Россия-НАТО: “Күмүш түлкү” Путинди алдай алабы?
АКШ Россия менен дагы деле байланыша бермекчи, бирок Москванын кээ бир сунуштары Вашингтон үчүн жараксыз экенин шаршембиде АКШнын мамкатчысынын орун басары Венди Шерман билдирди.

Сүрөттүн булагы, WHITE HOUSE POOL
"Кээ бир сунуштар бизге такыр эле жараксыз. Биз НАТО кеңейбесин дегенге макул эмеспиз, биз 1997-жылдагы келишимге кайтпайбыз", - деди Шерман Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин болгон басма сөз жыйында.
“Бирок биз биргелешип иштей турган башка көп иш бар”-деди ал конфликт коркунучунун азайтуу, куралданууга көзөмөл кылуу режими жөнүндө эске салып.
Шерман АКШ менен кайра дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө даяр деп белгилеп, ошол эле учурда Вашингтон бардык аракеттерин өзүнүн НАТО жана ЕККУдагы өнөктөштөрү менен макулдашып турарын убада кылды.
Венди Шерман деген ким жана аны эмне үчүн дүйнөдөгү эң таасирлүү дипломаттардын бири деп санашат?
Би-Би-Синин Вашингтондогу кабарчысы Тара Маккелви баяндайт.
Венди Шерманды көзү жокто “Күмүш түлкү” деп анын күмүштөй жалтыраган чачы жана маселе чечкендеги айлакерлиги үчүн аташат. Шаршембиде ал Европадагы америкалык-россиялык сүйлөшүүлөргө катышты.
Шерман – АКШнын мамкатчысынын орун басары, бул министрликтеги эң жогорку кызматтардын бири. Бул жумада ал Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулаш үчун Россиянын расмий өкүлдөрү менен жолукту.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын чек арасына 100 миң аскер топтоп койгондон кийин Батыш аны кол салууга камынууда деп кооптонуп турат. Батыш өлкөлөрү өзүнүн эскертүүлөрүн жасашты.
Американын расмий адамдары Россия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кырдаалды жумшартуу аракетин көрүүдө. Шерман бул жерде өзүнүн стихиясында турат.
Вашингтондо ал өзүнүн кескин манерасы менен белгилүү, бирок татаал маселелерди чечүүдө анын чоң тажрыйбасы бар.
Билл Клинтон президент болуп турганда ал КЭДРдин өзөктүк куралдануу аракетин токтотууга чакырган келишим иштеп чыгуу аракетин көргөн. 2011-жылы Шерман америкалык команданы жетектеп, Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.Натыйжада 2015-жылы Иран менен АКШ, Улуу Британия, Франция жана Кытай, Россия, Германиянын ортосунда өзөктүк келишим түзүлгөнү белгилүү.
Ошондо Венди Шерман Иран Ислам Республикасында эркектер менен аялдардын ортосунда мамиле күтүүнүн эрежелери катуу болгонуна карабастан, анын жынысы сүйлөшүүлөргө эч кандай тоскоол болгон эместигин айтып берген жайы бар.
“Ирандыктардын каршысында отурганда мен АКШнын Кошмо Штаттарымын, балким, аял болгондуктан мен катаң сезилбеген кээ бир сөздөрдү айтышым мүмкүн, бирок мен катаал болуп, “өңүм өзгөргөндө”, бул катуу эле тиет, анткени менден аны күтүшкөн эмес”,-дейт.
72 жаштагы Шермандын өңү куу жана чачы ак, кыска кыркылган. Сүйлөшүүлөрдүн оордугуна карабастан ал дайыма тыкан, жыйнактуу көрүнөт. “Кычырап турат” дейт аны менен эл аралык сүйлөшүүлөргө катышкан британдык дипломат.
Ал өзүнүн ылакап атын ирандыктардан алган, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөгү бөтөнчө жөндөмү үчүн ага “Түлкү” деп ат коюшкан. Мамдепартаменттеги анын кесиптештерине бул жагып калып, алар сүйлөшүүлөр убагында “Күмүш түлкү” деп жазылган футболка кийип жүрүштү.
Мамдепартаменттеги кесиптештери анын эл аралык талаш-талкуулардагы сөзүн сыймыктануу менен, кээде саал чочулоо менен байкап турушат.
“Ал бат акыл табат”,-дейт Джеймс Джефрри, АКШнын Түркиядагы мурунку элчиси. – Ошондой эле абдан көк”.
Ал өзүнүн дипломатиялык жөндөмүн башкача жол менен өнүктүрдү: Мериленд университетиндеги социалдык иштер мектебинде окугандан кийин Шерман багып алууга муктаж болгон балдарга жардам берип иштеди. 1980-жылдары социалдык тармакта иштеп жүрүп, Шерман запкы көргөн балдарга жардам берүү ыкмаларынан көңүлү калып, аны өзгөртүү үчүн коомдук ишмердигин баштаган. Ал балдарды коргоо боюнча мамлекеттик башкармалыктын директору кызматына ээ болуп, ошондо саясий ишмердин кадыр-баркына жетти.
Көп жылдар бою Шерман Клинтондун администрациясында иштеп, министрдин саясий иштер боюнча орун басары болгон биринчи аял болуп калды. Бул аптада ал өзүнүн бардык күчүн, тажрыйбасын көрсөтүшү керек.
Аналитиктер айткандай, Россия менен сүйлөшүүлөр абдан оор болду, ошон үчүн Шерман негизги максаты- Европада согушту болтурбоо үчүн өзүнүн бардык дипломатиялык айлакерлигин колдонушу керек.

Дүйшөмбүдө Женевада ал Россиянын расмий адамдары менен, анын ичинде тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен жолугушту. Шаршембиде Брюсселде НАТОнун жолугушуусунда болду, эми бейшембиде Венада дагы бир жолугушуу турат.
Россия өзүнүн талаптарын коюуда: АКШнын расмий адамдары НАТО чыгышка жылбайт, Украинаны НАТОго кабыл албайт деген кепилдиктерди берсин деп жатат.
АКШ менен Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр азырынча туюкка кептелди. “Биз бекем турдук”,-деди Шерман Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин. - “Сүйлөшүүлөр татаал, узак, абдан кесипкөй, терең, конкреттүү болду, курч маселелердан буйтаган жокпуз”. (КС)












