70 жыл мурун советтик блокадага кабылган Берлин

Сүрөттө Берлиндин советтик жана америкалык чек ара тилкеси.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө Берлиндин советтик жана америкалык чек ара тилкеси.

1948-жылдын 24-июнь айында СССР Батыш Берлиндин кургактагы жолдорунун баарын бууп салган. Иш жүзүндө өзүнүн союздаштарын шаардан чыгып кетүүгө мажбурлоо максаты болгон.

АКШ менен Британия дээрлик 11 ай эки миллиондон ашуун кишини аба жолдору аркылуу азык-түлүк менен камсыздап турган.

Ялта жана Потсдам конференцияларынын чечимине ылайык, Үчүнчү Рейхтин баш калаасы төрт тилкеге бөлүнгөн. Бирок эң чоң бөлүгү - дээрлик жарымы советтик өлкөгө таандык эле.

Черчиллдин түздөн-түз кийгилишүүсү менен союздук аскер күчтөрүнүн кол башчысы америкалык генерал Дуайт Эйзенхауэр Берлинди алган эмес экен. Аскердик көз караштан алганда, Берлинди алууга союздаштардын мүмкүнчүлүгү болгон.

1948-жылы 20-мартта СССР Союздук көзөмөл кеңешинен чыгып, жеңилген Германиянын биргелешип көзөмөлдөөгө чекит койду. Апрелден тарта Берлиндин батышына өткөн поезддерди катуу текшере баштады.

Берлин.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

20-июнда Батыш Берлинде валюта реформасы жүрүп, СССРди ага катыштырышкан эмес. Мына ушул жагдай совет бийлигинин блокада жарыялоосуна шылтоо болду.

Бирок, блокада мындан бир апта мурун башталган. 12-июнда СССР оңдоо иштеринен улам деп, Батыш Берлинге өткөн авто унаа жолдорун бөгөгөн.

21-июнда суу транспорту токтотулган. Айрым булактар мына ушул күндөн тарта блокада башталган деп эсептеп жүрүшөт. Үч күн өткөндөн кийин "техникалык себептерге" байланыштуу темир жол кыймылы токтотулуп, электр энергиясы өчүрүлгөн.

Союздаштардын Батыш Берлиндеги аскер күчтөрүнүн саны 6,5 миң киши эле (3000 америкалык, 2000 британдык жана 1500 француз аскерелери).

Берлин, 1945-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Берлин, 1945-жыл

Ал эми СССРдин Чыгыш Берлиндеги гарнизону 18 миң аскер кызматкери болгон. Жалпы Чыгыш Германия боюнча советтик аскерлер саны 300 миң эле.

"Биздин саясатыбыз өзгөрүүсүз калат. Кандай болгондо дагы, биз Берлинде калабыз. Таптакыр арга калбай калган күндө гана бомба (атом) колдонбосок, буга жол бербейбиз деп ойлойм",-деген президент Гарри Трумэн администрация мүчөлөрү менен болгон жыйында.

Шаардын таш талканы чыгып, урандыга айланган болчу. Маселен, 1945-жылдын 3-февралында эле союздаштар Берлинге 2250 тонна бомба таштаган. Андан кийин шаардын ар бир көчөсүндө айыгышкан кармаштар жүргөн.

Жолдору бөгөлгөндөн киийнки шаардын абалы андан бетер оордошту. Тургундарда азык-түлүк запастары жок эле. Күнүмдүк керектөөлөрүн атайын талон менен алып турушкан.

Жүк ташыган америкалык учактан ун түшүрүп жаткан учур. Берлиндеги Гатов аэропорту, 1948-жыл 23-август.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жүк ташыган америкалык учактан ун түшүрүп жаткан учур. Берлиндеги Гатов аэропорту, 1948-жыл 23-август.

Батыш Берлинди керектүү азык-түлүк жана башка керектөөлөр менен камсыздоо аба жолдору аркылуу гана мүмкүн болду. Бул окуя тарыхта "Берлиндин аба көпүрөсү" (Berlin airlift) деген ат менен калды.

Керектүү жүктөрдү жеткирүү күнүнө миң тоннадан башталган. Бир аптадан кийин 4400 тоннага чейин көбөйүп, күзүндө 5620 тоннага жетти.

Рекорддук түрдө жеткирилген жүк - 1949-жылы 16-апрелде катталып, бир күндө 1398 ирет учактар учуп-конуп, 12849 тонна жүк жеткирген. Бул деген ар бир минута сайын учак конгон деген сөз.

Башында Темпельхоф аэропорту иштеп турган, блокада башталгандан 90 күндөн кийин Тегель жана Гатов аэропорттору оңдолуп, кайра ишке берилген.

Британдык "Сандерленд" гидро учагы Ванзе көлүнө конгон.

Блокаданын 321 күнүндө 278228 учуп-конуу жасалып, 2 млн 326 миң 406 тонна жүк жеткирилген. Анын көп бөлүгүн АКШнын Аба күчтөрү ишке ашырган.

"Берлиндин аба көпүрөсү" аркылуу келген тамак-ашты балдарга таратып жаткан учур. (1948-жыл, декабрь)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Берлиндин аба көпүрөсү" аркылуу келген тамак-ашты балдарга таратып жаткан учур. (1948-жыл, декабрь)

Эң эле эсте калган эпизоддордун бири - Берлиндин үстүнөн кичинекей парашюттар менен балдар үчүн кутуга таттууларды таштап өткөн учур. Мунун тамашалап "момпосуй бомбасы" деп аташкан.

Муктаждыктан башканы билбеген берлиндик балдарга таттууларды берүү идеясы америкалык учкуч Гейл Хелверсонго таандык. Андан кийин бул өнөктүккө башка учкучтар кошулган. Блокада учурунда 23 тонна конфет, сагыз, татуулар ташталган.

Азык-түлүк келген жүктөрдүн бештен бирин гана түзгөн (490 тысяч тонн). Негизги жүк көмүр (1 млн 421 миң 119 тонна), бензин, мазут жана курулуш материалдары.

Гатов аэропортунда көмүр салынган миллиончу капты түшүрүп жаткан учур.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гатов аэропортунда көмүр салынган миллиончу капты түшүрүп жаткан учур.

Көмүрдү алып келип эле жылуулук электростанциясына иштетишкен. Ошонун эсебинен берлиндиктер кышында жылуу жана жарыкта олтурушкан.

Операцияны баштан-аяк АКШнын Аба-күчтөрүнүн генерал-лейтенанты Уильям Таннер жетектеген. Таннердин буга чейин тажрыйбасы бар эле. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чан Кайши жетектеген кытай армиясын Бирмада аба жолдору аркылуу жабдып турган.

АКШнын Аба-күчтөрүнүн генерал-лейтенанты Уильям Таннер

Сүрөттүн булагы, US Air Force

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын Аба-күчтөрүнүн генерал-лейтенанты Уильям Таннер
DC-3 транспорттук учагы Шенефельд аэропортунда. (2013-жыл, 30-июль)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, DC-3 транспорттук учагы Шенефельд аэропортунда. (2013-жыл, 30-июль)

Берлинге учактар үч аба коридору аркылуу келген. Учактар Берлиндин түндүк тарабынан (Гамбург) жана түштүгүнөн (Франкфурт) эки коридор менен келип, борбордук бөлүгүнөн (Ганновер) кайра учуп кетип турушкан. Учуунун узактыгы болжолу 550 чакырым болгон.

Ар бир учкучка конуу үчүн бир гана мүмкүнчүлүк берилген. Эгер коно албаса, кайра жүгү менен артка кайткан. Мына ушуга байланыштуу Берлинде орточо алганда ар бир үч минутада бирден учак конууга мүмкүн болгон.

"Берлиндин аба көпүрөсүнүн" ардагери Жон Мэйси жана берлиндик балдар. Берлин блокадасынын 65 жылдыгын эскерүү учурунда. 2014-жыл, 12-май.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Берлиндин аба көпүрөсүнүн" ардагери Жон Мэйси жана берлиндик балдар. Берлин блокадасынын 65 жылдыгын эскерүү учурунда. 2014-жыл, 12-май.

Биринчи жүк 23-июнда америкалык жарандык авиациянын учкучу Жек Беннетт тарабынан жеткирилген. Ал Берлинге картошка алып келген. АКШнын аскердик авиациясы 26-июнда ишин баштаган. Эки күндөн кийин британдыктар операцияга тартылды.

Андан соң операцияга Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, Түштүк Африка учкучтары катышкан. Франциянын Аба-күчтөрү ал учурда Вьетнамдагы согуштук аракеттерге тартылган болчу.

Абада жана учуп-конуудагы учуулардын тездигинен 25 учак аварияга кабылган. 31 америкалык, 39 британдык, 13 немис жараны мерт болгон.

Сүрөттө америкалык аскерлер Берлиндеги блокадага алынганы тууралуу жаңылыкты уккан учуру.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө америкалык аскерлер Берлиндеги блокадага алынганы тууралуу жаңылыкты уккан учуру.
Блокадага алынган учурдагы Берлиндин америкалыктар көзөмөлдөгөн тилкесинде өткөн митингге жарым миллион киши катышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блокадага алынган учурдагы Берлиндин америкалыктар көзөмөлдөгөн тилкесинде өткөн митингге жарым миллион киши катышкан.

Операциянын жалпы чыгымы ошол учурдагы 224 миллион же азыркы эсеп менен алганда 2,36 миллиард долларга түшкөн.

Батыш Берлинден америкалык, британдык, француз аскер күчтөрүн чыгаруу боюнча СССРдин аракети ишке ашпай калган. Бирок, муну менен эле токтоп калбай кийин дагы бир топ аракеттерди көргөн.

Чыгыш жана Батыш Берлиндин жашоочулары бири-бири менен Дубалдын эки тарабынан сүйлөшүүдө. (1960-жылдар)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чыгыш жана Батыш Берлиндин жашоочулары бири-бири менен Дубалдын эки тарабынан сүйлөшүүдө. (1960-жылдар)

1961-жылы сентябрь-октябрь айындагы экинчи жолу болгон Берлин кризисинен кийин шаар өзгөчө макам алды.

1961-жылдын 13-августунда Батыш Берлинди 155 чакырымга созулган дубал курчады. Бул дубал 28 жыл, эки ай 27 күн турган.

1963-жылы 26-июнда "Берлиндин аба көпүрөсү" башталган учурдун 15 жылдыгына арналган Батыш Берлиндеги митингде Жон Кеннеди өзүнүн тарыхый сөзүн немис тилинде айткан: "Ich bin Berliner!" ("Мен берлиндикмин!"). (AbA)

Артем Кречетниковдун макаласы кыскартуулар менен берилди.