АКШны кооптондурган Орусиянын ракета системасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркиянын Орусиядан С-400 ракета системасын сатып алуу чечимине АКШ каршылык билдирүүдө. Вице-президент Майк Пенс Түркияны мындан баш тартууга чакырды.
Вашингтон абадан коргонуу системасы АКШнын F-35 үлгүсүндөгү аскер учагына коркунуч жаратат деп чочулап жатат.
Учурда НАТО уюмунун 70 жылдык маарекеси Вашингтондо белгиленүүдө. Түркия уюмдагы аскер кубаты жагынан АКШдан кийинки эле турган өлкө. Майк Пенс Анкарага эскертүү берип, коопсуздук жаатындагы кызматташууда НАТОну же башка мамлекетти тандашы керек дейт.
"Түркия тарыхтагы эң ийгиликтүү аскердик альянста калгысы келеби же акылсыз кадамга барып өнөктүштүккө коркунуч жаратабы? Мына ушуну тандашы керек",-деди вице-президенти Майк Пенс.
Түркия болсо С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплексин сатып алуу боюнча келишимге кол коюлганын, системаны сатып аларын айтып жооп кайтарды.
С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатуу боюнча Түркия менен Орусия ортосундагы келишимге 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган.
Аталган система абадан коргонуу эле эмес, ракетага каршы коргонуу милдетин дагы аткарат. Дүйнөдө мындай курал Орусиянын өзүнөн сырткары Белоруссияда жана Кытайда гана бар.
Анкара Батыш өнөктөштөрү менен Сирия жана адам укуктары жаатындагы маселеден улам, пикир келишпестиктерге барып, соңку жылдары көбүрөөк Орусия менен тыгыз мамиле курууга аракет кылып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Расмий Москва АКШ вице-президенти Майк Пенстин сөздөрүнө комментарий берген жок. Орусия Крым аймагын басып алгандан кийин Москва менен НАТО уюмунун мамилеси чыңалды.
Түркиянын реакциясы
Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 2,5 миллиард долларга бааланган келишим жокко чыгарылбайт деп айтты.
Түркиянын вице-президент Фуат Октай болсо "Твиттер" баракчасына: "Кошмо Штаттары тандашы керек. Түркиянын өнөктөшү катары калабы же террористтик топтор менен кызматташып, НАТОдогу союздашынын коопсуздугуна коркунуч жаратабы?",- деп жазды.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Анкара С-400 системасы күрт куралчандар менен террордук топтор түзгөн коркунучка каршы колдонулат деп ишендирүүдө.
С-400 зениттик-ракеталык комплекси
С-400 зениттик-ракеталык комплекси дүйнөдөгү эң кубаттуу ракеталык системалардын бири.
Комлекс 400 чакырым аралыктагы бутага таамай тиет жана бир учурда 80 бутаны атып түшүрө алат.
Орусия система радарлардан жашыруун учкан дрондордон баштап, аскердик учактар жана узак аралыктагы ракеталарды атып түшүрө турган артыкчылыктарга ээ дейт.


- Узак аралыктагы бутаны аныктаган радар маалыматты башкаруу пунктуна жөнөтөт.
- Бута аныкталган соң, аскер жетекчилери ракетаны атууга буйрук берет.
- Буйрук бутага эң жакын жайгашкан унаалардын бирине жөнөтүлөт.
- Багыттоочу радар ракетанын бутага таамай тийүүсүн башкарат.











