Путин Батышка “ультиматумду” түшүндүрдү

Президент Путин эгер Батыш өлкөлөрү Украина боюнча позициясын өзгөртпөсө, Россия "тийиштүү аскердик-техникалык чараларды көрөт" деп эскертти. Анын Москвада Коргоо министрлигиндеги бул сөзү Украинанын жанында орус аскери топтолуп, кырдаал чыңалып турганда болду.

Путин

Сүрөттүн булагы, SERGEI GUNEYEV/TASS

Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын аймагында америкалык гиперүндүү ракеталар коюлуп, жергиликтүү экстремисттердин колуна америкалык куралдар берилет деп кооптонуп жатканын билдирди. Ал Батышта ультиматум деп кабыл алынган Россиянын АКШга сунуш кылган келишим долбоорун ушундай түшүндүрдү.

“Украинага гиперүндүү курал жеткиришет... Бул эртең эле колдонула калбайт, бирок ага жамынып коңшу өлкөдөгү экстремисттерди куралдандырып, Россияга каршы тукурушат”,-деди Путин Коргоо министрлигинин коллегиясында сүйлөгөн сөзүндө.

Москва АКШга жана НАТО өлкөлөрүнө сунуштаган коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө келишимдердин долбоорлорун мурда жарыялаган эле. Анда НАТОго чыгышка карай жылуудан жана Украинаны өзүнүн катарына кабыл алуудан баш тартуу сунушу каралган, аны юридикалык жагынан бекитип коюу керек деп жатат.

Батышта бул сунушту ультиматум деп кабыл алышты, анткени ал Украинанын чек арасында орус аскеринин ири бөлүктөрү топтолуп жатат деген кабарлар тарап жаткан учурда болду.

"Бул ультиматумбу же жокпу? Албетте, жок!" – деди Путин, бирок дароо эле АКШны Югославияны БУУнун Коопсуздук Кеңешинин уруксаты жок бомбалаган жана Ирак менен Сирияга басып кирген деп айыптады.

"Алар азыр Украинанын аймагында жасап жаткан же аракет кылып аткан, пландап жаткан иштери биздин улуттук чек арадан миңдеген километр ары жакта эмес, биздин үйдүн босогосунда болуп жатат”,-деди ал.

Путин Брюссель менен Вашингтонго жиберилген документтердеги Россиянын сунуштарын кайталады: “Биз конструктивдүү жана мазмундуу сүйлөшүүлөр болот, мөөнөтү такталып, бүткөн иш болот деп үмүт кылабыз”.

Келечектин куралы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"АКШда азырынча гиперүндүү курал жок, бирок биз билебиз ал качан болорун. Муну жашыра албайсың. Сыноолор ийгиликтүүбү же жокпу, анын баары жазылууда. Бул качан болору болжолдуу түрдө түшүнүктүү”,-деди Владимир Путин.

Кошмо Штаттарда гиперүндүү куралды иштеп чыгуу – эң артыкчылыктуу аскердик программанын бири. Дароо эле бир нече система иштелүүдө, анын ичинде гиперүндүү канаттуу ракеталар бар.

Бирок АКШ бул жагынан Россия менен Кытайдан артта калды, аталган өлкөлөр гиперүндүү аппараттардын сыноосун өткөрүп коюшту.

Россияда гиперүндүү “Циркон” ракетасынын сыноолору өткөрүлдү, аны учуруу ноябрда "Адмирал Горшков” фрегатынан болду, ал эми октябрда "Северодвинск” суу астындагы кемесинен учурушкан эле.

“Цирконду” аскер бөлүктөрүнө жеткирүү 2022-жылы башталарын коллегиядагы сөзүндө коргоо министри Шойгу айта кетти. Андан сырткары, Россияда гиперүндүү дагы бир курал “Авангард” иштелип жатат.

Кытайда гиперүндүү ракеталардын сыноосу августта болду. Анын кандай өткөнү белгисиз. Пекин аны космостук аппарат деп койду, бирок АКШнын штаб начальниктеринин бириккен комитетинин төрагасы генерал Марк Милли "Блумбергге" айткан сөзүндө бул чынында гиперүндүү ракета деп билдирди.

Гиперүндүү курал деп үндөн беш же андан көп эсе ылдам учкан ракеталарды жана башка куралдарды аташат. Мындай ылдамдыкта учкан объектти атып түшүрүү кыйын, анткени убакыт жетпейт, экинчиден маневр деңгээли жогору.

Циркон

Сүрөттүн булагы, RUSSIAN MOD/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак деңиздин акваториясында гиперүндүү "Циркон" ракетасынын сыноо учуру

"Белгилүү чыңалуу "

Украина менен чек арада аскер топтолуп жатканын Путин коллегия убагында айткан жок. Бирок ал бул жөнүндө андан мурда ТИМдеги жыйында сөз кылган болчу.

18-ноябрдагы митингде Путин батыштагы чек арада кереги жок конфликт баштап жиберишпесин үчүн чек арада “белгилүү чыңалууну” мүмкүн болушунча көбүрөөк кармоо керектигин айткан эле.

Путин бул темага 1-декабрда Кремлде элчилер ага ишеним грамотасын тапшырып жаткан убакта дагы кайрылып, “НАТОнун чыгышка жылышына жана коркунуч туудурган куралдарды жайгаштырышына бөгөт болгон конкреттүү макулдашууларды" иштеп чыгууга аракет токтобой турганын убада кылган.

Орус аскеринин концентрациясы жөнүндө эл аралык басма сөздө ноябрдын башында жаза башташкан эле. Аскердик техниканын Смоленск областында топтолуп жатканын Politico жазды, башка газеталарда дагы ушундай темадагы макалалар жарыяланды.

Ал эми украиналык аскерлер түрктөрдөн алган “Байрактарды” Донбасстагы куралдуу топторго каршы биринчи жолу колдонгон эле. Украин тараптын маалыматы боюнча дрон ракеталык сокку менен артиллериялык куралды жок кылганын кабарлаган.

Аскердин топтолушун Батыш тарапта Россиянын Украинага каршы согуш баштоого даярдык көрүп жатканы деп кабыл алынып, эл аралык чыңалууга алып келди. Бул Путин менен Байдендин өзүнчө сүйлөшүүлөрүнүн темасы болду. Байден өз кезегинде эгер Россия Украинага басып кирсе, Батыш “катаал экономикалык жана башка чараларды” көрөт деп эскертти.

Декабрдын башында Улуу Британиянын коргоо штабынын башчысы адмирал сэр Тони Радакин дагы Россия Украинага каратып туруп кол салса, анын кесепети Европа экинчи дүйнөлүк согуштан бери көрө элек деңгээлде болот деп эскертти.

"Ошентип, Россия менен Батыш Украинадагы кырдаалга таптакыр башкача карашууда. Киев жана батыш өлкөлөрү аннексияланган Крымда жана Украина менен чек арада орус аскерлеринин көбөйүшү кол салууга даярдык дешет. Алар Россиянын Крымдагы, Украинанын чыгышындагы жана Грузиядагы агрессиясын мисал келтирүүдө.

Россия мындай пландарды четке кагууда. Москва өз кезегинде Украинанын НАТОго киришин коркунуч катары карап жатат. Украина – НАТОнун өнөктөшү. Анын толук кандуу мүчө болушуна али көп бар. Бирок НАТО Россиянын буга тыюу салышын каалабайт. Ошентип, тирешүү уланууда: эскертүүлөр көп, ишеним аз, сүйлөшүүгө жаңы гана аракеттер башталууда",-дейт Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Дэнни Эберхард. (КС)