Түрк мамлекеттеринин союзу жана стратегиясы

Түрк саммити

Сүрөттүн булагы, Official

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Эртең Стамбулда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Бул жолку жолугушуунун башкы темасы “Жашыл технологиялар жана санарип доордогу акылдуу шаарлар” деп аталат. Бул саммитте аталган бирикме “Түрк мамлекеттеринин союзу” деген жаңы аталышка көчөт жана "Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» стратегиялык программаны кабыл алмакчы.

Кыргыз президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдиргендей, бул саммитте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюлушу күтүлүүдө. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташтыгын тереңдетүүнүн жол картасы болгон «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» стратегиялык программа кабыл алынат.

“Жаңы аталыш уюмдун эл аралык аренадагы көз карашын бекемдөөгө оң таасирин тийгизип, анын ишмердик чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү болору күтүлүүдө”,-деп айтылат кыргыз президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Мурдакы саммитте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев түрк цивилизациясын модернизация кылууга чакырып сүйлөгөн. Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв биригүүнүн жаңы этабы жөнүндө айтканы бар. Ошондой эле Азербайжанга Тоолуу Карабак үчүн Армения менен болгон согушта Түркиянын көмөгү чоң болду. Түрк мамлекеттеринин ортосундагы биригүү, жакындашуу процесси барган сайын күч алып баратканы кашкайган факт деди Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Тилектеш Ишемкулов.

“Түрк элдеринин ынтымагын, кызматташтыгын чыңдашыбыз керек деп эле абдан катуу аракеттер болуп жатат. Мисалы Эрдоган дайыма Азербайжанга барып атат. Ал Азербайжанга армяндар менен кармашта өзүнүн “Байрактар” деген учкучу жок башкарылган учактары менен жардам берди. Майда, чачыранды элдер кандайдыр бир идеологиянын алдына баш коюп, кадам шилтесек деген пикирлер азыр көбүрөөк. Ошондуктан булар азбы, көппү, башкачабы, айтор түрк калктарына бир кылка жардам беришибиз керек, моралдык жактан да материалдык жактан да көп колдошубуз керек деген сөз кийинки убакта көп чыгып атат. Мындай кадамдар аз-аздан болсо дагы көзгө көрүнүп калды”.

Назарбаев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурсултан Назарбаев - Түрк өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин ардактуу төрагасы

Түрк интеграциясы саясатын өнүктүрүүдө Казакстандын мурдакы президенти Нурсултан Назарбаевдин ролуна өзүнчө токтолуунун жүйөсү бар. Бул саммитте түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешин "Түрк мамлекеттеринин союзу" деп өзгөртүү, “Түрк дүйнөсүнүн келечеги” деп аталган стратегиялык документти кабыл алуу дагы Назарбаевдин демилгеси менен болуп жатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

 “Нурсултан Назарбаев Түрк өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин ардактуу төрагасы. Башкасын айтпаганда дагы, анын түрк дүйнөсүнүн аксакалы деген титулу бар. Менин оюмча, ал буга абдан татыктуу. Нурсултан Абишевич бул бирикмени түзүүнүн башында турган, түрк кызматташтык кеңеши ишке ашырып жаткан көптөгөн долбоорлордун дагы демилгечиси. Ошондой эле Назарбаевдин сунушу менен “Түрк көз карашы -2040” деп аталган, түрк тилдүү дүйнөнүн өлкөлөрүнүн мамлекеттик саясатын координациялай турган стратегия иштелип чыкты. Нурсултан Абишевич бул кеңештин макамын көтөрүп, аны түрк мамлекеттеринин союзу деп атоо маселесин айтып келатат. Ал эл аралык мамилелерде эл аралык интегратор деген атка конду. Бул чынында эле эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө эл аралык жана регионалдык деңгээлде олуттуу салым кошуп келаткан ири саясий ишмер”,-деди казакстандык политолог Айдар Амребаев.

Ошол эле убакта бир саясий уюмга биригип жаткан түрк тилдүү өлкөлөрдүн өздөрүнүн дагы өз-өзүнчө кызыкчылыктары бар экени талашсыз. Ошондуктан эксперттер Эрдогандын эл аралык саясаттагы күтүүсүз жүрүштөрүн, исламчыл багыттагы саясатын, Назарбаевдин кээ бир убакта андан окчун турганын же башка багыттагы саясатын эске алганда, “ким кимди ойнотуп, кимге каршы пайдаланат” деген суроо да актуалдуу дешет. Эрдогандын ислам-түрк иденттүлүгүн аралаштырууга умтулуусу айрым деңгээлде Казакстан менен Кыргызстанда да терс реакцияны жаратышы ыктымал.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити 1992-жылдан тарта өткөрүлүп келет, ага Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан мүчө. Тили жана маданияты тектеш мамлекеттер саясий-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бир уюмга биригишкен. Анын катчылыгы Стамбулда жайгашкан.

Уюмдун колдоосу астында Кыргызстанда Көчмөндөр оюну уюштурулуп, Астанада Түрк академиясы түптөлүп, ал эми Бакуда Түрк маданиятынын жана мурасынын фонду негизделген.