Түрк армиясы канчалык күчтүү?

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусиялык аскер учагынын окуясынан кийин Анкара менен Москванын мамилеси бир нече саат ичинде кыйрагандай эле туюлат – учурда мамилелердин деңгээли ушунчалык төмөн болгондуктан, Орусияда айрым саясатчылар согуш мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөй башташты.
Орус мамлекетинин бийлигиндеги төртүнчү адам, Мамлекеттик Думанын спикери Сергей Нарышкин, Орусия Түркиянын аракеттерине аскерий жооп берүү укугуна ээ экенин айткан. Владимир Жириновский Түркияга ядролук сокку уруу тууралуу кыйыткан.
"Стамбулду жок кылуу өтө оңой: бир ядролук бомбаны кысыкка таштаса, аны (шаарды) суу жууп кетет”, деген Жириновский, "Говорит Москва" радиосунда сүйлөгөн сөзүндө.
Түрк премьер-министри Ахмет Давутоглу өз кезегинде, Анкара мындан ары да, өзүнүн чек араларын коргоодо баардык аракеттерин көрөөрүн, ал эми президент Реджеп Тайип Эрдоган түрк учактары, талап кылынган эрежелердин чегинде иш алып барган деп билдирген.
Бул билдирүүлөр Сириядагы орусиялык аскер топторунун күчтөнүп, аларга кошумча С-400 абадан коргонуу шаймандары, жана ошондой эле Латакиядагы аскер аба майданына жакыныраак жерге "Москва" ракеталык крейсер келип жаткан маалда айтылууда.
Су-24 атып түшүрүлүшү жана АКК (абага каршы коргонуу) жабдыктары түрк чек арасынан алыс эмес жерде жайгаштырылышы, аймактагы абалды татаалдаштырды.
Түркиянын аскер күчтөрү канчалык барандуу? Орусия чын эле Нарышкин айткандай, аскерий жооп бере алабы, учакка байланыштуу окуядан кийин?
Түрдүү маалыматтарга караганда, түрк аскер күчтөрү дүйнөдөгү эң мыктылардын бири. Алар орусиялык же батыштын армияларындай жогору технологияларга ээ эмес, бирок саны көп жана жакшы даярдыктан өткөн.
Мындан тышкары, Түркия ыңгайлуу географиялык жайгашууга ээ жана НАТО мүчөсү. Бул Анкаранын аскердик мүмкүнчүлүгүн аныктоодо негизги факторлордун бири.
Бирок тирешүүнүн дүйнөлүк деңгээлге чейин жогорулашы Альянс үчүн жагымсыз сценарий, анткени, андай учурда ядролук согуштун коркунучу пайда болот.
НАТОдо экинчи, дүйнөдө онунчу
Мамлекеттердин аскердик күчүн салыштыруу (өзгөчө эки армиянын) – өтө татаал иш жана бир катар факторлорго байланышкан. Бирок ага карабастан, эгер ядролук куралды эске албаса, түрк куралдуу күчтөрү, аскерий мүмкүнчүлүктөрү боюнча НАТО мамлекеттери арасында АКШдан кийинки экинчи орунду ээлейт. Ага Түркия 1952-жылдан бери мүчө.
Global Power индекси боюнча, Түркиянын куралдуу күчтөрү дүйнө мамлекеттери арасында онунчу орунга ээ (Орусия ал тизмеде АКШдан кийинки экинчи орунда). Бул рейтинг көптөгөн жагдайларды эске алып, анын ичинде куралдуу күчтөрдүн санын, техникалык жабдыктардын, ИДП (Ички Дүң Продукт), финансылык мүмкүнчүлүктөрдү жана өндүрүштү да, жада калса электр энергиясын чыгарууну да камтыйт.

Сүрөттүн булагы, AP
Global Power маалыматы боюнча, куралдуу күчтөрдүн - 400 миң адамдан ашык (Орусияда - 760 миңден ашыгыраак), даярдыгы барлар тизмесинде 185 миңден ашык киши бар (Орусияда 2,4 миллиондон ашык).
Түрк аскер аба күчтөрү орусиялыктарга салыштырмалуу саны жагынан аздык кылат, аларда 1020 учак – Орусияда 3,5 миң. Чабуулчу учактардын катнашы – 223/769.
Алардын курамында америкалык уруксат менен курулган F-16 C (168 даана) жана D (40 даана), көпчүлүгү Block 50 долбоорунун алкагында модернизацияланган.
Бул заманбап 4+ муунундагы техника, жана ал, Сирияда жайгаштырылган, саны 15 даана болгон, орусиялык Су-30СМ учактарынан согуштук баалуулугу жагынан кем калышпайт. Башка учактар – негизинен эскирген, түрдүү модификациядагы F-4.
Кургактыктагы аскерлери боюнча теңдеш толугу менен Орусия эсебинде. Мисалы, түрк армиясында 3778 танк (алардын 300 даанасы – заманбап Leopard 2, калгандары – эскирээк Leopard 1, M60, M48), орус армиясында - 15 миңден ашуун.
Түрк аскер деңиз күчтөрү да саны боюнча орусиялык тараптан кем – 115 даана 352 каршы.
Түркиянын жер үстүндөгү абадан коргонуу системалары, ыкчам-тактикалык ракеталык комплекстери бир топ алсызыраак. Бирок аскер кошуундарында, жеңил бронетехника, реактивдүү, өзү жүрүүчү жана ташыма артиллерия жетиштүү.
Саясий география
Сандардын өзү, эки мамлекеттин күч теңдештигин аныктоого толугу менен мүмкүндүгүн бере албайт, анткени алар көптөгөн факторлорду камтыбайт, алардын бири – өлкөнүн географиялык жайгашуусу.
Мисалы, Кара деңизде Орусиянын болгону бир гана ракеталык крейсери, бир кемеге каршы кемеси, алыскы деңиз жайгашуучу үч кароолчу кемеси, алты кичи кемеге каршы кемелери жана төрт кичи ракеталык кемеси, эки дизельдик субмаринасы бар. Түркиянын деңиз күчтөрүндө – 16 фрегат, 8 корвет, 13 суу астындагы дизель кеме.
Түрк куралдуу күчтөрү бир аймакта топтолгон. Түркия – региондук жактан алганда чоң мамлекет, жана анын кошуналары менен болгон мамилелери жөнөкөй эмес, бирок аймагы жана чек араларынын узактыгы Орусияныкына караганда бир топ эле аз.
Түрк флоту мисалы, болгону эки деңизде жайгашкан – Эгей жана Кара деңиздеринде, алар бири-бирине кошуна.
Түркияга жөлөк болгон дагы бир негизги жагдай – Босфор жана Дарданелл кысыктары, алар эки деңизди бириктирип турат жана Жер ортолук деңизге жетүү үчүн Кара деңиз флотунун жалгыз жолу.
Түркия ал эки кысыкты толугу менен көзөмөлдөйт жана абал курчуп кетсе, Сирияда жана жер ортолук деңизде жайгашкан орусиялык күчтөрүнүн колдоо жолдорун бууп, кесип салат деген коркунуч Орусияда көптөгөн адистерди терең ойлондурат.
Аскердик жана жарандык кемелердин кысыктар аркылуу өтүүсүн 1936-жылдагы Монтрё Конвенциясы камсыздайт. Документке ылайык, Анкара согуш абалында болсо гана, Босфор менен Дарданеллди аскер кемелери үчүп жаап салууга укуктуу.
Бирок расмий түрдө жарыяланган согуш, ошондой эле, Түндүк атлантика келишиминин жамааттык коопсуздук механизмин ишке киргизиши мүмкүн – анын 5-чи беренеси бир өлкөгө, анын ичинде анын куралдуу күчтөрүнө, болгон кол салууну Альянска мүчө мамлекеттердин баарына кол салгандай бааланат. Мындай учурда, Түркиянын атаандашы НАТОнун куралдуу күчтөрү менен кармашууга мажбур болот.
Орусиянын бул аскердик-саясий блок менен тирешүүсү бир да тарапка жакшылык алып келбейт, жана мындай согуш ядролук конфликтке алып келиши ыктымал.
Аскер даярдыгы
Кандай гана тирешүү болбосун, ага таасир эткен дагы бир маанилүү фактор – армиянын даярдыгы жана аскер кызматкерлеринин моралдык абалы.
Түрк армиясы, адистердин баамында, аймактагы жана дүйнөдөгү эң мыкты даярдыктан өткөн куралдуу күчтөрдүн. Аны НАТО үлгүсүндө машыктырып келишет.
Би-Би-Сиге берген маегинде, стратегияларды жана технологияларды талдоо борборунун эксперти Константин Макиенко, түрк аскерлеринин, согуштук тажрыйбасы бар деп белгилейт.
"Албетте, күрт козголоңчуларына каршы аракеттер, өтө эле жөнөкөй тажрыйба эмес, все кандай болбосун, баары бир, согуш бетин көргөн аскер, тажрыйбасыз аскерге караганда мыкты... Түрк куралдуу кошуундары – чоң күч”, - дейт ал.

Сүрөттүн булагы, AFP
Орус куралдуу күчтөрүндөй эле, түрк армиясы да, акыркы маалда, машыгуулар менен даярдыкты көп көрүүдө, бул өзгөчө учкучтарга байланышкан.
"Түркияда аскер учкучтарын даярдоо системасы жакшы уюштурулган. Алардын тажрыйбасы салыштырмалуу деңгээлде – жүз саат учуу тажрыйбасы, биздикиндей эле. Аларда машыгуу тренажерлору көп, а бизде иш жүзүндө учуу”, - дейт аскер серепчи Илья Крамник.
Элиталар сокку жегенде...
Түрк адиси, Карнеги–Европанын чакырылган профессору Синан Улген Би-би-си ге айтып бергендей, аскер адамдары Түркияда коомдун элитасы катары кабылданат.
"Алар коомдун эң кадырлуу жана сый-урматка ээ болгон бөлүгү. Аскер адамдарына мындай мамиле – түрк салттарынын бири, анын тамыры тарыхтын илгери жагында жатат", - дейт ал. Бирок профессордун айтымында, бул жагдайдын, негативдүү жагы да бар.
ХХ кылым ичинде аскер адамдары өздөрүн түрк мамлекетинин диний эмес, Кемал Ататүрк негиздеген, светтик өнүгүүсүнүн сакчылары катары эсептеп келишкен. Алар жалтанбастан, эгер конституциялык түзүлүшкө коркунуч пайда болду деп эсептесе, мыйзамдуу өкмөттөрдү да бийликтен четтетип келишкен.
1960 жана 1980-жылдардын аралыгында алар үч ирет төңкөрүш уюштурушкан жана учурдагы бийликтеги Акыйкат жана Өнүгүү партиясы менен эзелтен бери келе жаткан тирешүү тарыхы бар. Бул салтты 2010-жылдардын башында токтотуу мүмкүн болгон.
"Куралдуу күчтөргө бир нече юридикалык соккулар урулган... алардын саясий таасирин солгундатуу максатында. Соккулар ийгиликтүү болуп чыкты. Бирок, аскер адамдарынын моралдык абалына терс таасирин тийгизди. Жогорку командачылыктын көп өкүлдөрү, жасабаган кылмыштары үчүн абак жайларында болуп калышты”, деп баяндайт Улген.
Орусиянын артыкчылыктары
НАТО потенциалын эске албаганда, Түркиянын армиясы, региондогу эң күчтүү армия. "Бул чоң армия, өсүп келе жаткан демографиялык ресурстарга таянат, жана санына жараша ал жакшы жабдылган”, - деди Константин Макиенко.
Илья Крамниктин оюнда, Орусиянын артыкчылыктарынын бири, орус аба-космостук күчтөрүнүн ири авиациалык кошуундарды башкарып, чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүндө.
Орусиялык согуштук авиапаркта, Ту-95 жана Ту-160 стратегиялык бомбачы-учактар бар. Алыска учуучу Ту-22М3 бомбачы-учактарын Орусия, 2015 жылдан тарта Крымда жайгаштыруу пландарын ишке ашырам деген ойдо болгон, мындай кадам алардын Кара деңиздин үстүнөн учуу жолдорун кеңейтмек (ишке ашкан жок).
"Бизде авиацияны алыскы аймактарга жер которуп жөнөтүү тажрыйбасы бар”, - деди Илья Крамник.
Анын оюнда, сан жагынан салыштыруу, сапат жагынан артыкчылык бар дегенди билдирбейт. "Мисалы, түрк деңиз күчтөрүндө "Москва" крейсерибизге тең келчү кеме жок".









