Украинада согуш башталганын кантип билебиз?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баары эле Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украина боюнча ниети кандай болду экен деп ар түрдүү жоромолдорду айтып жатышат. Жаңжалдын бир чети көрүнүп калды деп коркуп АКШ элчиликтеги кызматкерлерин чыгарып кете баштады. Бирок балким ал эбак эле башталып калган болуп жүрбөсүн деп жазат коопсуздук жана коргоо боюнча эксперт Жонатан Маркус.
Орусия менен Украинанын ортосунда толук кандуу согуш чыгып кетиши мүмкүн деген темалар маалымат каражаттарында үстөмдүк кылууда.
Белгилүү эле суроолорду берип жатышат. Орусия кол салабы? Владимир Путин эмне болсо да согушайын деп турабы? Же болбосо дипломатия тынчтыкты камсыздай алабы?
Бирок биз Путиндин оюнда эмне бар экенин биле албайбыз.
Ошондуктан дагы бир суроо пайда болот: аскердик аракеттер башталып кеткенин кантип билебиз?
Танктар менен ракеталар
Жообу ачык эле белгилүү болуп калгандай.
Орусиянын көптөгөн танктары Украинанын чек арасынан өтсө же Украинанын турган жерлерине массалык ракеталык же аба аркылуу чабуул уюштурулса, демек бул кырдаалдын курчуп кеткенин жана жаңжал жаңы баскычка чыкканынан кабар берет.
Алгачкы коңгуроону Украинанын аскерлери кагып чыгат, бирок Батыштын спутниктери менен чалгындоочу учактары баштала турган чабуул боюнча даярдыктарды алдын ала билиши мүмкүн.
Балким кол салуунун жакындап калганы боюнча ачык эле белгилер пайда болушу мүмкүн экенин айтат Майкл Кофман. Ал АКШдагы Center for Naval Analyses аттуу борбордо Орусиянын аскердик күчтөрү боюнча эксперт болуп иштейт.

Анын айтымында, белгилердин арасында “аскерлерди куроо” да бар. Анткени чек арага жакын аймактарга аскерлер эмес, оор жабдуулар жайгаштырылган. Дагы башка белгилери “күчтөрдү таратуу, материалдык-техникалык камсыздоо менен колдоонун келиши, бекитилген жана айланып турган авиация тармагындагы өзгөрүү” болушу мүмкүн.
Бирок бул суроого башка жол менен да жооп берүүгө болот. Ал үчүн биз артка бир кылчайып, Орусиянын Украинага каршы өнөктүгүнө баштан аяк көз жүгүртүп чыгышыбыз керек болот.
Москвага жеткиликтүү болгон нускаманы толугу менен карап, анын кандай колдонулуп жатканына баа беришибиз керек. Ушул өңүттөн алып караганда, сиз “жаңжал башталып кеткенин кантип билебиз?” деп сурай турган болсоңуз, анда жооп “ал эбак эле башталган” болушу мүмкүн.
Согуштук аракеттер көп жылдардан бери эле жүрүп келатат.
Аскердик басым
Азыркы турган жерибизден баштайлы.
Орусия эбак эле Украинага караган Крымды басып алган жана Донбас аймагындагы Киевге каршы жикчил топторго практикалык колдоо көрсөтүп келет.
Чындыгында 2014-жылы Орусиянын бронотехникалык жана механикалык бөлүктөрү болбогондо орусиячыл козголоңчулар Украинанын күчтөрүнө туруштук бере алмак эмес.
Ошондон бери салгылаш анда-санда чыга калып уланып келатат. Бардык тараптар ал жерде эл аралык тынчтык орнотуу аракеттерин колдогонун айтканы менен бирок байкаларлык жылыш болгон эмес.
Күч колдонуу коркунучу
Андай басымдан тышкары ири аскердик күч колдонуу коркунучу да бар.
Украинанын чек арасынын айланасында Орусиянын согуштук курамынын жайгашуусу адаттан тыш көрүнүш. Ошондой эле Беларуска да болуп көрбөгөндөй аскердик күчтөр тартылды. Украина менен Беларус да чектеш. Беларустан Украинанын борбору Киевдин өзүнө жакыныраактан чабуул коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Орусиянын өкүлдөрү күчтөрдүн мындай жайгашуусун эч кандай коркутуу эмес, машыгуу деп атоодо. Бирок анын масштабы, тартылган бөлүктөрдүн табияты, бара-бара келип жаткан жабдуулар менен башка “көмөкчү каражаттар” жөнөкөй маневр эмей эле бөтөнчө аракет экенине ишарат кылууда.

Аналитиктер аскердик күчтөрдүн жайгашуусун жарандык спутник сүрөттөрүнүн жардамы менен байкашкан. Интернетте телефонго тартылган көптөгөн видеолор пайда болуп, анда жабдууларды поезд менен Украинага же Беларуска алып баратканын көрүүгө болот. Социалдык тармактагы маалыматтар менен ташылып бараткан бөлүктөрдү салыштыра келгенде эмне болуп жатканы абдан жакшы түшүнүктүү болууда.
Москва эмне дебесин Украинага жана анын Батыштагы досторуна тынчсызданууга себеп бар.

Москванын “жомогу”
Москванын колундагы дагы бир шайман — нарративге таасир этүү аракети.
Бир жагынан Орусия согушка даярданбаганын айтып жатат, бирок анын аракеттери башка нерсени көрсөтүүдө. Бирок эң эле маанилүүсү — анын айтып бере турган “жомогу” бар. Ал “Украина жабыр тартпай эле, чын-чынында Орусия коркунуч алдында турат деген” нарратив.
АКШга өткөрүп берилген документтердин маңызы да ушунда. Ал НАТОнун кулач жайышын токтотуп, аны кандайдыр бир деңгээлде артка кайтарууну жана Москвага жаңы таасир чөйрөсүн түзүүнү көздөйт.


Бирок ал нарративдин башка максаты да бар. Ал “жомокту” Орусия Украинадагы кризисти талкуулаганда өзүнүн позициясын калыптандыруу үчүн колдонот. Ал талкууга Батыштагы өлкөлөр же орус жарандары эле эмес, бул макаланы окуп жана жазып жаткан сиз жана мен да катышабыз.
Орусиянын расмийлери эмне гана дебесин бардык калыс жана так көз карандысыз анализдерге ылайык, Орусия Украина менен согушка даярданууда.
Бүлгүн
Орусиянын нускамасында башка мүмкүнчүлүктөр дагы бар. Кибер чабуул жана бүлгүн, мисалы. Украинага каршы биринчиси жасалып келген. Бир апта мурда эле бир нече өкмөттүк веб сайт бузулуп иштебей, чабуул кайдан келгенин аныктай алышкан эмес.
Жакында эле Британиянын өкмөтү Москва Киевде жаңы өкмөттү түзүү үчүн адамдарды тандап койгону боюнча далили бар экенин айтып чыккан. Кандай гана күмөндөр болбосун андай аракеттерде Москванын колу бар экенин тастыктаган далил келтирилген эмес.
Майкл Кофмандын айтымында, кибер чабуул Орусиянын кол салуу аракетинин эң маанилүү бөлүгү болушу мүмкүн. Анткени алар чечүүчү инфраструктураны аксатып, Украинанын аскердик күчтөрдү багыттоо жөндөмүн үзгүлтүккө учуратат.
Согуш менен тынчтыктын ортосундагы бозоргон чек
Орусия Крымды тартып алган кезде биз “гибриддик” жана “боз аймактагы согуш” жөнүндө көп укканбыз. Белгилүү бир аскердик өзгөчөлүгү жок, бирок форма кийгендердин операциялары да четке кагылган.
Бирок ал аскерлердин ким экени боюнча эч кандай деле күмөн болгон эмес. Крым кандайдыр бир сырдуу жол менен чечмелеп олтурбай эле эски аскердик ыкма менен тартылып алынган.
Азыр биздин алдыбызда турган көрүнүш — “боз аймактагы согуштун” өзөгү, согуш менен тынчтыктын ортосундагы бозоргон чек.

Биз Батышта кырдаалга башкача карайбыз.
Бирок Орусиянын аскери татаал доктринаны иштеп чыккан. Алар согуш менен тынчтыкты бир континуум катары көрөт. Анын ар кайсы баскычында ар түрдүү шаймандар, кээде биринин артынан экинчиси, кээде чогуу колдонулуп турат. Бирок бир эле стратегиялык максатты көздөйт.
Ошондуктан бул жаңжал эбак эле башталган деп айтууга негиз бар. Бир эле суроо турат: Путин “бозоргон аймак” континуумунда качанга чейин жүрөйүн деп жатат? (EA)
Жонатан Маркус Би-Би-Синин коргоо жана дипломатия боюнча мурдагы кабарчысы. Ал Эксетер университетинин Стратегия жана коопсуздук институтунун ардактуу профессору







