Путинге санкция салынса, БУУда хаос башталат

АКШнын президенти Жо Байдендин Россия Украинага кол сала турган болсо, анда Владимир Путиндин жеке өзүнө санкция киргизүү жөнүндө билдирүүсү чоң талкуунун чордонунда турат.

Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Батыш өлкөлөрү өкмөт же өлкө башчыларынын жеке өзүнө санкция салган учурлар мурда да болгон. Мындай санкциялар убагында Зимбаведен Роберт Мугабеге, Сирия президенти Башар аль Асадка, Ливиянын башчысы Каддафиге салынган. Бирок залимди жазалоо бир маселе, ал эми региондогу ири державанын лидерин жазалоо - башка маселе,-дейт Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы Джеймс Ландейл.

"БУУнун Коопсуздук Кеңшинин туруктуу мүчөсүнүн башчысына каршы жүрүш – буга чейин боло элек дебесек да, бул сейрек учур. Бул БУУда хаоско алып келиши мүмкүн.

Путинге каршы санкция салуу башка маселелер боюнча кызматташтыкты кыйчалыш жолго салып коюшу мүмкүн. Мисалы, Иран менен өзөктүк макулдашууну жандантуу үчүн Батышка анын жардамы керек. Эгер Путин санкцияга түшсө, бул колдоо болбой калат.

Бул ошондой эле эл аралык кризистерди талкууланганда Путиндин Батыш лидерлери менен жолугушуусуна тоскоолдук алып келет. Ал Женевага келе албай калышы же Батыш лидеринин Москвадагы жолугушуусу мыйзамсыз болуп калышы мүмкүн.

Путинге каршы санкциялар президент Путинди анын мекенинде популярдуу кылып жибериши да турган иш. Мугабе өзүнө салынган санкцияларды шайлоо убагында активдүү пайдаланбады беле. Санкциялар техникалык жагынан иштебей коюшу ыктымал.

Россия боюнча эксперттер Путиндин байлыгынын чоң бөлүгү анын ишенимдүү адамдарынын колунда экенин айтууда. Андан башка эл аралык саясат деген бар.

Санкциялар көп эле колдонулат, бирок аны союздаштар менен жасаган жакшы. Ошол эле убакта орус лидерине каршы жеке санкция салууга Европада бир добуштан колдоо алыш кыйын болот".

карта

АКШ Европадагы коопсуздук кепидиктери жөнүндө Россиянын сунуштарына өзүнүн жообун жазуу түрүндө бергенин билдирүүдө. Анда Россиянын талаптары четке кагылып, бирок башка дипломатиялык чаралар сунуш кылынганы кабарланды.

Россия өз кезегинде АКШ менен башкаларды “кырдаалды курчутуп жатат” деп күнөөлөп, Украинага кирүү планы жок экенин айтууда. Бирок Москва чек арага жакын аймакка 100 миңдей орус аскерин топтоп койгону белгилүү.

Пентагон, эгерде Россия Украинага басып кире турган болсо, анда АКШнын күчтөрү Европага тартылат деп жатат

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пентагон, эгерде Россия Украинага басып кире турган болсо, анда АКШнын күчтөрү Европага тартылат деп жатат

Москва НАТО чыгышка жылбасын, Украина менен Грузия НАТОго алынбасын деген деген кепилдиктерди талап кылууда. Батышта бул талапты ультиматум деп четке кагып, НАТОнун эшиги ачык болот деген позицияда турат. Россиянын өзү койгон талаптарын Европадагы коопсуздуктун жаңы архитектурасы деп атоодо.

Январдын ортосунда Россия Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана НАТО менен коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. (КС)

АКШ, Улуу Британия, НАТО, Евробиримдик Украинаны Россиянын агрессиясынан коргоп кала турганын байма-бай билдирүүдө.

Сүрөттүн булагы, FUTURE PUBLISHING

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ, Улуу Британия, НАТО, Евробиримдик Украинаны Россиянын агрессиясынан коргоп кала турганын байма-бай билдирүүдө.