Эмне үчүн Германия Украинага курал-жарактарды бербейт?
Женни Хилл, Би-Би-Синин Берлиндеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинага Германиянын курал-жарактарды бербей жатканы айрым шериктештерин кыйын абалда калтырып, кыжырын келтирди. Бирок Европанын эң күчтүү өлкөсүнүн мындай кадамга баруусунун тарыхый жактан татаал себептери бар.
Берлиндин чыгыш жагында жайылган жашыл түздүк орун алган. Анын топурагы коркунучтуу окуяларды эске салып турат.
Дыйкандар жерди айдап жатканда темирдин мийизи адамдардын сөөктөрүнө, курал-жарактарга такалып калат. Алар Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы эң ырайымсыз кармаштын калдыктары.
1945-жылдын жаз айлары эле. Гитлер Берлиндеги бункерде жашынып жаткан, анын аскерлери болсо артка чегинген. Советтик күчтөр чыгыш жактан түздүк менен илгерилеп, бирок алардын жогору жагында Зелов деген дөңсөдөн фашисттер коргонуучу абалга келтирилген болчу.
Көпчүлүктүн айтканына караганда, ал баткактагы баш аламан кандуу кармаш болгон. Советтик аскерлер акыры басымдуулук кылып, согуштун аякташын тездетишкен. Бирок болжолдуу саны 30 миңге чейин жеткен советтик аскерлер набыт болушкан.
Зелов дөңсөсүндөгү мемориалдык комплексти зыярат кылуу көптөгөн германиялыктардын эсине өлкөнүн тарыхы терең сиңип калганын түшүнүп жетүү менен барабар. Ошондой эле 20-кылымдагы үрөй учурган окуялар өлкөнүн азыркы тышкы саясатына таасир эткенин аңдап түшүнүүгө жардам берет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Германия Украинага курал-жарактарды жибербей жатканынын себептеринин бири да ушул. Ал жактагы саясатчылардын курч реакциясын жаратты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал жалпысынан алганда пацифисттердин өлкөсү.
Жыл сайын жүргүзүлгөн сурамжылоо көпчүлүк германиялыктар чыр-чатакты чечүүнүн мыкты жолу дипломатиялык соодалашуу деп эсептерин көрсөткөн. Германиянын күчтөрү тынчтык орнотуу миссияларынан башка иштерге өтө сейрек аралашат. Айрым гана учурларда, мисалы, 90-жылдары Балкандагы жана жакынкы эле өтмүштө Афганистандагы миссиясы карама-каршылыктар менен коштолгон.
Тагдырдын тамашасыбы, айтор, Германия дүйнөдө курал-жарактарды эң көп экспорттоочулардын бири (бирок курал-жарак өндүрүшү боюнча АКШ менен Орусиядан бир топ эле артта). Өлкө курал-жарактарды кайда жөнөтөрүн катуу көзөмөлдөйт. Ал тургай Ангела Меркелдин тушунда дагы өкмөт аталган эрежени карманбай жатат деп айыпталып турган.
“Германия кандай гана аскердик жаңжал болбосун эч бирине аралашпоо боюнча узак убакыттан берки саясаты бар. Куралдарды экспорттоо чыр-чатакты басаңдатпай, кайра курчутуу катары кабыл алынат”, — дейт Германиянын Маршалл фондунун өкүлү Томас Кляйне-Брокхофф. “Ушул көптөн берки саясатка ылайык, Германия жаңжал болгон аймактарга курал-жарак экспорттобойт”.
Түндүк Иракта “Ислам мамлекети” аттуу топ менен согушкан Пешмерга аскерлерин курал менен камсыздоо үчүн Германия аталган саясаттан бир аз алыстап кеткен. Бирок Украинадагы абал башкачараак дейт ал. Анын себеби тарых, анын себеби фашисттердин Украинада жана Орусияда миллиондогон адамдарды өлтүргөнү.
“Германиянын тиешеси болгон кандуу жерлерге куралдарды экспорттоо, кандуу жердин башка бөлүгүнө каршы… кандуу жердин бир бөлүгүн курал-жарактар менен жабдуу… Германиянын саясий чөйрөсүндө каргыш тийген тема”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын чек арасындагы кырдаал Германиянын жаңы коалициялык өкмөтүн сыноодо.
Германиянын азыркы канцлери Олаф Шолц эң чоң кыйынчылык коронавирус болот деп ойлогон болушу ыктымал. Азыр ал өлкөсүн жаңы, жырткычтардыкындай абалга келтирүү үчүн өзүнүн эл аралык шериктештеринин басымы астында турат.
Анын өкмөтү өткөн жылдын аягында баалуулуктарга негизделген тышкы саясатты жана курал-жарактарды экспорттоо боюнча катуу чектөөлөрдү убадалоо менен бийликке келген эле. Коалициялык өкмөткө Социал-демократтар, Жашылдар жана Эркин демократтар кирген.
Киевге курал-жарак жөнөтүү боюнча, ал тургай өзүнүн өкмөтүндөгүлөрдөн дагы, чакырыктарга каршылык көрсөткөн канцлер Шолц талаа бейтапканалары үчүн акча бөлүп, жаракат алган аскерлерди Германияда дарылоону сунуштады жана Украинага 5 000 шлем жөнөттү.
Германиянын курал жөнөтпөгөнүнүн дагы бир себеби бар: өлкөдө көпчүлүк курал-жарак жиберүү кризисти чечерине ишенбейт.
Шолцтун тышкы иштер министри, “Жашылдардын” өкүлү Анналена Бербок Германия Украина үчүн каржылык донор экенин белгилеп, бул курал жөнөтүүгө караганда алда канча натыйжалуу экенин айтты.
“Курал-жарактардын экспорту аскердик тең салмактуулукту камсыздайт деп ишенүүгө болот деп ойлобойм. Эң жакшы коргоо — агрессиянын өрчүшүн токтотуу. Эң күчтүү курал, эгерде ошол сөздү колдонгуңар келип жатса, биз НАТОнун мүчөлөрү катары, Евробиримдик өлкөлөрү катары, “Чоң жетилик” катары биригип, ар бир жаңы агрессиянын кесепети чоң болорун ачык айтып коюубуздун керектиги”.
Канцлер Шолц диалогго негизделген ыкманы колдойт. Мындай жолду өзүнөн мурдагы канцлер дагы колдонуп келген. Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен катар Ангела Меркель да Нормандия форматын түптөөдө чечүүчү ролду ойногон. Аталган форматтын алдында Германия, Франция, Украина жана Орусия Украинанын чыгышында ок атышууну токтотууну көздөшкөн болчу. Ошол эле формат азыр дагы натыйжа бериши мүмкүн деген үмүт бар.
Социал-демократтардын тышкы иштер боюнча өкүлү Нилс Шмидттин айтымында, “Франция менен Германия ортомчулар”. “Менин оюмча, ортомчу өлкөнүн Украинага, чырдашкан бир тарапка, курал-жарак жибериши өтө туура эмес. Анткени биз дипломатиялык чечимге жетүүгө аракет кылып жатабыз”.
Мындай дипломатия үчүн Германия көп мүмкүнчүлүктөргө ээ. Канцлер Шолц Владимир Путинге Меркелдей болуп таасир эте албашы мүмкүн. Бирок орток тарыхынан белгилүү болгондой, Германиянын Орусия менен мамилеси башка Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Германиянын миңдеген компаниялары ал жакта иштейт. Көптөгөн германиялыктар, анын ичинде Ангела Меркель дагы Темир тордун артында, мектепте орус тилин үйрөнүп чоңоюшкан. Башка лидерлердин колунан келбей жатканда Меркелдин Путин менен тынбай сүйлөшүп туруусу көбүнесе алардын орток коммунисттик өтмүшү менен байланыштырылчу.
Дүйнөдө көбүн (анын ичинде Германияда да айрымдарын) түйшөлткөн жана кыжырданткан нерсе — канцлер Шолц өзүнүн эң белгилүү картасын эмнеге ачпай жатат?
Эки өлкөнүн экономикалык байланыштары, балким, Түндүк агым 2 (Nordstream 2) түтүгүндө аябай чиелишкен болушу мүмкүн. Эгерде жана качан ал ишке берилсе, Германия аркылуу Европага кирген Орусиянын газы эки эселеп көбөйөт.
Канцлер Шолц Орусияга каршы санкция киргизүү менен аталган долбоордон баш тартуу боюнча басым астында турат. Азырынча Шолцтун ал кадамга барбай жатканы, сынчылардын оюнча, Германиянын өз кызыкчылыгынан кабар берет.
Бул анын өкмөтү үчүн орчундуу маселе. Анын социал-демократтары аталган долбоордун артында турушат. Социал-демократтардын айтымында, газ түтүгү жеке экономикалык долбоор. Бирок анын өнөктөштөрү, Эркин демократтар, үчүн бул саясий темага айланса, “Жашылдар” анын артынан түшпөй эле коймок.
Эгерде Орусия Украинага бастырып кирсе, бардык варианттар, анын ичинде газ түтүгү боюнча да маселе көтөрүлөрүн Шолц ишарат кылган. Бирок өзүнүн токтоо жүрүм-туруму менен ал андан ары кадам таштаган жок. Мындан улам айрымдар тарых алдында ал куу бойдон калабы же алсыз, чечкинсиз бойдонбу деп суроо салууда.
“Белгилүү бир деңгээлде стратегиялык белгисиздиктин болуусу — даанышмандык. Ошондо Путин тигил же бул ишти жасаса кандай бааны төлөп каларын эсептей албай турат”, — дейт Нилс Шмидт. “Ошондуктан ушул варианттардын баарын кармап туруу аябай маанилүү”.
Ал ортодо Путин Батыштын тамырын тартып көрүүдө. Германияда пацифисттик инстинктине байланыштуу фундаменталдык маселе жаралууда.
Ал тургай Меркелдин доору аяктап жатканда Германия дүйнөлүк аренада олуттуу аскердик ролду колго алуусу боюнча чакырыктар болгон.
Ал эми Зелов жергесине баргандар Германиянын алдында кандай маселе бар экенин жана ал туура эмес багытка бурулуп кетсе, баасы кандай болорун билип турганын түшүнүшөт. (EA)












