Байдендин оюнча Путин Украинага “кол салат”

Украин аскерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШнын президенти Жо Байден орусиялык кесиптеши Владимир Путин Украинага “кол салат” деп ойлоп жатканын, бирок “толук кандуу согушту” каалабай турганын билдирди.

Орусиянын кийлигишүү коркунучу жөнүндө маалымат жыйынында суроо бергеде Байден: “Менин оюмча, ал кол салат, ал бир нерсе кылышы керек” деди.

Бирок ал Орусиянын лидерине Батышты “сыноодон өткөрүүнүн баасы олуттуу жана чоң” болорун айтып эскертти.

Москва кол салуу же бастырып кирүү планы жок экенин айтууда, бирок өзүнүн аскердик күчтөрүн тизип койду.

Украинанын чек арасына жакын жайда 100 миңдей аскердин жайгашканы болжолдонууда.

Басма сөз жыйынында айрым кабарчылар Байденге АКШ Украинага аз да болсо кийлигишеби деп сурашкан соң Ак Үйдүн расмийлери кийинчерээк АКШнын позициясын ачыктаган билдирүү жарыялашты.

Шаршемби күнү кечинде жарыяланган билдирүүдө Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки төмөнкүлөргө токтолду:

“Эгерде Орусиянын аскердик күчтөрү Украинанын чек арасынан өтө турган болсо, бул кайрадан бастырып кирүүгө жатат, ал АКШнын жана биздин Шериктердин ыкчам, катаал жана бирдиктүү жообун алат”.

Орусия Батыштагы мамлекеттерге көптөгөн талаптарды койду. Анын ичинде Украина НАТОго эч качан кошулбашы керек жана НАТОнун аскердик иш-аракеттери мүчө өлкөлөрдө, анын ичинде Польшада да, чектелиши керек деген талап да бар.

Өткөн аптада Батыш менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө бир чечимге келе алышкан жок. Москванын айрым талаптары маселенин башатына тиешеси жок деп четке кагылган.

Украинадагы орусиячыл өкмөт кулап, анын артынан Орусия Украинага караган Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялаган. Ошондой эле Москва Украинанын чыгышындагы Орусияга ыктаган козголоңчуларды өкмөттүк күчтөр менен болгон кандуу согушта колдогон.

Орусиянын күчтөрү бастырып кирип, бери эле дегенде 13 миң кишинин өлүмүнө жана жок эле дегенде эки миллион адамдын турак-жайын таштап кетүүсүнө себеп болгон жаңжал кайрадан курчуп кетеби деген коркунуч бар.

Путин “Батышты сыноодон өткөрөт”

Байденден Путиндин ниети жөнүндө көз карашын сураганда ал: “Ал Батышты сынайт деп ойлоп жатамбы? АКШ менен НАТОну колунан келишинче олуттуу сынайбы? Ооба, менин оюмча, ал ошону кылат. Бирок анын баасы олутту жана чоң болот” деп айтты.

“Эгерде ал кол салса, анда ал өмүрүндө көрбөгөн санкцияларды киргизем”, — деди Байден. Ал жазанын кандай болору кол салуунун масштабынан көз каранды болорун кошумчалады.

Украинада жаңжал чыгып кетүү ыктымалдыгы боюнча Байденден канчалык тынчсызданып жатканын сураганда ал: “Пландалган согуштан эң жаманы кокустан чыгып кеткени. Менин тынчымды алган нерсе анын көзөмөлдөн чыгып кетиши” деп жооп берди.

“Владимир Путин, толук кандуу өзөктүк согушту эске албаганда, дүйнөдө үстөмдүк жүргүзүү үчүн жакшы эмес абалда турганын түшүнүп турат деп үмүт кылам. Ал антип ойлойт деп ойлобойм, бирок бул тынчсызданткан нерсе”.

Жо Байден

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошондой эле ал эгерде Орусия кол сала турган болсо, НАТОдогу шериктештер бирдей көз карашта болуусу “өтө маанилүү” экенин айтты.

Байдендин айтымында, АКШ Орусия менен сүйлөшүүлөргө даяр жана Путин менен саммит өткөрүү “ыктымалдыгы” азыркы күнгө чейин бар.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жума күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушмакчы. Ага чейин Блинкен Украинага сапары менен барып, Европадагы шериктештер менен Берлинде сүйлөшүү жүргүзөт.

Киевде сүйлөгөн сөзүндө Блинкен Орусия Украинага “аз убакыттын ичинде” кол салышы мүмкүн экенин айтып, эгер кол сала турган болсо, анда аёосуз санкцияларга туш болорун кайрадан эскертти.

Байден жана НАТОдогу биримдик

Барбара Плет-Ашердин анализи, АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги кабарчы

Администрациянын расмийлери жана НАТОдогу шериктештер Байдендин НАТОдогу айрымачылыктар жөнүндө коомчулук алдында ачык айтканын жактырбашы мүмкүн. Коомчулукка чыккан маалыматтарда биримдик жөнүндө көп айтылчу.

Бирок президент анын астындагы жаракаларды ачыкка чыгарып, Путинге кол салуу боюнча уруксат берип жатабы деген суроолорго жем таштады.

Эми президент баары купуя билген нерсени ачык айтып койду. “Эмне болгонуна карап мамлекеттер эмне кылары боюнча айырмачылыктар бар. Эгерде Орусиянын күчтөрү чек арадан өтүп, украиналыктарды өлтүрсө, анда бул баарын өзгөртөт”. (EA)