Жеңиш күнү: нацисттик Германиянын акыркы күндөрү сүрөттөрдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Төрт жылга созулган кандуу салгылашуулардан кийин Советтер Союзунун аскерлери 1945-жылы 16-апрелде Берлин шаарын басып алуу операциясын баштаган.
Нацисстик Германия СССРге 1941-жылы июнь айында кол салып, миллиондогон аскерлер жана жайкын тургундар мүрт кеткен. Бирок советтик аскерлер Берлинге жетип барганда, Гитлердин армиясы алсырап бүткөн эле. Туш тарапка чачыраган нацисттик Германиянын аскерлери чыгыш жана түштүк тараптан операциясын баштаган советтик армиянын чабуулуна туруштук бере алган эмес.
Германиянын баш калаасы Берлинди 1.5 миллион советтик аскер курчоого алган. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштун Европадагы акыркы ири аскердик операция болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адольф Гитлер Берлинден чыгып кетүүдөн баш тартып, акыркы күндөрүн шаардын борборундагы "Фюрербункер" аттуу бункерде жашаган. Гитлер эл алдына акыркы жолу 1945-жылы 20-апрелде, туулган күнүндө (56 жашка толгон) чыккан. Ал шаарды коргоп жаткандарга медаль ыйгарган болчу.
Ошол күнү Советтер Союзунун армиясы Берлиндин борборун артиллериялык аткылоого алган. Шааар 23-апрелде толугу менен курчоого алынган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Нацисттик күчтөр Советтер Союзунун аскерлерин токтото алган эмес. 1945-жылы 30-апрелде Гитлер өзүн атып өлтүргөн. Бир күн мурун ал Эва Браунга үйлөнгөн эле. Алардын сөөгү бункерге жакын жерде өрттөлгөн.
Ошондон көп өтпөй советтик күчтөрү Нацисттик Германиянын парламенти, Гитлердин бийлигинин символу "Рейхстаг" имаратын колго алып, аскерлердин бири СССРдин туусун илген. Бул тарыхтагы эң белгилүү сүрөттөрдүн бири болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Берлин шаары 2-майда расмий түрдө багынган, бирок Европадагы салгылашуулар 8-майга чейин уланды.
Аба соккулар жана согуштан улам Берлин толугу менен талкаланган. Совет аскерлери жергиликтүү тургундарга нан жана башка керектүү азык-түлүктөрдү тараткан. Бирок айрымдары жайкын тургундарды тоноп, зомбулукка барганы дагы айтылып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Берлинди Антигитлерлик коалицияга кирген күчтөр көзөмөлүнө алган.
Жергиликтүү тургундар урандыларды тазалап, бир нече айдан кийин АКШ, Британия жана СССРдин лидерлери Берлинден жыйырма чыкырым аралыктагы Потсдам шаарында чогулуп, тынчтык келишимин талкуулашкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
*












