Украина: АКШ Путинге жеке санкцияларды киргизиши мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын президенти Жо Байден Орусия Украинага кол сала турган болсо, анда Владимир Путиндин жеке өзүнө санкция киргизүү жөнүндө ойлонуп көрөрүн айтты.
Байдендин айтымында, эгерде Орусия өзүнүн түштүк-батыш тарабындагы коңшу өлкөгө бастырып кире турган болсо, дүйнө үчүн “эбегейсиз кесепети” тиет.
Анын мындай комментарийи Батыштагы лидерлердин Орусия чабуул коё турган болсо, өлкө үчүн баасы чоң болорун эскертип жаткан шартта айтылды.
Орусия болсо АКШ менен башкаларды “кырдаалды курчутуп жатат” деп күнөөлөп, Украинага кирүү планы жок экенин айтууда.
Бирок Москва чек арага жакын аймакка аскерлерин жайгаштырып, 100 миңдей орус аскери тартылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып Байден “кол салуу болуп калса, Орусиянын президентинин жеке өзүнө санкция киргизишиңиз мүмкүнбү? деген суроого “ооба” деп жооп берди.
Анын айтымында, Украинанын чек арасынан өтүүнүн “дүйнө үчүн эбегейсиз кесепети” тийип, “Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири кол салууга” барабар болуп калат.
Байден анда Чыгыш Европада НАТОнун ишин колдоого милдеттүү болуп каларын кошумчалады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Эч ким, НАТОнун эч бир мүчөсү НАТО жардамга келеби же келбейби деп тынчсызданууга себеп жок экенин ачык айтып коюшубуз керек”, — деди ал.
Бирок ал АКШнын аскерлерин Украинанын өзүнө жөнөтүү боюнча пландар жок экенин кайталады.
Орусия мындай билдирүүгө кыжырданып, АКШ менен НАТОну Украинага курал-жарактарды жана Батыштан кеңешчилерди “толтуруп” салды деп күнөөлөдү.
“Орусиянын жээктеринде Американын флоту эмне кылып жүргөнү эч түшүнүксүз”, — делет Москванын БУУдагы туруктуу миссиясынын билдирүүсүндө.
New York Times гезити кабарлагандай, Байдендин администрациясы өзүнчө билдирүү жасап, Орусия газ берүүнү токтотуп койгон кырдаал жаралса, дүйнө жүзүндөгү мунай жана газ компаниялары менен Европага отунду жеткирүү боюнча иштешип жатканын айткан.
Учурда Европа Биримдиги импорттогон чийки мунай менен газдын үчтөн бирин Орусиядан алат.
Мурдараак Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Батыштагы шериктештер кандай гана кол салуу болбосун “катуу” экономикалык санкциялар менен жооп кайтарарын айтып, Британия аймактагы НАТО шериктештерин коргоо үчүн аскерлерди тартууга даярданып жатканын кошумчалаган.
Ал Орусияны SWIFT эл аралык акча жөнөтүү системасынан чыгаруу маселесин көтөргөн. Орусиянын жогорку мансаптуу расмийлери анда Европа Орусиянын продукциясын сатып ала албай каларын айткан.
Ал ортодо Франциянын президенти Эммануэль Макрон Москва менен диалог уланарын билдирди.
Ал жума күнү Путин менен сүйлөшөрүн айтып, Орусиянын Украина боюнча кандай ниети бар экенин тактоого аракет кыларын кошумчалады.
Кризис боюнча дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөрдө Батыштагы державалар Орусия кол сала турган болсо, “болуп көрбөгөндөй” санкция киргизүү боюнча макулдашкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ 8500 аскерин кандайдыр бир деңгээлде НАТО шериктештерин күчтөндүрүү үчүн жогорку даярдыкта кармап турат. Бул Орусиянын “катуу тынчсыздануусуна” себеп болду.
Вашингтон Орусиянын шериги Беларусту дагы эскертип, эгерде бастырып кирүүгө кол кабыш кыла турган болсо, “ыкчам жана чечкиндүү реакцияга” туш болуп каларын айтты.
Кремль НАТОну коопсуздукка коркунуч катары көрөт жана аталган альянстан чыгышты көздөй, анын ичинде Украинада кулач жайбай турганына кепилдик талап кылып жатат. Бирок АКШ маселе НАТОнун кулач жайганында эмес, Орусиянын агрессиясында экенин айтууда.
Кол салуу коркунучу Батыштагы өлкөлөрдүн Киевдеги элчиликтеринен айрым кызматкерлерин чыгарып кетүүгө түрттү.
Бирок Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө жарандарына телеканал аркылуу кайрылуу жолдоп, тынчтандырууга аракет кылды.
“Бул жерде кызгылт көз айнектер жок, балалык кыялдар жок, эч нерсе жөнөкөй эмес… Бирок үмүт бар”, — деди ал. “Денеңерди вирустан, башыңарды жалгандан, жүрөгүңөрдү паникадан коргогула”.
Ал Франциянын, Германиянын жана Орусиянын жетекчилери менен жолугушуу уюштуруу боюнча иштеп жатканын айтты.
Орусия Украинанын аймагын мурда басып алган. 2014-жылы Крымды аннексиялаган. Орусиянын күчтөрү көзөмөлдү колго алгандан кийин Крым референдум аркылуу Орусияга кошулуу үчүн добуш берген. Аталган референдумду Украина менен Батыш мыйзамсыз деп эсептеген.
Орусия колдогон козголоңчулар дагы Украинанын чыгышындагы Орусия менен чектешкен аймактарды көзөмөлдөп турат. Бул жаңжал 14 миңдей адамдын өмүрүн алган. 2015-жылдагы тынчтык келишими жакын арада орундалчудай эмес. (EA)












