Айфон Орусияда сатылбайт, айрым Apple кызматтары чектелүүдө

Айфон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусиянын Украинага басып киришине жооп катары Apple Орусияда сатууларын токтоткон дагы бир ири компания болуп калды.

iPhone жана Macbook өндүрүүчү компания Орусиянын чабуулуна тынчсызданып жатканын жана "зордук-зомбулуктан жапа чеккендерди" колдоп жатканын билдирди.

Өлкөдө Apple Pay жана башка кызматтар чектеле баштады.

ВТБ Банк сыяктуу орус тилиндеги мобилдик банкинг тиркемелери Apple iOS операциялык системасы бар түзмөктөрдө иштебей калышы мүмкүн, деп билдирди РИА агенттиги.

Өткөн аптада Украинанын вице-премьер-министри Михаил Федоров Apple жетекчилерине “Твиттерден” кайрылып, компаниянын товарлары менен кызматтарынан, ошондой эле App Store дүкөнүнөн Орусияны ажыратууга чакырган кат жазды.

Буга чейин Google Орусия өкмөтү каржылаган медиа уюмдарына YouTube сайтынын айрым жарнамалык куралдарын колдонууга тыюу салган эле. Ошону менен бирге Google Орусиянын мамлекеттик RT телеканалын издөө системасынан алып салды.

“Биз бардык санкция талаптарын аткарууга милдеттүүбүз жана мониторинг жүргүзүүнү улантабыз”, - деп билдирди компания.

Google компаниясы Би-Би-Сиге билдиргендей, Орусияда банк кызматтарын пайдаланган, санкцияга илингендер үчүн Google Pay кызматтары чектелүүдө.

Google Орусияда толук жабылган жок. Издөө системасы, карталар жана YouTube сыяктуу Google кызматтарынын көбү учурда Орусияда ишин улантууда.

Би-Би-Синин технологиялык кабарчысы, Жеймс Клэйтондун комментарийи

Адатта Apple компаниясы дүйнөлүк окуяларга байланыштуу өз пикирин ачык айтпай иштеп келген. Маселен, бул компания Кытайда уйгур тектүүлөргө басым болуп жатканы тууралуу унчукпай келгени үчүн катуу сынга алынган.

Ушул себептен улам iPhone өндүрүүчү компаниянын учурдагы кадамы маанилүү жана адаттан тыш көрүнүш.

Көптөгөн дүйнөлүк бренд Орусияда ишин токтотуп, бул өлкөнү барган сайын обочолонтуп жатат. Бирок Apple компаниясы дагы толугу менен Орусиядан чыгып кетет деп айтканга болбойт. Компания Украинада болуп жаткан окуяларга унчукпай койгону үчүн буга чейин эле сынга алынып келди.

Учурда Орусияда Apple продукциялары колдонулуп жатат, азыркы iPhone ээлери App Store дүкөнүн пайдалана алышат, андыктан сатууну убактылуу токтотуу дароо эле эффект бербейт.

Бирок дүйнөлүк бренддер улам Орусиядан чыгып кетип, орусиялыктар көнүп калган товарларын сатып алуу мүмкүн болбой калганын көбүрөөк байкашат. (ErA)