Ангела Меркелдин ордун ким алмаштырат? Германияда канцлерлик үчүн күрөш башталды

Маркус Зёдер, Армина Лашет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маркус Зёдер (экранда) Армин Лашет (солдо)

Германияда бундестаг үчүн шайлоого дагы беш жарым ай убакыт бар. Бирок башкаруучу Христиан-демократиялык биримдик партиясында (ХДБ) канцлердин талапкерлиги үчүн күрөш башталды. Ал Маркус Зёдер менен Армин Лашеттин ортосунда жүрүүдө.

Эгерде ХДБ жетекчиси Армин Лашет канцлерликке талапкерлер ортосундагы күрөштөн утуп чыкса, анын бул кызматка келиши чоң тобокелчиликти жаратат дейт серепчилер. Анткени анчалык популярдуу болбогон саясатчы жетеги алдында күзгү шайлоодо партия бундестагдагы таасирин жоготуп алышы мүмкүн.

Жекшембиде жана дүйшөмбүдө Маркус Зёдер менен Армин Лашет бул кармаштагы биринчи "чабуулдарын" баштады. Экөө тең ким башкы талапкер болуп чыгарын ушул апта соңуна чейин чечебиз деп убада кылды.

Ангела Меркель Германиянын өкмөтүн 16 жылдан бери жетектеп келүүдө. Ал эки жыл мурун ХДБ лидерлигинен кетерин жарыялады. Бирок 2021-жылга чейин өкмөттүн башында кала берерин айткан эле. Партияны сентябрдын соңундагы шайлоого башка киши жетектеп барат.

Армин Лашет, Ангела Меркель

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Армин Лашет өзүн Меркелдин саясатын улантуучу катары эсептейт

Германиянын көпчүлүк саясатчылары жана талдоочулар бул киши бавариялык Христиан социалдык союзунун лидери, популярдуу саясатчы жана Бавариянын өкмөт башчысы Маркус Зёдер болушу керек деген пикирде. Зёдер болсо акыр аягына чейин бул боюнча суроолорго жооп бербей келди. Бирок жекшембиде Христиан-демократтар менен социалдик союздун (ХДБ/ХСС) шайлоо тизмесин жетектеп берүүгө макул экенинин айтты. Зёдер бул тууралуу ХДБ/ХСС фракциясынын жабык өткөн жыйынында билдирген.

Дүйшөмбүдө ХДБ өзүнүн жүрүшүн жасап, бир добуштан Армин Лашеттин талапкерлигин колдоду. Бирок бул Лашет шайлоо тизмесин жетектейт дегенди азырынча аныктайбат. Бир блокко бириккен партиялар муну чогуу чечиши керек.

Соңку сурамжылоолор боюнча Маркус Зёдердин калк арасында кадыры бар. Бирок жыл башынан бери Меркелдин партиясынын популярдуулугу төмөндөп жатат. Жакында эле жергиликтүү шайлоодо эки маанилүү аймакта жеңилди. Адистер муну сентябрь айында өтө турган парламенттик шайлоодогу алдын ала жыйынтык катары баалаган.

Албетте, муну социологдор жана саясий баяндамачылар кишилердин локдаундан тажаганы, партия депутаттарынын ортосундагы пандемия менен күрөшүү чаралары боюнча пикир келишпестиктер, бир нече коррупциялык жаңжалдар, ошол эле маалда лидерликтен Меркелдин кетип жатышы менен байланыштырат.