Орусия Украинаны басып алууга камынып жатабы?
Пол Кирби, BBC News

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинада согушка даярдык көрүп жатабы? Бул суроо Батыштагы лидерлердин арасында жана Украинада тынчсызданууга себеп болду.
Жети жыл мурда эле Орусия түштүк Украинанын бир бөлүгүн тартып алып, чыгыштагы чоң аймакта жаңжал чыгарган жикчилдерди колдогон.
Орусия аскердик чара көрө турганын айтып коркутуп жатат. АКШ эгерде Орусия бастырып кире турган болсо, болуп көрбөгөндөй масштабда санкцияларды киргизерин айтууда. Өзү эмне болуп жатат?
Украина кайда?
Украина Европа Биримдиги менен дагы, Орусия менен дагы чектеш жайгашкан. Бирок мурдагы советтик өлкө катары Украинанын Орусия менен терең социалдык жана маданий байланыштары бар. Орус тили да кеңири колдонулат.
Орусия көптөн бери Украинанын Европа институттарын көздөй кадамдарына каршылык көрсөтүп келет.
Украиналыктар орусиячыл президентин 2014-жылы бийликтен кулатканда Орусия Украинанын түштүгүндөгү Крым жарым аралын тартып алып, Орусиянын колдоосуна ээ болгон жикчилдер Донбас деген ат менен белгилүү болгон Украинанын чыгышындагы эки аймакты басып алышкан.
Азыр эми Москва өзүнүн кошунасы Батыш альянсына (НАТО) эч качан кошулбоосун көздөп жатат.
Чын эле бастырып кирүү коркунучу барбы?
Ошол чыгыш аймактардагы жаңжал ушул күнгө чейин уланып жатат. Украинанын айтымында, жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактагы фронтко Орусия танкаларды, артиллерия жана снайперлерди жөнөткөн. Бирок кабатыр кылган нерсе — Украинанын чек арасынын сыртындагы Орусиянын күчтөрү. Батыштагы чалгын кызматтарынын баасы боюнча, алардын саны 100 миңге чейин болушу мүмкүн.
Коркунучтун болору же Орусиянын президенти Владимир Путин бастырып кирүү боюнча чечим кабыл алганы сезилген жок. Бирок эгерде ал айткандай Батыштын агрессивдүү мамилеси улана берсе, анда “жооп иретинде тиешелүү аскердик-техникалык чаралар” жөнүндө сөз козгогон.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков эскерткендей, чыңалуу 1962-жылдагы Кубадагы ракета кризисине окшогон кырдаалга жеткириши ыктымал. Анда АКШ менен Советтер Союзу өзөктүк чыр-чатактын босогосунда туруп калышкан болчу.

Батыштагы жана Украинанын чалгын кызматтарынын ою боюнча, бастырып кирүү 2022-жылдын башында болуп калышы ыктымал.
АКШнын чалгын кызматынын айтымында, Орусиянын 175 миңдей аскери январда тартылышы мүмкүн. Борбордук чалгын кызматынын (CIA) директору Уилям Бөрнс президент Путин “радикалдуу түрдө аракетке өтө турган жерлерге Орусиянын аскерлерин жана коопсуздук кызматтарын коюп жатат” деп эсептейт.
Бул Орусиянын короосунан НАТО күчтөрүн жөн гана алыстатуу үчүн көрүлгөн аракет да болушу мүмкүн.
Мындай кырдаалга мурда да, быйыл апрель айында күбө болгонбуз. Ал кезде Орусия кичирээк масштабдагы аскердик аракеттерди окутуу деп гана тим болуп, кийин аларды кайтарып кеткен (бирок айрым эксперттер аны жарым жартылай артка чегинүү болгон деп эсептешет).
Президенттер Жо Байден менен Владимир Путин 7-декабрда видео аркылуу байланышып, чыңалууну басаңдатууга аракет кылышкандай болушту. Бирок анын эч кандай белгиси байкала элек.
Орусия эмне деп жатат?
Башында Орусия Крымдагы жана Украинанын чыгышынан алыс эмес жердеги куралдуу күчтөрдүн спутниктен тартылган сүрөттөрүн паникалык деп сүрөттөгөн. Куралдуу күчтөрдүн башкы командири Валерий Герасимов “маалымат каражаттарында тараган Орусия Украинага бастырып кирүүгө даярданып жатыптыр деген маалыматтар жалган” деп айтканы бар.
Бирок андан бери Путин “жооп иретинде тийиштүү түрдө аскердик-техникалык чараларды көрөрүн жана душмандык аракеттерге катуу реакция кыларын” айтып коркутуп келет.

Сүрөттүн булагы, EPA
Москва Украинаны армиясынын жарымын - болжолдуу 125 миңдей кишини - чыгышка жайгаштырганын айтып айыптап келет. Ал Киевди Орусиянын колдоосуна ээ болгон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарга кол салууну пландап жатат деп билдирген. Украина болсо бул Орусиянын өзүнүн эле пландарын жаап жашыруу үчүн “болбогон пропагандадан” бөлөк эч нерсе эмес деген.
Орусия НАТОго кирген мамлекеттерди Украинага курал-жарактарды “толтуруп жатат” деп да айыптаган. Чыңалууга жеткирип жатат деп АКШны күнөөлөгөн Путин Орусияга “андан ары чегингенге болбосун, бизди кол куушуруп эле карап отурат деп ойлоп жатабы?” деп билдирген.
Орусиянын жооп иретиндеги билдирүүсү аскердик аракеттерге негиз болушу ыктымал.
Орусиянын Федерациялык кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетиндеги экинчи киши Владимир Джабаров жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактагы 500 миңдей украин орус паспортун алганын декабрдын башында айткан эле. Эгерде козголоңчулардын жетекчилери Орусияга жардам сурап кайрылса, “биз, албетте, өз жарандарыбызды таштап кете албайбыз” деген ал.
Орусиянын каалаганы эмне?
Путин Батышка Орусиянын Украинадагы “кызыл чектеринен” өтпөө боюнча эскертти. Ал эмне болгон кызыл чектер?
Алардын бири — НАТОнун кулачын чыгышты көздөй кеңейүүсүнө жол бербөө. Бул Украина жана Грузияны камтыйт.
Ошондой эле, Орусия НАТОнун Чыгыш Европада аскердик иш-аракеттерин токтотуусун каалайт. Демек, Польша менен Эстония, Латвия жана Литва сыяктуу Балтика өлкөлөрүнөн согуштук күчтөрдү чыгарып кетүү керек. Андан тышкары, Польша жана Румыния өңдүү мамлекеттерде ракеталарды колдонбоо да бар.
Кыскасы, Москва НАТОнун 1997-жылга чейинки чектерге кайтып барышын каалайт. Путиндин айтымында, Орусия кан төгүүнүн алдын алууну көздөөдө жана кырдаалдан дипломатиялык жол менен чыгуунун ыкмасын издөөдө. Бирок мындай аракеттин ишке ашары күмөн.

Чыгыш Украинада Орусия колдогон күчтөргө каршы Украинанын түрк дрондорун колдоно баштаганына Орусиянын эбак эле тынчы кете баштаган. Андан тышкары, Кара деңиздеги Батыштын аскердик машыгуулары да Москванын тынчын алган. Киевге АКШнын аскердик колдоосу, Путиндин көз карашы боюнча, “биздин үйүбүздүн босогосунда” орун алууда.
2021-жылдын июлунда Орусиянын лидери Кремль вебсайтында чоң маалымат жарыялады. Анда Путин орустар менен украиндерди “бир эл” деп атап, Украинанын азыркы башчыларын “Орусияга каршы долбоор” деп белгилеген.
Чыгыш Украинадагы жаңжалды токтотууга багытталган 2015-жылдагы Минск тынчтык келишими ордунан жылбаганына дагы Москванын көңүлү калган. Жикчилдер турган аймактарда шайлоого көз карандысыз мониторинг жүргүзүү боюнча дагы дале макулдашуу ишке аша элек. Көпкө созулган чыр-чатакка Орусия тиешеси жок экенин айтып келет.
НАТО Украинага кантип жардам берүүдө?
НАТОнун Батыштагы аскердик альянсы коргонуучу мүнөзгө ээ. Уюмдун башкы секретары Йенс Столтенберг бардык аскердик колдоо ошол багытта берилерин ачык айткан.
Британия эки деңиз аскердик базасын куруу боюнча Украинага жардам берейин деп жатат. Бир база Кара деңиздеги Очаков жергесинде, экинчиси Азов деңизиндеги Бердянскта. АКШнын Найза (Javelin) аттуу танкаларга каршы ракеталары жана АКШнын деңиз аскердик флотунун эки кайгуул кемеси Украинага берилген.
Орусия Украинаны НАТОго киргизбөө үчүн көшөрүп турган чакта украин президенти Владимир Зеленский альянстан так мөөнөттү күтүп жатат.
“Украина качан альянска кошуларын чечүү Украина менен 30 [НАТО] шериктешинен көз каранды”, - деди Столтенберг. Орусия “ал процесске кийлигишүүгө акысы да жок, тыюу да сала албайт”.
Украина үчүн Батыш кандай кадамдарга бара алат?
АКШ Украинага өзүнүн “суверендүү аймагын” коргоого жардам берүүгө даяр экенин ачык билдирди. Президент Байден эгерде Украинага кол салуу болсо, анда “эч ким көрө элек” чараларды киргизерин айткан.
Бирок ал АКШнын күчтөрүн бир тараптуу эле колдонуу “сөз болбогонуна” басым жасады.
Украина коргонууга өзү жалгыз даярданып жатканын айтат. “Бул согушка өзүбүз катышабыз”, - деди тышкы иштер министри Дмитро Кулеба.
Украина боюнча Орусиянын “кызыл чектерин” АКШ таануудан баш тарткан чакта деле чоң державанын “бекем экономикалык жана башка чаралары” Киевге канчалык жардам бере алат?

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Батыштын арсеналындагы эң чоң шайман санкциялар жана Украина аскерлерин колдоо болушу ыктымал. Британиянын тышкы иштер министри Вики Форддун айтымында, британ расмийлери коргонуу боюнча колдоосун көбөйтүүнү ойлонуп жатышат.
Ал эми экономикалык чараларга келсек, эң чоң шайман Орусиядагы банк системаларын эл аралык Свифт (Swift) төлөө системасынан үзүп коюу менен коркутуу болушу мүмкүн. Бул ар дайым эң акыркы колдонула турган чара катары кабыл алынып келет, бирок Литва бул Москвага катуу чарадан кабар берерин айтат.
Орусиянын Норд Стрим 2 газ курун Германияда ачууга жол бербөө аркылуу дагы бир сес көрсөтүшү мүмкүн. Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок эгерде Орусия тараптан чыңалууга жол берилсе, анда “газ куру ишке берилбеши мүмкүн” экенин ачык айткан.
Ошондой эле, Орусиянын түз инвестициялык фондуна же банктарга каршы чаралар киргизили ыктымал. Анда рублди башка валютага алмаштырууга чектөө коюлуп калат.
“Чоң жетиликке” (G7) кирген өлкөлөр Орусия Украинага каршы аракеттерге барса, анда жооп иретинде анын “кесепети чоң болорун жана катуу чыгашага” туш болорун Орусияга айтып эскертип келет. (EA)








