Украина: АКШ аскерлери жогорку даярдыкка келтирилди

АКШ аскерлери

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пентагондон айтышкандай, эгерде Орусия Украинага бастырып кире турган болсо, анда АКШнын күчтөрү Европага тартылат (иллюстрация)

Пентагондон билдиргендей, Украинадагы чыңалган кырдаалга байланыштуу АКШнын 8500дөй согушка даяр аскери ыкчам түрдө жогорку даярдыкка келтирилген.

Чек арага 100 миң аскерин тизип койгонуна карабастан Орусия Украинага каршы аскердик аракетке өтүү планы жок экенин айтып жатат.

АКШнын президенти Жо Байден Европадагы шериктештери менен дүйшөмбү күнү видео аркылуу байланышты. Батыштагы державалар дагы Орусиянын агрессиясына каршы жалпы стратегияга өтүүнү көздөөдө.

Пентагондон айтышкандай, аскерлерди колдонуу боюнча эч кандай чечим азырынча кабыл алына элек.

Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби билдиргендей, качан гана НАТО аскердик альянсы ыкчам жооп кайтаруу, же Орусиянын күчтөрүнүн жайгашуусу боюнча “жагдай өзгөргөнүнө жараша” чечим кабыл алса, ошондо ишке ашат.

Ал Украинанын өзүндө аскерлерди колдонуу боюнча планы жок экенин кошумчалады.

НАТОнун айрым мүчөлөрү, анын ичинде Дания, Испания, Франция жана Нидерланддар аймактагы коргонууну күчтөндүрүү үчүн Чыгыш Европага согуштук учактарды жөнөтүп же жөнөтүүнү ойлонуштуруп жатышат.

Дем алыш күндөрү эле Украинага АКШдан 90 тоннадай “кыйратуучу жардам жана “алдыңкы саптагы коргоочуларга” курал-жарактар жеткирилди.

Дүйшөмбү күнкү видео байланышка Байден, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шолц, Италиянын премьер-министри Марио Драги, Польшанын президенти Андрей Дуда жана НАТОнун башчысы Йенс Столтенберг катышты.

Евробиримдиктин лидерлери Урсула фон дер Ляйен менен Шарль Мишель дагы байланышка чыккан.

“Мен аябай, аябай, аябай жакшы жолугушуу өткөрдүм. Бардык Европа лидерлери менен толугу менен бирдей пикирге келдик”, — деди Байден жолугушуудан кийин.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Британия өкмөтүнүн басма сөз катчысы лидерлер “Орусиянын кырдаалды курчутуп жатканына байланыштуу эл аралык биримдиктин мааниси боюнча макулдашты” деди.

Эгерде Орусия андан ары Украинага кирип бара турган болсо, лидерлер “шериктештер жооп иретинде ыкчам чара көрүшү жана болуп көрбөгөндөй деңгээлде санкциялардын пакетин киргизиши зарыл” деп макулдашты.

Дүйшөмбү күнү британ өкмөт башчысы Жонсон Орусия Украинанын борбору Киевге өтө ыкчам чабуул коюуну пландап жатканы боюнча чалгын кызматынын маалыматын келтирип эскерткен болчу.

“Украина менен чек арада Орусиянын 60 согуштук тобу турганы, чагылгандай тез чыккан согуш планы Киевди кыйратышы мүмкүн экени боюнча алынган маалыматтар даана жана так”, — деген Жонсон.

“Ал коркунучтуу кадам экенин Кремлге, Орусияга ачык айтып коюшубуз керек”.

Кремль НАТОну коопсуздукка коркунуч туудурат деп эсептеп, альянстан чыгышты көздөй, анын ичинде Украинада кулачын жайбай турганына кепилдик талап кылып жатат. Бирок АКШ маселе НАТОнун кулач жайышы эмес, Орусиянын агрессия экенин айтууда.

Байдендин администрациясы Украинадагы элчиликте иштеген кызматкерлердин туугандарына жекшемби күнү өлкөдөн чыгып кетүүнү айткан. Британия болсо өз элчилигинен кызматкерлерин чыгарып кете баштады.

Мурдараак Британиянын Тышкы иштер министри Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинанын өкмөтүнө Москвага ыктаган кишини коюуну пландап жатат деп айыптап чыккан эле.

Блинкен менен Лавров

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блинкен менен Лавров Женевадагы сүйлөшүүлөрдү “чынчыл” болду деп атады, бирок чыңалуу басаңдаган жок

Тышкы иштер министрлиги атын атаган киши украиналык мурдагы депутат Евгений Мураев бул сөздү “келжирек сөз” деп, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Британ министрлигин “бурмаланган маалымат таратып жатат” деп айыптады.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен өткөн аптада Швейцарияда сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жолукканда Орусия эмоциялар басаңдайт деп үмүт кылганын билдирген.

Дипломатиялык эскертүүлөр чыңалган кырдаалды басаңдата алган жок. Бирок Орусиянын акчасы, рубль, кунун жоготкон. Эгерде Орусиянын күчтөрү Украинага каршы аракетке өтө турган болсо, АКШ менен шериктештери жаңы экономикалык санкциялар менен коркуткан.

Көп айдан бери украиналыктар ыктыярчылардан турган аймактык коргоо күчтөрүн даярдап келатат. Алар Киевди ыктымал коргоо үчүн машыгып жатышат.

Украиналык ыктыярчы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ыктыярчы топтун мүчөсү Марта Юзкив

50 жаштардагы дарыгер Марта Юзкив аталган топтун мүчөсү. “Албетте, тынчсызданып жатам. Мен тынчтык деген аялмын. Согуштун башталышын каалабайм. Бирок кандай болгон чакта да, башталып кете турган болсо, өлкөнү коргоого даяр болушум керек”, – деди ал Би-Би-Сиге.

Орусия Украинанын аймагын мурда басып алган. 2014-жылы Крымды аннексиялаган. Орусиянын күчтөрү көзөмөлдү колго алгандан кийин Крым референдум аркылуу Орусияга кошулуу үчүн добуш берген. Аталган референдумду Украина менен Батыш мыйзамсыз деп эсептеген.

Орусия колдогон козголоңчулар дагы Украинанын чыгышындагы Орусия менен чектешкен аймактарды көзөмөлдөп турат. Бул жаңжал 14 миңдей адамдын өмүрүн алган. 2015-жылдагы тынчтык келишими жакын арада орундалчудай эмес. (EA)