Украина: НАТО деген эмне жана ага Орусия эмнеге ишенбейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусия Украинага бастырып кире турган болсо, НАТОго кирген өлкөлөр кандай кадамдарга барарын салмактап жатышат.
АКШ, Британия, Франция жана Германия кирген альянс Украинага көмөк көрсөтүп, аскердик даярдыкты күчөтүүдө.
НАТО деген эмне?
НАТО — Түндүк Атлантика келишим уюму (North Atlantic Treaty Organisation). Ал 1949-жылы 12 өлкө тарабынан түптөлгөн аскердик альянс. АКШ, Канада, Британия жана Франция өңдүү өлкөлөр башында турган.
Эгерде кайсы бир мүчө мамлекетке куралдуу кол салуу коркунучу жаралса, калган мүчө өлкөлөр жардамга келүү боюнча макулдашкан.
Анын баштапкы максаты согуштан кийин Орусиянын Европага бастырып кирүү коркунучуна туруштук берүү болгон.
1955-жылы Советтик Орусия НАТОго жооп кылып, өзүнүн аскердик альянсын түзгөн. “Варшава келишими уюму” деп аталган альянска Чыгыш Европадагы коммунисттик өлкөлөр кирген.
1991-жылы Советтер Союзу ыдырап, “Варшава келишим уюмуна” кирген бир нече мамлекеттер НАТОго кошулуп кетишкен. Учурда НАТОго 30 өлкө кирет.
Орусиянын азыркы НАТО жана Украина менен маселеси эмнеде?
Украина — Орусия жана Евробиримдик менен чектешкен пост-советтик өлкө.
Ал НАТОнун мүчөсү эмес, бирок “өнөктөш өлкө” болуп кетет. Бул өлкө келечекте альянска кириши мүмкүн, бул боюнча өз ара түшүнүшүү бар дегенди туюнтат.
Орусия болсо Батыштагы державалардан Украинаны НАТОго эч качан кошпоо боюнча кепилдик сурап жатат.
Бирок АКШ Украинаны НАТОго киргизбөө боюнча сунушту четке кагып, ал эгемен өлкө экенин жана өзүнүн коопсуздук альянстарын өз алдынча чечиши керек экенин айтып жатат.
Украинада болсо этникалык орустар көп жана Орусия менен социалдык-маданий байланыштары бар. Стратегиялык жактан Кремль Украинаны Орусиянын аркаңкы короосундай эле көрөт.


Орусия дагы эмнелерге тынчсызданып жатат?
Орусиянын президенти Владимир Путиндин билдиришинче, Батыштагы державалар альянсты Орусияны курчоо үчүн колдонуп жатышат. Ошондуктан Путин НАТОдон Чыгыш Европадагы аскердик иш-аракеттерди токтотуусун каалап жатат.
Ал 1990-жылы НАТО чыгышты көздөй кулач жайбай турганы боюнча АКШ берген кепилдигин бузду деп көптөн бери талашып келет.
НАТО болсо Орусиянын билдирүүсүн четке кагып, мүчө өлкөлөрдүн айрымдары гана Орусия менен чектешерин жана ал коргонуу альянсы экенин айтат.
Көпчүлүктүн оюнча, Украинанын чек арасын бойлой аскерлерин жайгаштыруу менен Орусия өзүнүн коопсуздук талаптарына Батышты олуттуу кароого мажбурлап жаткандай.

Орусия жана Украина боюнча НАТО мурда эмне кылган?
Украиналыктар орусиячыл президентин 2014-жылдын башында бийликтен кетиргенде Орусия Украинанын түштүгүндө жайгашкан Крым жарым аралын аннексиялаган. Ошондой эле Украинанын чыгышындагы чоң бөлүктү ээлеп турган орусиячыл күчтөрдү колдогон.
НАТО кийлишкен эмес, бирок Чыгыш Европадагы бир нече өлкөлөргө аскерлерин жайгаштыруу менен биринчи жолу жооп берген.
Анын курамына Эстониядан, Латвиядан, Литвадан жана Польшадан төрт эл аралык батальон көлөмүндөгү согуштук топтор кирет. Ошондой эле Румыниядагы эл аралык бригада да бар.
Андан тышкары Балтика мамлекеттеринде жана Чыгыш Европада мүчө өлкөлөрдүн чек арасын бузуп өтүүгө жол бербөө максатында Орусиянын учактарын тосуп туруу үчүн аба кайгуул кызматын кеңейткен.
Орусия аталган күчтөрдүн чыгарылышын каалаганын айтып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украина боюнча НАТО кандай милдеттерди алды?
Эгерде Орусия кол сала турган болсо, анда анын баасы “олуттуу жана чоң” болорун АКШнын президенти Жо Байден айткан.
АКШ 8 500 аскерин жогорку даярдыкта кармап турат, бирок НАТО ыкчам аракетке өтүү боюнча чечим кабыл алса гана аскерлер колдонуларын Пентагон айтат.
Украинанын өзүнө аскерлерди тартуу боюнча пландар жок экени кошумчаланган.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок аскердик чыңалуу “Орусиянын режимине экономикалык, саясий жана стратегиялык жактан кымбатка түшүп каларын” эскерткен.
Британия өкмөтү “шериктештер ыкчам жооп кайтаруунун зарылдыгы, анын ичинде болуп көрбөгөндөй санкциялардын пакетин киргизүү” боюнча макулдашканын айткан.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU VIA GETTY
Украина маселесинде НАТО бир пикирдеби?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президент Байдендин айтымында, Украина маселесинде Европа лидерлери менен “толук түрдө бир пикирде”, бирок көрсөтүлө турган колдоо боюнча айырмачылыктар бар.
АКШ баасы $200 млн турган курал-жарактарды, анын ичинде танктарга каршы Javelin ракеталарын жана Stinger зениттик ракеталарын жөнөтөрүн айтууда. Андан тышкары ал НАТОго кирген өлкөлөргө АКШда жасалган куралдарды Украинага жеткирүүгө уруксат берген.
Британия Украинага танктарга каршы жакынкы аралыктан аткан ракеталарды жеткирип, аларды колдонууну Украина армиясына үйрөтүү үчүн аскер кызматкерлерин жиберген.
НАТОнун айрым мүчөлөрү, анын ичинде Дания, Испания, Франция жана Нидерланддар аймактагы коопсуздукту бекемдөө үчүн согуштук учактарды жана кемелерди жөнөтүүдө.
Бирок Германия Украина коргонуу үчүн сураган куралдарды берүүдөн баш тартты. Германиянын саясатына ылайык, жаңжал болуп жаткан аймактарга кыйратуучу жабдуулар берилбейт. Анын ордуна Германия медициналык жардам жана 5 миң шлем жибермекчи.
Ал ортодо Франциянын президенти Макрон кырдаалды басаңдатуу үчүн Орусия менен диалог түзүүгө чакырып келет. (EA)













