Германиядагы шайлоо: Бизнес Меркелсиз келечекти күтүүдө

Тео Леггетт, Бизнес кабарчы, BBC News

Мюнхендеги машина жуугандар

Сүрөттүн булагы, CIRCUS KRONE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Машина жуу олутуу жумуш. Германиянын жарандары жаңы канцлер клоун болбойт деп үмүттөнөт

Европа державасы олуттуу саясий бурулуштун алдында турат.

15 жылдан ашуун убакыттан кийин Европанын эң ири экономикасын башкарган канцлер Ангела Меркел кызматтан кетет.

Ушул дем алыш күнкү шайлоодон кийин Германия жаңы өкмөттү, ошондой эле жаңы лидерди карап чыгат. Чоң жана чакан ишканаларга бул өзгөрүү эмне алып келери ойлондурууда.

Мюнхендин тынч көчөсүндө машиналар тизилип турушат. Алар оор баркыт көшөгө артында катылган гараждын алдында күтүп турушат. Ал эми көшөгөнүн ичинде маскарапоздор айдоочулардын көңүлүн ачып жатышат.

Кээде көшөгө көтөрүлүп, машинелер биринин артынан экинчиси өтүп жатты. Ичинде кымкуут, шаан-шөкөт угулуп жатты. Маскарапоздор машине кирген сайын аны самын суу чачып тосуп алып жатышты, машинелер да суу, өздөрү андан беш бетер.

Ал жакта диско хиттери жаңырган үн системасы бар экен, ичинде ызы-чуу, ысык жана бүт жер суу болгон.

Ангела Меркел

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жумуш таап берген агенттиктин көрнөгүндө Ангела Меркел канча жыл кызматта болгону жазылган

Андан соң машиналар татаал унаа жуучу жана кургатчу автоматташтырылган бөлүккө өтөт. Ал жакка өтүүдөн мурда айдоочуларды дагы шоу программа күтөт. Бул баскычта балбандар, акробаттар, атүгүл ооздон от чыгарган оюн-зооктор жана ошондой эле сөзсүз маскарапоздор шаан-шөкөт тартуулашат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул укмуштай унаа жуучу жай Мюнхендин борборунда бир кылымдан бери иштеп келе жаткан Circus Krone компаниясына таандык.

Цирктин өзү, адатта, 3000 кишилик туруктуу аренада иштейт. Бирок өткөн жылдын март айынан бери пандемияга байланыштуу эч кандай шоу өткөрө алган жок.

Цирктин директору жана арстанды үйрөтүүчү Мартин Лэсинин айтымында, пандемия убагында унаа жуучу жай абдан маанилүү кызматты аткарып, анын артисттери бош калбай, аз киреше алып келсе да керектөөлөргө жараган.

Кызматкерлердин иштөө убактысы кыскартылганда эмгек акыны субсидиялоочу өкмөттүн Kurzarbeit программасынын каржылоосу менен бирге, бул чечим компанияга 240 кызматкерин бошотпоого жардам берди.

Бирок Лэйси капа. Ал компаниянын цирк аренасын коопсуз кылуу үчүн болгон аракетине карабастан кайра ача албаганына нааразы. Себеби, экономиканын башка тармактары кадимкидей ишин улантууда. Анын айтымында, жаңы өкмөт келечекте ырааттуу саясатты сунушташы керек.

“Бул бизнести жүргүзүү үчүн көп акча талап кылынат, ошондуктан биз мындай кырдаалда жардамга муктажбыз”, - дейт ал.

“Алар мыйзамды кабыл алып жатканда ал жөнүндө дыкат ойлонушу керек. Жакшы иштелбеген факторлор көп убараларды жаратат. Ошондуктан абалга туруштук берүү өтө кыйын болду”.

Германия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пандемиянын чектөөлөрү алына баштагандан кийин Мюнхен жана Көлн сыяктуу шаарларда адамдар убактысын сыртта өткөрө башташты

Жумушчулардын жетишсиздиги

Шаардан анча алыс эмес жерде, нео-готикалык мэрия имаратынын жер төлөсүндөгү Ratskeller рестораны кечки тамакка Бавариянын даамдарынын кеңири түрүн даярдайт.

“Шницель, швайншах, зауэрбратен... Бул жерге көптөгөн туристтер келишет жана албетте алар Бавариянын тамагын жешет”, - дейт ресторандын менеджери Питер Визер.

Анын айтымында, пандемия учурунда жашоо кыйын болчу, бирок азыр кардарлардын саны өсүүдө.

Ал жаңы өкмөттүн эпидемия учурунда кыскартылган керектөөчү салыктарынын төмөн бойдон калышын камсыз кылышын каалайт. Ошондой эле, иммигранттарды жалдоо менен жумушчу күчүнүн жетишсиздигин чечүү жеңилдейт деп үмүттөнөт.

Бавариядагы кафе

Сүрөттүн булагы, RATSKELLER УРУКСАТЫ МЕНЕН

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ratskeller ресторанынын менюсунда салттуу шницель менен швайншахка талап көп, бирок аларга жумушчулар жетишпей жатат

“Бизге кызматкерлер керек”, - дейт ал.

“Мурда иммигранттар иштечү. Биз аларга баарын үйрөткөнбүз, алар кадимкидей салык төлөшчү, мына бул жерде иштешкен. Андан кийин алар өз өлкөсүнө кайтууга аргасыз болушкан. Бул туура эмес ыкма. Себеби алар бизге азыр керек”.

Бирок жаңы канцлердин келиши аны кооптондурбайт, тескерисинче баары жайында болоруна ишенет.

“15 жыл Ангела Меркел иштеп келди. Мен Ангела Меркелдин күйөрманымын, бирок азыр өзгөрүү убактысы келди. Биз учурдагы абалды өз нугуна түшүрө алабыз деген ойдомун”, - дейт ал жылмайып.

Германиядагы көптөгөн чакан жана орто ишканалар, башка өлкөлөрдөгүдөй эле, азыр жандануу үмүтү менен кыска мөөнөттө калыбына келүү жолунда. Бирок ири компаниялар узак убакытта болсо да ийгиликтүү перспективаларга багыт алууда.

Германияда шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиянын жарандары сентябрдын акыркы аптасында өтө турган шайлоодо добуш беришет

Техника үчүн жарыш

Мюнхендеги IAA эл аралык мобилдүүлүк көргөзмөсүндө мен дүйнөлүк автоунаа өндүрүүчүлөр үчүн жогорку технологиялык системалардын негизги жеткирүүчүсү ZF Group компаниясынын башкы директору Волф-Хеннинг Шайдер менен жолугам.

Волф-Хеннинг Шайдер Ангела Меркелди көргөзмөдөгү стендине тосуп алууга даярданып жатып, мага жаңы канцлердин Европа сахнасында лидер катары ордун ээлеши керектигин айтты.

“Бизге технологияга негизделген күчтүү Европа керек”, - дейт ал.

“Биз Түндүк Американы көрүп жатабыз, биз алдыңкы технологияга жана билимге көп маани берген жана лидерликти алууга аракет кылган Кытайды көрүп турабыз. Европа алардан кем калбашы керек”.

Бул тема көргөзмөдө көптөгөн башка жогорку мансаптуу жетекчилер тарабынан сөз болот жана чындыгында бизнес чөйрөсүндө дагы талкууланчу темага айланаары бышык.

Негизги партиялардын тагдыры өнөктүк учурунда өзгөрүп тургандыктан, вице-канцлер Олаф Шолцтун социал-демократтары азыр жарым позицияны ээлеп турса дагы, кийинки өкмөттү ким жетектери азырынча белгисиз.

Бирок канцлердиктин ачкычын ким мураска албасын, Германия жаңы доорго кирери жана жаңы лидер экономикалык кыйынчылыктарга байма-бай туш болору айдан ачык.