Ирандын башкы аскер стратеги Касем Сулеймани өлтүрүлдү

Генерал Сулеймани Жакынкы Чыгышта соңку жыйырма жылда болгон маанилүү окуяларда орчундуу роль ойноду

Сүрөттүн булагы, AFP/etty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Генерал Сулеймани Жакынкы Чыгышта соңку жыйырма жылда болгон маанилүү окуяларда орчундуу роль ойноду

Багдаддагы АКШнын аба соккуларынын убагында Ирандын аскер стратеги, "Кудс" элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы өлтүрүлдү. Пентагон Касем Сулеймани АКШнын президентинин буйругу менен жок кылынганын ырастады.

Американын бийликтеринин өкүлү Рейтер агенттигине АКШнын Аскердик аба күчтөрү Иран менен байланыштагы бутага сокку урушканын билдирди. Ирак телекөрсөтүүсүнүн маалыматына караганда, Сулеймани Багдаддын аба майданы тарапта аба соккуларынан курман болгондордун арасында болуп чыкты.

Андан мурда Багдаддын аба майданы тарапта үч ракета жарылганы кабарланган. Жергиликтүү полиция бир адам курман болуп, тогузу жаракат алганын билдирген эле.

Ирандын Ислам революциясынын сакчыларынын корпусу дагы генералдын америкалык тик учактардын соккусунан курман болгонун ырастады. 

Генералдын өлүмү жөнүндө кабар чыккандан кийин президент Дональд Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына америкалык желектин сүрөтүн койду, бирок аны коштоп эч нерсе жазган жок.

Касем Сулейманинин Ирандын аскердик жетекчилигинде олуттуу орду бар эле. Ал жетектеген «Кудс» аскер бөлүгү түздөн түз Ирандын жогорку лидери, аятолла Хаменеиге баш ийет.

Бул окуянын артынан дүйнөдө мунайдын баасы төрт пайызга көтөрүлдү.

Генералды өлтүргөн аба соккулары Багддаддын аба майданы жакта болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Генералды өлтүргөн аба соккулары Багддаддын аба майданы жакта болду.

"Чечкиндүү чаралар"

"Президенттин көрсөтмөсү боюнча АКШнын куралдуу күчтөрү АКШнын чет өлкөдөгү кызмат адамдарын коргоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүп, «Кудс» күчтөрүнүн башчысы Касем Сулейманини өлтүрдү. Ислам революциясынын сакчыларынын корпусунун башчысы АКШ тарабынан чет элдик террордук уюмдардын тизмесине киргизилген болчу»,-деп айтылат Пентагондун билдирүүсүндө.

АКШнын коргоо мекемесинен ошондой эле аба соккусу Иран тараптан кол салуулардын алдын алуу максатында жасалганын билдиришти.

"АКШ бүт дүйнөдө биздин адамдарды жана биздин кызыкчылыкты коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт», -деп айтылат Пентагондун билдирүүсүндө. 

Сулейманиге карай жасалган аба соккусу Багдадда каршылык акциясына чыккандардын америкалык элчиликти басып алуу аракетинен кийин болуп жатат. Вашингтон дипмиссияга кол салуу генерал Сулейманинин буйругу боюнча болгон иш деп билдирди. 

Америкалык аскер жетекчилеринин маалыматы боюнча, Касем Сулеймани жана анын «Кудс» күчтөрү курман болгон америкалык жүздөгөн аскерлер жана эл аралык коалициянын аскерлери үчүн жооптуу.

Ошол эле учурда Ислам революциясынын сакчыларынын корпусунан Сулеймани менен бирге Ирактын "Катаиб Хезболла" шиит тобунун башчысы Абу Махди Мухандиз да өлтүрүлгөнүн билдирүүдө.

"Катаиб Хезболла" - аскердик ирак тобу 2007-жылы Ирандын колдоосу астында түзүлгөн. АКШнын маалыматы боюнча, «Катаиб Хезболла» Ирандын Ислам революциясынын сакчыларынын корпусу менен тыгыз байланышта болуп, көп жолу жардам алып, аны коалициялык күчтөргө кол салуу үчүн колдонгон. (КС)