Германиядагы шайлоо: Коалиция сүйлөшүүлөрү башталды

Шайлоо көрнөктөрү жыйналып жатат, бирок Германиянын жаңы өкмөтү куралышы үчүн көп иштер күтүүдө

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоо көрнөктөрү жыйналып жатат, бирок Германиянын жаңы өкмөтү куралышы үчүн көп иштер күтүүдө

Германияда парламенттик шайлоо жыйынтыкталып, социал-демократтар (SPD) жеңишке жетти. Бирок өлкөнүн кийинки лидери ким болору жакын арада тактала турган түрү жок.

Азыр өкмөттө коалиция түзүү деген татаал процесс башталайын деп турат.

Социал-демократтардын лидери Олаф Шолц Жашылдар жана либералдар менен иштегиси келет. Бирок анын консервативдүү атаандашы Армин Лашет болсо аны оңой менен колдон чыгарбайт.

Сүйлөшүүлөр айлап созулушу ыктымал. Ага чейин Ангела Меркел кызматта болуп турат.

Ошентип Германиянын шайлоосу эмне болду?

Германиялыктар 26-сентябрда өз добуштарын беришти. Бул шайлоо маанилүү болчу. Анткени, анда шайланып келген киши 16 жылдан бери канцлердик кызматты аркалап келген Ангела Меркелдин ордун басмакчы.

Бул жарыш аябай кызуу өттү. Бирок эч бир партия Германиянын парламенти Бундестагда көпчүлүктү түзө турган добуштарга ээ боло алган жок.

Демек, коалициялык өкмөт куралышы зарыл. Бул Германия үчүн жаңылык эмес. Себеби, Экинчи дүйнөлүк согуштан бери эч бир партия өкмөттү өз алдынча түзүү үчүн жетиштүү орундарды ала алган эмес.

Олаф Шолцтун Социал-демократиялык партиясы жеңишке жеткенин айтып чыкты. Бирок ал канцлердик кызматты аркалагысы келсе, башка партиялар менен күчүн бириктириши кажет.

Башка алдыңкы партия, канцлер Ангела Меркелдин консервативдик Христиан-демократиялык бирикмеси шайлоодо (CDU) Армин Лашеттин талапкерлиги менен эң төмөнкү жыйынтыкка туш болду.

Социал-демократтар менен консерваторлор биргелешип өлкөнү көп жылдар бою башкарышкан. Бирок, Олаф Шолц Жашылдар жана либералдык Эркин-демократиялык партия (FDP) менен күчүн бириктиргиси келгенин билдирди.

Бирок консерваторлор оңой менен моюн сунуп калышпайт. Армин Лашет өкмөттү түзөрүн чечкиндүү түрдө айтты. Ал дагы Жашылдар жана либералдар менен коалиция түзгүсү келет. Бирок быйыл июль айында ал суу ташкындан жабыр тарткан жайга барганда мыйыгынан күлгөн сүрөтүнөн улам анын бедели түшүп кеткен.

Германиянын парламенти

Эми эң кызыктуу жери...

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Биргелешкен өкмөттү куроо боюнча сүйлөшүүлөр федералдык шайлоолордон кийинки эң кыйын жана эң татаал процесстердин бири.

Сүйлөшүүлөр айлап жүрүшү мүмкүн, ал тургай ар дайым эле натыйжалуу боло бербейт. Мисалы, 2017-жылдагы шайлоодо христиан-демократтар, жашылдар жана эркин-демократтар үчилтигинин аракетинен майнап чыккан эмес.

Германиянын саясий системасында бардык партиялар “изилдеп таануучу сүйлөшүүгө” катыша алат. Бул башталгыч баскычта бардык тараптар бир эле убакта соодалашат. Бул идеологиялык айырмачылыктарга карабастан бирге иштеше аларын текшерип көргөнгө саясатчылар үчүн алгачкы мүмкүнчүлүк.

Жашылдар менен эркин-демократтар бул шайлоодо “хан кылуучуларга” айланды. Алдыда бараткан эки партия тең күчүн алар менен бириктиргиси келет жана аларды өзүнө ыктоого аракет кылат.

“Чоң коалиция” дагы варианттардын бири жана эки чоң партия азыркыдай эле күчтөрүн бириктириши мүмкүн. Бирок Олаф Шолц менен Армин Лашет экөө тең канцлер болууну эңсешет, ошондуктан бул варианттын ишке ашышы күмөн.

Партиялар коалиция ыктымалдыгына токтолгон соң, сүйлөшүү учурунда деталдарга киришет.

Саясий жана министрдик кызматтар сыяктуу маселелерди макулдашканга чейин алар ар бир пункт боюнча талкуу кылышат.

Алар жалпы кызыкчылыктарды белгилеп, шарттар менен макулдашууларга кол койгон соң Бундестагда канцлердин талапкерлигин карашат.

Германиядагы 2017-жылкы соңку шайлоодон кийин Ангела Меркел расмий түрдө канцлер болуп дайындалганга чейин беш ай өтүп кеткен.

Ангела Меркел менен Армин Лашет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ангела Меркел ордуна Армин Лашеттин келишин колдогон, бирок анын партиясы аябай начар жыйынтыкка жеткен

Кызматтан кетип жаткан Меркел

Азырынча сүйлөшүүлөр акырындык менен жүрүп жаткан чакта, кете турган өкмөт иштерди жүргүзүп туруш үчүн кызматта болуп турат. Демек, Ангела Меркел кызматты убактылуу жетектөөчү катары аркалайт.

Меркел ардактуу эс алууга чыгарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтат. Бирок ал Жаңы жыл майрамында дале иште болот. Чын-чынында 17-декабрга чейин кызматта болсо, анда ал Германиянын эң көпкө кызмат кылган канцлери болуп калмакчы.

Ошондой эле, Меркел октябрдын аягында Римде өтө турган G20 саммитине барышы жана аны менен эбак эле коштошкон дүйнөлүк лидерлер менен жолугушу ыктымал.

Эң кооптуу сценарий

Эгерде өкмөт куралбай калса, шайлоо кайрадан өтүшү мүмкүн. Бирок саясий туруктуулукту сактоо үчүн Германиянын президенти Франк-Валтер Штайнмайер партияларды келишүүгө чакырышы ыктымал.

Эгерде алар канцлер боюнча бир чечимге келе албай калса, социал-демократтардан чыккан Штайнмайер башка лидердин талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн. Ал, көбүнесе, эң көп добуш алган партиялардан көрсөтүлөт.

Парламент андан кийин жашырын добуш берип, талапкер көпчүлүк добушка (жарымынан көбүнө) ээ болушу керек болот.

Эгерде добуш берүүнүн эки туру тең жыйынтык бербесе, анда президент азчылык өкмөттүн башчысы катары канцлерди дайындай алат же Бундестагды таратып, жаңыдан шайлоо өткөрүлөт. (EA)