72 жыл күттүргөн "Кызыл жылдыз"

72 жыл күттүргөн "Кызыл жылдыз"
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

72 жыл күттүргөн “Кызыл жылдыз”... Кыргызстандык Каратай Уметовго 1945-жылы ыйгарылган “Кызыл жылдыз” орденин көзү өткөндөн кийин анын уулу 2017-жылы алды. Баатырдын урпагы экенбиз деп сүйүнгөн уулу Мурат Уметов орденди укканда “энем эркек төрөгөндөй сүйүндүм” дейт.

Кут элең го тегеректеп отурсак,

Үйдүн ичин күлкү, шаңга толтурсак.

Мыйыгыңдан бир жылмайып койчусуң

Жакшы сүйлөп, көңүлүндү толтурсак.

Кеттиң эми сен кайрылгыс сапар тээп,

Калды уулуң, калды кызың кайгы жеп.

Канчалык мен кайгырсам да, сыздасам,

Мен эч кимди айта албаймын ата деп, - деген ыр саптарын согуш ардагеринин уулу, өзү орто жашка келип калган Мурат Уметов окуп отурду.

Атасы 1992-жылы каза болгон. Ал согуштагы эрдигинин бааланганын, сыйлыкка татыганын билбеген боюнча эле кетиптир.

Мурат Уметов атасына 1945-жылы “Кызыл жылдыз” берилгенин кокустан билип калат. Энеси бул кабар билингенден бир жыл мурда каза болгон экен.

Видеонун түшүндүрмөсү, 72 жыл күттүргөн "Кызыл жылдыз"

“Чынын айтканда “энем эгиз төрөгөндөй” эле сүйүндүм. Баатырдын урпактары турбайбызбы дедим. Бирок, аттиң, апам угуп калганда... Өтө кубанмак, колуна алса, анда такыр эле асманга учмак”, - дейт Мурат Уметов.

Ардагер согушту айтып бергенди жактырчу эмес экен. Бирок анда алган жарааты атасын өмүр бою кыйнап өткөнү баласына катуу таасир эткен.

Атасынын ар бир сөзүн эстеп жүрөт:

“Атам өтүк кийип жүрөт эле, буту шишип өтүккө батпай калат болчу. Ириңдеп, баса албай калчу. Апам ыраматылык суу даярдап, бутун таштекке салып, марганцовка менен жибитээр эле. Жоору жумшарып калганда бычак менен кесчү. Ошондой таштекке “тырс” деп бирдеме түшчү. Октун сыныктары болчу. Атам анда “ох, дагы бир-эки ай жакшы жүрөм эми” деп калчу. Биз балабыз, кызыгып карап отурабыз. Ал “фашисттин огу мени акыры алып кетет окшойт” деп айтат эле”.

Мурат Уметовдун айтымында, Каратай Уметов согушта эки жолу жараат алган. Биринчисинде Орёл шаарчасында 1943-жылы жабыркап, сакайганда майданга кайткан. Берлинге чейин жеткен дейт уулу.

1945-жылы экинчи жолу ок жеген экен. “Кызыл жылдыз” да ошондо берилсе керек деп божомолдойт Мурат Уметов.

Мурат Уметов атасынын "Кызыл жылдызы" үчүн "чуркоо" ага дем бергенин айтат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурат Уметов атасынын "Кызыл жылдызы" үчүн "чуркоо" ага дем бергенин айтат

Ал кийин түзүлгөн сайттардан атасынын атын сыйлык алгандардын тизмесинен таап алат. Көргөндөн тарта Орусия жетекчилигине кат жазуудан тажаган эмес. Президент Владимир Путиндин маалымат жыйынына видео кайрылуу да тартып, жиберген:

“Путин өзү жазбайт эми, колунда иштегендер менен кат алышып жаттым. Адегенде ооба, ушундай бар деп ырасташты. Мындай, тигиндей документтер керек деп, абдан көп кагаздарды сурашты. Анын баарын чогултуп жибердим. Келбейт го деп эле ойлогом. Андан кийин видео аркылуу кайрылуу мүмкүнчүлүгү да жаралып калды”.

Мурат Уметов Орусиянын элчилигинен атасынын эрдигин жана орденин тастыктаган документтерди толугу менен колуна алмайынча ишенген эмес.

“Мынча аракет кылганым, бала чагымда угуп жүрдүм да. “Кызыл жылдыз” ордени эрдик кылгандарга берилет, ал СССРдин баатырлыгына эле тең, көрүнгөн адамга бере бербейт деп айтышчу”, - деп улады сөзүн Мурат Уметов.

Бирок атасы сыйлык күткөнү же каалаганы тууралуу кеп айтчу эмес экен.

Мурат Уметов орден тууралуу өзү операциядан кийин баса албай, инвалиддердин коляскасына байланып калган учурда билет. Орден үчүн "чуркоо" жашоо үчүн күрөшүүгө да себеп болгон:

"Кызыл жылдыз" ордени

Сүрөттүн булагы, ordenrf.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кызыл жылдыз" ордени

“Бул жаңылыкты ошондой маалда угуп калып, мага дем бербедиби. Кайра күчтөндүм. Ошо жылы максат койдум - атамын орденин алам жана кудамын алдына барайын деп. Аткардым, жакшы жыл болду. Атамын сыйлыгын алганда башкача болдук, инилеримин сүйүнгөнүн айтпа”.

“Кызыл жылдыз” ордени 1930-жылы түзүлгөн. Ал согуш жана жай турмушта СССРдин армиясы үчүн чоң салым кошкондоро, мамлекеттик коопсуздукту коргогондорго ыйгарылчу.

Каратай Уметов согушка 1939-жылы барган. Орден жеңиштен 72 жыл өткөндө, 2017-жылы балдарынын колуна тийди.

Анын уулу ата өмүрү урпактарыма өрнөк болсо деп, үй-бүлөсүндө унуттурбай, анын таржымалын айтып келет.