана колдонулуп жатканын айтты.

Сүрөттүн булагы, TASS
Азербайжан Гянж шаарына ракеталык сокку Армениянын аймагынан жолдонду деп эсептеп, ага далили бар экенин айтууда
Шаршембиде Армения аскерлеринин жоготууларына дагы 23 жоокердин ысымы киргизилди. Набыт болгон аскерлердин 564кө жетти.
Азербайжан тарап болсо, жайкын тургундар арасындагы гана жоготууларды жарыялап жатат. Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын 14-октябрындагы маалыматына таянсак, армениялык соккулардан 43 жайкын тургун набыт болгон. Алардын баары майдан тилкесине жакын шаар-кыштактардан. Ошондой эле 214 киши ар кандай жаракат алган. Карабах бийлиги болсо 32 жайкын тургун каза тапканын ырастады.
Согуш тутангандан бери биринчи жолу Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү.
Кремлдин басма сөз кызматы лидерлер Карабахта ок атышпоо келишиминин сакталышы жана саясий жараяндын активдешүүсү маанилүү экенин белгилешти деп кабар таратты.
Эрдогандын басма сөз кызматы болсо, түрк тарап Карабах маселесин чечүү зарыл экенине басым кылганын билдирди. (AbA)












