Түркияда инфляциянын деңгээли 36% жетти

Түркияда инфляциянын деңгээли болуп көрбөгөндөй жогорулады. Бул өлкөдөгү каржылык каатчылыкты шарттап, президенттин саясатына карата тынчсызданууларды жаратты.

Түркияда 15 миң чакты кыргызстандыктар жашайт. Өлкөдөгү кымбатчылык алардын жашоосуна кандай таасирин берип жатат?

Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрдоган

Дүйнөдөгү борбордук банкттардын көбү инфляцияны ооздуктоо үчүн үстөк пайыздарды жогорулатат, бирок Түркия башка жолду тандады.

Мындай саясат лиранын кунунун түшүшүнө алып келди. Тайып Эрдоган улуттук валютанын салмагына караганда экспортту жогору койду. Былтыр лира долларга карата кунун 44% жоготту, дүйшөмбүдө болсо дагы 5% төмөндөдү.

"Учурда Түркияда жергиликтүү калк менен мигранттардын маанайы абдан чөгүңкү. Лиранын куну кетип, өлкө экономикасында "домино таасирин" жаратты. Себеби, Түркиянын инвестиция тармагы чет өлкөлүк валютадан көз каранды болуп келген. Мисалы, күйүүчү май баасы доллардан көз каранды, ага баа жогоруласа эле азык-түлүк, ижара акысы да өсөт. Кээ бир чакан бизнестер жабылып, азайып кетти. Өлкөдө салыктардын пайыздык көрсөткүчү да жогорулап, айрым чет өлкөлүк компаниялар Түркияда товарларын сатууну убактылуу токтотту. Учурда насыялык карыздардын саны да өлкөдө өсүп кетти",- дейт учурда Түркиядагы кыргыз жараны Айпери Сейитбекова Би-Би-Сиге.

Лиранын кунунун кетиши импортко болгон баалардын өсүшүн шарттап, энергия жабдууларынан тарта, сырье товарларына чейин баалар жогорулады. Түрк ишкерлери бул импорт товарларын экспортко айлантып келгени менен белгилүү.

Эрдоган үстөк пайыздарды буга чейин бардык жамандыктын ана башы эсептеп келди жана валюта рыногунда адаттан тыш саясатын жүргүздү.

Дүйшөмбүдөгү сөзүндө ал Түркия "экономикадагы трансформацияны баштан кечирип жатат, эми кийинки лигага чыгат", -деп айтты.

 Эрдоган "өлкө соңку 20 жылдагы тышкы сооданы жакшыртуу боюнча аракеттеринин түшүмүн жыйнап атат, бул өзгөчө экспортто байкалып жатат",- деп белгиледи.

Ал эми белгилүү экономист эгер эле акча-насыя саясаты өзгөрбөсө, жазга барып инфляция деңгээли 50% чыгышы мүмкүн деген божомолу менен бөлүштү.

"Үстөк пайыздар тезинен жогорулатылышы керек", - деди Стамбулдагы Spinn Consulting негиздөөчүлөрүнү бири Озлем Деричи Сенгул.

Түрк лирасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түрк лирасы

Былтыр Эрдоган борбордук банкттын жетекчисин алмаштырып, сентябрдан тарта банк үстөк пайыздарды 19%дан 14% кыскарткан.

Андан кийин баалар кескин өсүп, лира кунун жоготуп, бул үй-чарбачылыктарынын жана компаниялардын бюджетин аңтарып-теңтерди.

Өткөн айда Стамбулда субсудияланган нанга кезекке турган адамдардын сүрөтү тарады. Жергиликтүү бийликтин айтымында жашоо-тирлик чыгымдары бир жыл ичинде 50% кымбаттады.

Бирок баалар ушуну менен эле токтоп калбай, дагы өсүшу күтүлүп жатат. Жакында эле электр энергиясына баа 50%, ал эми газга 25% жогорулады.

Борбордук банк баалардын өсүшү сезондук деп, октябрда эле жыл аягына барып инфляция 18,4% болот деген. Банк инфляцияны ашты дегенде 5% чекте кармагысы келет, бирок соңку эки жылдан бери инфляция көрсөткүчү мындан алда канча жогору болуп келет. (EK)