Орусия - Украина: Путин Донбасстагы согуш зонасын геноцидге салыштырды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы кырдаалга байланыштуу риторикасын катаалдаштырып, өлкөнүн чыгышындагы согушту геноцидге окшош деп билдирди.
Орусия колдогон козголоңчулар ал жерде 2014-жылдан бери украин аскерлери менен салгылашып жатат жана Орусия чек арага аскерлерин топтогондон кийин чыңалуу күчөдү.
Ал ортодо АКШ президенти Жо Байден украиналык кесиптешине телефон чалып, Владимир Путин менен болгон акыркы сүйлөшүүлөрдү талкуулады.
Орусия Украинага басып кирүүнү пландап жатат деген кооптонуулар бар, Орусия муну четке кагууда.
Шейшембидеги Байден менен Путиндин видео байланышы чыңалууну басаңдатуу аракети катары бааланды.
Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Кремлди коңшусуна кайрадан дагы кол салса, катаал санкциялар болорун эскертти.
Орусия Украинаны чагымчылдык үчүн айыптап, НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишине каршы экенин жана Орусияга жакын жерде курал-жарагын жайгаштырбоосу керек деген кепилдик сурады.
Украинанын бийликтери Москва январдын аягында аскерий чабуул жасоону пландап жатышы мүмкүн деп айтышкан, бирок америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, президент Путин мындай чечим кабыл алдыбы же жокпу азырынча белгисиз.
"Русофобия"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Орус президентинин бейшемби күнкү билдирүүсү Орусиянын чегинен тышкары жерлерде орус тилдүүлөрдү дискриминациялоо маселесин чечүүгө багытталган, алардын көбү Украинанын чыгышындагы Донбасста жашайт.
Ал Русофобия геноцидге карай биринчи кадам экенин айтты.
"Биз Донбасста эмне болуп жатканын көрүп жатабыз жана билебиз," - деди ал жаңжал аймагы тууралуу кайрылып. "Бул, албетте, геноцидке окшойт."
Байден мырза Украинанын президенти Владимир Зеленскийге бир жарым сааттык телефон чалуу учурунда, эки күн мурда Путин менен болгон сүйлөшүүсү жөнүндө маалымат берди.
Эки лидер "Украинанын айланасындагы коопсуздук кырдаалды жана тынчтыкты орнотууну активдештирүү жолдорун талкуулашты", - деп айтылат Украина президентинин билдирүүсүндө.
Байден мырза Орусиянын чек арасына жакын жайгашкан НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен да сүйлөштү.
Украинанын чек арасына жакын жерде 90 миңден ашуун орус аскери топтолгон деп болжолдонууда. Бул аракеттер Орусия менен АКШнын ортосундагы ансыз да чыңалган мамилени курчуткан.
Орусиянын аскерий күчтөрүнүн соңку түзүлгөн чоң бөлүгү Орусия Украинадан тартып алып, 2014-жылы аннексиялаган Кара деңиздин жарым аралы болгон Крымга туура келет.
Донбасска жакын жерде да аскерлер топтолууда.
Орусия колдогон күчтөр Украинанын чыгышындагы ири аймактарды басып алгандан берки жети жылдык кагылышууда 14 миңден ашуун адам каза болду. (DO)







