“Түндүк агым 2”: АКШ Орусиянын долбооруна каршы санкцияларды алып салды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын “Түндүк агым 2” газ түтүк долбооруна каршы санкцияларды алып салды. Бул долбоор аркылуу Орусия газды Германияга жеткирүүнү көздөп келаткан.
Ошондой эле АКШ “Түндүк агым 2” долбоорунун курулушуна жооп берген адам, президент Путиндин жакын өнөктөшүнө каршы санкцияларды дагы алып салды. “Түндүк агым 2” долбоорунун башчысы Маттиас Варниг СССР доорунда Германиянын чыгышында президент Путин менен атайын кызматта бирге иштеген. АКШ улуттук кызыкчылыкка таянып, Маттиас Варниг мырзага каршы санкцияны токтотту.
Буга чейин Axios маалымат агенттиги өзүнүн эки булагына таянып, Вашингтон Германия менен дипломатиялык мамилесин бузуп албаш үчүн бул кадамга барат деп кабарлаган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын мамлекеттик департаменти жакында Конгресске “Түндүк агым 2” долбоорунун курулушуна катышкан мекемелердин тизмесин жөнөтмөк. Андагы компаниялар АКШ тарабынан санкцияга алынышы керек эле.
Сынчылар, АКШнын кадамынан кийин Орусия геосаясатта ири жеңишке жеткенин айтууда. Ага карабастан мамлекеттик департамент “Түндүк агым 2” долбоорунун курулушуна катышкан төрт орусиялык кемеге санкция жарыялады. Бул кадам курулуштун токтотулушуна алып барбайт.
Учурда долбоор 95 пайызга курулуп бүткөн. Аны токтотуу үчүн АКШ Германиядагы курулушка катышкан компанияларды санкцияга алышы керек. Вашингтон болсо Германия менен мамилесин бузгусу келген жок.

Сүрөттүн булагы, EPA
Шаршемби күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Блинкен Орусиянын Тышкы иштер министри Ловров менен жолукту. Эки жетекчи Орусия менен АКШ ортосунда “олуттуу кайчылаш пикир бар” экенин белгилеп, бирок кызыкчылыктар дал келген аймактарда кызматташууга даяр экенин айтышты.
Блинкен мырза АКШнын президенти Орусия менен “ырааттуу жана туруктуу” мамиле каалап жатканын белгиледи. Президент Путиндин басма сөз катчысы Песков болсо, санкциялардын алынганын “жагымдуу белги” деп билдирди.
Германиянын расмийлери дагы санкциялардын алынганын кубаттап, аны “конструктивдүү кадам” катары мүнөздөштү. Бирок Украинанын расмийлери болсо, АКШнын санкцияларды кайра киргизүүгө үндөп жатышат.








