Орусиянын көп сандагы аскерлери дагы деле Украин чек арасына жакын турат

Крымдагы орус аскерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен шаршемби күнү кечинде Киевге келип, Украинага колдоо көрсөттү.

Ал ортодо New York Times менен Wall Street Journal басылмалары НАТОдогу булактарына таянып, Орусия дагы деле көп сандагы аскерлерин Украин чек арасына жакын аймакта кармап турганын маалымдады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 23-апрелден баштап Түштүк аскер округундагы машыгууга катышкан күчтөрдү аскер бөлүктөрүнө кайтаруу тууралуу буйрук берген. Киев менен Батыш өлкөлөрү Орусиянын аскер күчтөрүн топтоп жатканынан чочулап, кырдаал курчушунан кооптонуп жаткан эле.

Бирок New York Times гезити чек арага жакын аймакта 80 миң орус аскери жана аскердик техника бар экенин кабарлады.

Госсекретарь США Энтони Блинкен на трапе самолета в киевском аэропорту Борисполь 5 мая 2021 года

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага келди

Wall Street Journal аскер бөлүктөрү 1-майга чейин базаларга кайтып келиши керек эле деп маалымдады. Бул боюнча басылма Орусиянын Коргоо министрлигине кайрылган, бирок жооп алган эмес.

НАТО уюму шейшемби күнү Албанияда Defender Europe (Европаны коргоо) аттуу аскердик машыгууларын баштады. Ага НАТО уюмуна кирген мамлекеттердин 28 миң аскери катышууда. Машыгуулар эки айга созулат. Июнь айында Румыния менен Португалияда Steadfast Defender 21 аттуу аскердик машыгуулар дагы өтөт.

Таманская мотострелковая дивизия на учениях на полигоне Алабино

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Албаниядагы аскердик машыгуулар

Батыштын басылмалары Орусия чек арада көп сандагы аскерлерин кармап, НАТО уюмуна өз кубатын көрсөтүп жатат деген пикирде.

Апрелдин башында АКШ жана бир катар европалык өлкөлөр орусиялык күчтөрдүн Украина чек арасына жакын жерге топтолуп жатканына кабатырлануусун билдирген. Бирок аскер күчтөрү топтолуп жатканы тууралуу кабарлар коомдук сайттарда марттан баштап эле тарай баштаган.

Аскер иштери боюнча талдоочулар Орусиянын аракеттерин Украинага бастырып кирүү катары түшүнбөш керек деген пикирде. Себеби Москва саясий максатты көздөгөн жүрүш болушу мүмкүн деп айтышкан.