Украина качкындары: Канча киши, кайда кетип жатышат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
БУУнун маалыматы боюнча, жарым миллиондон ашык жай тургун Украинаны таштап кетүүгө аргасыз болду.
Евробиримдиктин болжолунда, Орусия басып киргендиктен 4 миллиондон ашык киши өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышы ыктымал.
ЕБ качкындарды кабыл алуу эрежелерин жеңилдетип, ага мүчө мамлекеттер башпаанек издеп келгендерди “кучагын жайып” тосуп алууга даяр экенин билдирди.
Украина качкындары кайсы мамлекеттерге кетишүүдө?
Качкындар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия, Венгрия жана Молдова сыяктуу коңшу мамлекеттердин чек арасын кесип өтүп жатышат.
БУУнун билдиришинче дүйшөмбү күнү 500 миң украин ушул өлкөлөргө киришти.
БУУнун маалыматы боюнча, Польша азыркы тапта 280 миң украинди кабыл алды. Польша өкмөтүнүн айтымында дагы 50 миң качкын күн сайын келүүдө.

Мындан тышкары, Польша жарадар украиндерди ташуу үчүн медициналык поездди даярдап, алар үчүн 1230 оорукананын тизмесин түздү.
Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан бери Польшада бир миллиондон ашуун украин жараны жайгашты.
Жекшемби күнү кечинде БУУ берген маалымат боюнча, өлкөлөр кабыл алган киши саны:
- Венгрия 71,158
- Румыния 43,184
- Молдова 41,525
- Словакия 17,648
Словакиянын айтымында, бул өлкө күн сайын 10 миң качкынды кабыл алууда.
Коңшу мамлекеттерге кирүү үчүн качкындарга атайын документтер керек эмес экени айтылды. Бирок, кишилер улуттук же чет элдик паспортун, жанында коштоп алып бара жаткан балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүн, медициналык документтерди алып жүрүшсө жакшы болот.
Өлкөдөн кетүүгө дуушар болгон кишилер, качкын статусун алуу үчүн Украинанын жараны же чет өлкөлүк студенттер сыяктуу Украинада мыйзамдуу түрдө жайгашкан болушу зарыл.
Ошол эле учурда, көптөгөн кишилер чек ара өтмөктөрүнөн өтүү үчүн күндөп-түндөп узундугу 15 км чейин жеткен кезек күтүп жатышат. Дагы көптөгөн жарандар Украинанын шаарларынан чыгып кетүү үчүн поезддерге кире албай убара болушууда.

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY
Өлкөлөр качкындарга кандай жардам берип жатышат?
Эгерде Польшада жана башка коңшулаш мамлекеттерде качкындарды тосуп, кабыл ала алган тааныштары, туугандары жок болсо, алар кабыл алуу борборлорунда баш калкалай алышат. Качкындарга ал жерлерде азык-түлүк, медициналык жардам берилет.
Венгрия жана Румынияда качкындарга азык-түлүк жана кийим-кече үчүн акчалай түрдө жардам берилүүдө. Балдарга жергиликтүү мектептерде орун берилүүдө.
Мурда өлкөлөр качкындар үчүн кабыл алуу борборлорунда баш калкалоо үчүн убакыт чектөөлөрүн коюшкан, бирок алардын көбү мындай чектөөлөрдү алып саларын, украиндер ал жайларда канча керек болсо, ошончо убакыт кала аларын билдиришти.
Чех Республикасы “Миграция агымына даярдануу” планын ишке киргизди. Бул план боюнча, качкындарга зарылчылык жаралып кала турган болсо, өлкөдө мыйзамдуу жайгашуу үчүн жеңилдетилген процедуранын негизинде өзгөчө типтеги визаны алуу үчүн арыз берүүгө көмөк көрсөтүлөт.
Британия украин качкындары үчүн эмне кылып жатат?
Улуу Британиянын өкмөтүнүн айтымында, эгер украин качкындарынын британ жарандыгын алган туугандары бар болсо, алар Улуу Британияга келе алышат деп билдирди. Улуу Британиянын Киевдеги консулдук борбору жабык, бирок Львовдогу кеңсеси ачык, ошондой эле украин жарандар коңшу өлкөлөрдөгү британ консулдуктарына кайрыла алышат.
Улуу Британиянын жарандыгын алган украиндердин төмөндөгү үй-бүлө мүчөлөрү визага кайрыла алышат:
- расмий никеде турган күйөөсү/аялы же жарандык нике келишими боюнча шериги
- кеминде эки жылдык мамиледе болгон, баш кошо элек шериги
- 18 жашка толо элек балдары
- эгер небереси 18 жашка толо элек болсо, анын ата-энеси
- балдарга/чоңдорго кам көрө турган туугандары.

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY IMAGES
Канча украин жараны жер которду?
БУУнун болжолу боюнча, кеминде 160 миң украин согуштан качып, өлкө ичинде жер которууга дуушар болду.
Евробиримдик бул сан 7 миллионго жетип, 18 миллион украинге согуштун залакасы тиет деп болжоп жатат.
Гуманитардык жардам жана антикризистик башкаруу боюнча еврокомиссар Янез Ленарчич: “Бул эсептөөлөр болжолдуу болгонуна карабастан, бул өтө чоң сан, ошондуктан биз тарыхый масштабга жеткен өзгөчө кырдаалга даяр болушубуз зарыл”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Качкындар кандай укуктарга ээ?
Евробиримдик жана Франциянын расмий жетекчилеринин айтымында, согуштан качкан украиндерге блоктогу 27 мамлекеттин аймагында 3 жыл боюу калууга жана иштөөгө толук укук берүүгө камданып жатат. Ошондой эле, аларга социалдык жөлөкпул, баш калкалоо үчүн турак жай, медициналык кызмат жана балдарына билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Мындай чаралар Евробиримдиктин качкындарды коргоо боюнча убактылуу директивасына туура келет. Бул директива 1990-жылдары Балкан жарым аралында болгон согуштан кийин иштелип чыккан, бирок буга чейин бир да жолу колдонулган эмес.
Украиндер Евробиримдиктин аймагында каалаган жеринде жайгашып алышы үчүн качкындар үчүн учурда иштеп жаткан кадимки эрежелер жокко чыгарылды. (KGNE)












