Байден менен Меркель "Россиянын агрессиясына каршы биригишти"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Жо Байден канцлердик кызматтан кетип жаткан Ангела Меркелди Вашингтондо тосуп жатып, АКШ менен Германия Россиянын агрессиясына каршы биргелешип күрөшөрүн айтты.
Байден Меркелге Россия-Германия газ түтүгүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди, бирок алар Москвага энергияны курал катары колдонууга жол берилбеши керек деген бүтүмгө келишти.
АКШ президенти эки союздаш Кытайдын антидемократиялык аракеттерине дагы каршы экендигин айтты.
АКШнын төрт президенти менен иштешкен Меркель айым кызматтан кетип жатат.
"Биз НАТОнун чыгыш жагындагы союздаштарыбызды Россиянын агрессиясынан коргоо үчүн биргебиз жана мындан ары да биргелешип иш алып барабыз", - деди Байден Меркель айым менен бирге өткөн пресс-конференцияда.
Ал 11 миллиард долларлык газ түтүгүнүн курулушу боюнча экөөнүн пикири дээрлик келишпестигин мойнуна алды. Акүйдүн айтымында, Орусия муну Украина жана башка коңшуларга таасир этүүчү күч катары колдонот.
Жакында "Түндүк агым-2" долбооруна каршы санкциялардан баш тарткан Байден: "Жакшы достор макул болбой коюшу мүмкүн", - деди.
АКШ президенти ошондой эле: "Биз Кытайды же башка бир өлкөнү эркин жана ачык коомдорду бузуу үчүн иштеп жаткандыгын көргөндө, демократиялык принциптер менен адам укуктарын коргойбуз", - деди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Маанилүү соода өнөктөшү болгонуна карабастан, Берлин кээде адам укуктары жаатында Бээжинди сындап келет.
Ошондой эле Байден журналисттерге билдиргендей, АКШ президенти өлтүрүлгөндөн кийин баш аламандык күчөп турган Гаитиге өз аскерлерин жиберүүнү “азырынча” каалабайт.
Кубада жүрүп жаткан нааразычылык акциялары жөнүндө суроого, Байден "ийгиликсиз мамлекет" өз жарандарын репрессиялап жатат деп жооп берди.
"Коммунизм - бул кыйраган, бузулган система", - деди ал.
Сүйлөшүү учурунда Меркель айым үй ээсине "Урматтуу Жо" деп кайрылып жатты. Эки лидер тең бир сааттык жолугушуу достук маанайда өткөнүн белгилешти.
Байден мырза коногуна "биздин саммиттерде сиз жетишпей турасыз" - деди.
Меркель айым Германияда катуу суу ташкынынан каза тапкан ондогон адамдарга көңүл айтты.
Германиянын лидери Байденден мурунку президент Дональд Трамп менен, кээде ага чейинки эки президент - Джордж Буш жана Барак Обама менен дагы начар мамиледе болгон.
2005-жылы канцлер болуп келген Меркель айым сентябрдагы шайлоого катышпайт. Учурда анын христиан-демократиялык биримдиги коомдук сурамжылоолордо алдыга чыгууда.












