Түрк лирасы 15% кулады. Dior кытайлардан кечирим сурады.

25-ноябрь: Күндүн жаңылыктары

Олаф Шолстун колациясы Ангела Меркелдин дооруна чекит коет

Олаф Шолс 2018-ж. бери Ангела Меркелдин өкмөтүндө вице-канцлер болуп иштеп келген.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Олаф Шолс 2018-ж. бери Ангела Меркелдин өкмөтүндө вице-канцлер болуп иштеп келген.

Олаф Шолс үч партиянын башын бириктирген коалицияны жетектей турган болду. Жаңы коалициянын Германия жашыл экономика өткөрүү боюнча кеңири планы бар.

Анын социал-демократтар партиясы эки ай мурун федералдык шайлоолорду жеңип алган. Эми ал Жашылдар жана бизнеске санаалаш Эркин демократтар менен бирге бийликке келмекчи.

Климатты коргоо - жаңы коалициялык келишимдин чоң бөлүгү. Тараптар 2030-ж. көмүрдү колдонуудан чыгарууну көздөшөт. Алар Германиянын территориясынын 2% шамал кубатын өндүрүү үчүн колдонууга аракет кылышат жана суу кубатын өндүрүүгө көңүл бурушмакчы.

Коалицияга кирген партиялар 2030-жылга электрдин 80% жаңыруучу булактардан алынышын жана Германиядагы электр машинелердин саны 15 миллионго жетишин каалашат.

Жана дагы, лицензиялоо аркылуу кара куурай (каннабис) сатууну дагы пландаштырылган.

Германия Европадагы эң ири өлкө. Демек, жаңы өкмөт кабыл алган чечимдер, коңшу өлкөлөргө чоң таасир тийгизет.

Пресс-конференцияда, Шолс мырза: “Европанын суверендүүлүгү биздин тышкы саясаттын өзөгү болот”, - деди. Ал Германия-Франция достугуна жана АКШ менен шериктештигине кайрылып өттү.

Олаф Шолс 2018-ж. бери Ангела Меркелдин өкмөтүндө вице-канцлер болуп иштеп келген. Эми декабрдын экинчи аптасында анын ордуна канцлер болуп бармакчы.

Ангела Меркелден канцлердикти өткөзүп алуу үчүн ага Бундестагда добуш берүүдөн өтүшү керек болот. Бул иш-чара 6-9 декабрда болот деп күтүлүп жатат.

Шолс мырзанын кабинетинин ишке кириши өлкөдө Ковид-19дун кайрадан катуу күчөп турган мезгилине туш келет.

Шаршембиде ал коалиция вакциналоону ылдамдата турганын, эмдөө медицина кызматкерлери жана башка керектүү кызматкерлер үчүн милдеттүү болуп каларын айтты.

Президент Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президент Режеп Тайип Эрдоган экономиканы колдоо үчүн пайыздык чендерди түшүрүү боюнча талаштуу планын коргоп чыккандан кийин шейшембиде түрк лирасы 15% арзандап кетти.

Бир АКШ доллары 13 лирага бааланып, түрк акчасы рекорддук деңгээлде төмөндөп кетти.

Эрдоган сентябрдан бери Түркиянын Улуттук банкына чендерди үч ирет түшүрттү. Акыркы жолкусу өткөн аптада болду.

Бул аракеттер учурда 20% жеткен инфляциянын өсүшүнө алып келди деген айыптоолор айтылууда.

Инвесторлор ишенимин жоготуп, быйыл лиранын наркы болжолдуу 45% түштү. Ошентип, ал дүйнөдөгү эң начар валютага айланды.

100 түрк лирасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ага карабастан дүйшөмбү күнү Эрдоган өзүнүн саясатын карманууга убада берди. Анын билдиришинче, жогорку пайыздык чендер инфляцияны азайтпайт. Көпчүлүк кабыл албаган мындай көз карашты ал көп жылдардан бери кайталап келет.

“Өлкөбүздү кыскарткан, алсызданткан, элибизди жумушсуздукка, ачарчылыкка жана жакырдыкка түрткөн саясатты кабыл албайм”, - деди ал министрлер кабинетинин жолугушуусунан кийин.

“Валютанын, пайыздын жана баалардын өсүшү менен ойноп жаткандардын оюнуна күбө болуп жатабыз. Биз өзүбүздүн оюн планыбызды ишке ашыра турган эркибизди көрсөтөбүз”, - деп кошумчалады Эрдоган.

Президент менен анын шериктештери төмөнкү пайыздык чендер Түркиянын экспортун, инвестициясын илгерилетип, жумуш орундарын түзөт дешет. Бирок көптөгөн экономисттер пайыздарды кыскартуу ойлонуштурулбаган кадам деп атоодо.

Коомдук пикир боюнча сурамжылоолордун жыйынтыгы жаралган кырдаалдан улам Эрдогандын АК партиясын колдогондор азайганын көрсөткөн. Оппозициялык саясатчылар шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө чакырып жатышат.

Бирок, президент Эрдоган түрк парламентиндеги партиясына жана башка шериктеринин колдоосуна ээ. (EA)

Кытайлыктар Diorдун көзү жүлжүгүй моделин кемсинтүү катары кабыл алышты. Фотограф кечирим сурады.

Бул портретти кытайлыктар кемсинтүү катары кабыл алышты

Сүрөттүн булагы, CHEN MAN/DIOR

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул портретти кытайлыктар кемсинтүү катары кабыл алышты

Кытайлык фотограф Dior бренди үчүн тарткан кытайлык моделдин портрети үчүн кечирим суроого аргасыз болду. Анын көзүнүн жүлжүгүйлүгүн соцтармак колдонуучулары кемсинтүү катары кабыл алышты.

Кеп 12-ноябрда Шанхайда көргөзмөгө коюлган Dior сумкасын кармаган кыздын сүрөтү тууралуу болуп жатат. Ал портрет жергиликтүү социалдык тармактарда жана кытайлык маалымат каражаттарында нааразычылыктарды жаратты.

Акжуумал жана бакыраң көздөр Кытайда сулуулуктун идеалы болуп эсептелет. Жергиликтүү бренддер жарнамага көбүнчө бетинин ушундай өзгөчөлүгү бар моделдерди тартышат.

Фотограф Чен Ман мунун тескерисин жасаган: портреттеги кыздын кабагы бүркөө жана жактырбай карап турат, ошону менен бирге сынчылардын пикири боюнча, сүрөт Батышта терең тамырлашкан азиялык келбет жөнүндөгү стереотиптерди бекемдейт.

"Жылдар бою Батышта көздөрү жүлжүк, бетинде сепкили бар азиялык аялдын белгилүү элеси калыптанды", - деп жазат Beijing Daily.

Социалдык тармактардын колдонуучулары да ушундай маанайда сүйлөштү: Алардын айрымдары бул сүрөттү Батыш кытайлык аялдардын сырткы көрүнүшү кандай деп ойлойт деп кемсинткен иллюстрация деп эсептешти. China Women's News басылмасынын маалыматына караганда, сурмасы жок моделдин сүрөтү көрүүчүлөргө ыңгайсыздык жараткан. Кээ бирлери француз брендине бойкот жарыялашты.

Ошол эле маалда социалдык тармактардын айрым колдонуучулары фотографты жана анын чыгармачылыгын колдоп чыгышты. "Эмне үчүн көзү ушундай кытайлык аялдарды сулуу деп эсептешпейт?" — деп жазган алардын бири. "Жеке мен бул жерден эч кандай көйгөй көргөн жокмун".

Чен Ман - белгилүү кытайлык мода фотографы. Ал алдыңкы мода журналдарынын мукабаларына сүрөт тарткан, көптөгөн жылдыздар, анын ичинде Дэвид Бекхэм жана кытайлык актриса жана модель Фан Бинхбин менен иштешкен.

Сынга кабылган сүрөт экспозициядан алынды. Фотограф менен мода бренди кечирим суроого аргасыз болду. Кытайдын Weibo социалдык тармагына 41 жаштагы Чен Ман: "Мен өзүмдүн жетиле электигиме жана сабатсыздыгыма өкүнөм", - деп жазган.

"Мен Кытайда төрөлүп-өскөм жана өз өлкөмдү абдан сүйөм", - деп кошумчалады ал.

"Dior ар дайым кытай жарандарынын сезимдерин сыйлайт. Эгерде кандайдыр бир каталар же кемчиликтер болсо, Dior комментарийлерге жана аларды убагында оңдоого ачык", - деп мода үйү Weibo аккаунтуна жазып, сүрөт коммерциялык максатта колдонулбаганын кошумчалады.

Буга чейин кытайлык онлайн соода сайттары кытайлык модель Италиянын салттуу тамагы - макарон менен пиццаны таякча менен жей албай кыйналып жаткан жарнамадан улам Dolce & Gabbana продукциясын сатууну токтотушкан. (MD)

Казакстанда акын, диссидент Арон Атабек каза тапты

Fкын, диссидент Арон Атабек каза тапты

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арон Атабек

Алматы шаарындагы ооруканалардын биринде 68 жаш курагында акын, диссидент Арон Атабек каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү журналисттерге анын бир тууганы Разия Нутушева тастыктады.

Шанырак окуялары боюнча айыпталган Арон Атабек 15 жыл абакта отуруп, быйыл 1-октябрда камактан чыккан. Ал өтөөчү дагы үч жыл калган, бирок ден соолугуна байланыштуу ага карата сот чечими жумшартылган.

Арон Атабек ал өзү мөөнөтүнөн мурда аны бошотуу тууралуу сураныч келтирбегенин буга чейин расмий билдирген. Мындай шартта ал күнөөнү мойнуна алгандай болуп калмакмын деген жүйөөсүн келтирген.

2006-жылы “Шанырак” микрорайонунда мыйзамсыз курулган турак-жайларды түрттүрүү үчүн келген полиция кызматкерлери менен жергиликтүү эл кагылышып, бир аскер каза тапкан.

Ал окуялардан кийин массалык баш аламандык үчүн төрт киши кесилген, анын бири Арон Атабек болгон. (EK)

Кыргыз айыл чарба продукциялары жана кол өнөрчүлүк буюмдары Индияда эл аралык көргөзмөдө

Индия көргөзмө

Сүрөттүн булагы, Official

Нью-Делиде Индия Эл аралык соода көргөзмөсү-2021 (IITF) өтүүдө. Көргөзмөгө Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын, ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кол өнөрчүлүк буюмдарын тартуулады.

Кыргызстандын павильонуна келгендердин арасында бал жана кургатылган жемиштер, кийизден жасалган буюмдар жана жибек жоолуктар өзгөчө суроо-талапка ээ болду.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары менен келе жаткан жылы IITF-2022 көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонун кеңейтүү боюнча келишимдер жетишилди.

Бул жылы көргөзмөгө кичи жана орто бизнестин 3000ге жакын өкүлдөрү, ошондой эле тогуз чет мамлекеттен, анын ичинде Кыргыз Республикасынан ишкерлер катышууда. Чет элдик катышуучулар - Афганистан, Бангладеш, Бахрейн, Непал, Шри-Ланка, БАЭ, Тунис жана Түркиядан.

IITF Нью-Делиде Индиянын Сооданы өнүктүрүү боюнча ITPO уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара болуп саналат. Бул B2B жана B2C компоненттерин камтыган ири интеграцияланган соода жарманкеси.

Бир катар мамлекеттик уюмдар бул аянтчаны өз программалары жана саясаты тууралуу маалыматты коомчулукка жайылтуу үчүн колдонушат. (КС)