Белди бекем бууйлу: Россияга салынган санкциялардан Борбор Азия канчалык жабыркайт?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Украинадагы согуштун айынан Батыш өлкөлөрү Россияга салган оор санкциялардын кесепети Борбордук Азия өлкөлөрүнө да тие турган болууда.

Кыргызстан: экспортерлор биринчи күйөт
Кыргызстанда сомдун долларга карата куну түшүүдө. Улуттук банк валюта рыногуна интервенция жасап, кырдаалды туруктуу кармоого аракет кылууда.
Украинада согуш башталганда кыргыз президенти Садыр Жапаров аш-тойлордогу ысырапкорчулукту тыюу жөнүндө жарлыгын чыгарды. Кеп биринчи кезекте маркумду акыркы сапарга узатууда көп мал союлган чыгымдарды токтотуу жөнүндө болуп жатат. Бул жарлыктын максаты элди сарамжал жашоого үндөө болгон менен анын укуктук, маданий жагында дагы көп суроолор чыгууда.
Анын артынан эле Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, жакын арада улуттук валюта катуу басымга кабылышын эскертип, Улуттук банктын алтын куймаларын сатып алууга чакырды.
“Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок”,-деди президент.
Садыр Жапаров ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыкканын айтууда. Бирок ал кандай чаралар экени аталган жок.
Президент өзүнүн кайрылуусунда жакынкы апталарда өлкө боюнча “Мекен чакырыгы” аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы да ишке кирет деп билдирди:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Бул жүз миңдеген жарандарыбыздын Кыргызстанды жакшыртууга салым кошуусуна жана өз үй-бүлөлөрүн камсыз кылуусуна шарт түзөт. Калктын аялуу катмары: жалгыз бой калгандар, жетимдер жана кары-картаңдар социалдык камсыздоо органдарынан болушунча колдоо алышат”.
Рублдун кулашы Россиядан иштеп жүргөн миллиондон ашык кыргыз жарандарынын кирешесинин доллар эквивалентинде кыскарышына алып келди. Бул мигранттарды катуу кабатыр кылбай койгон жок.
Андан сырткары, анын Россияга экспортко иштеген ишкерлерге зыяны тийүүдө.
“Биздин экспортерлорго, мисалы, кийим тигүү, айыл чарба тармагында иштеген экспортерлорго бул көп жагдайларды жаратат. Анын себеби, рублдин кескин төмөндөп кетиши алар үчүн экспорттук потенциалды жок кылууда. Экинчиден, рублдин кескин төмөндөшү Кыргызстанда, албетте, Россиядан келген продуктулардын арзандашына алып келет. Бул жагынан караганда Россиянын өндүрүүчүлөрүнө жакшы, бирок Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнө жакшы эмес, анткени конкуренттүүлүктү жоготобуз”,-дейт экономист Кубан Чороев.
Казакстан: мунай экспортуна коркунуч бар
Казакстандын Улуттук банкы дүйшөмбүдө валюта рыногуна 98 миллион АКШ долларды интервенция жасап, биржадагы сооданын алгоритмин өзгөртүп өткөрдү.
Нур-Султан менен Алматыдагы акча алмашуу жайлары долларды сатууну жана сатып алууну токтотуп койгонун Kurs.kz сайты билдирди. Ошондой эле евро менен рублди да сатпай жана сатып албай турушат.
Украинадагы согуш баштала электе эле Токаев Коопсуздук кеңешин чакырып, Россияга салына турган эл аралык санкциялардан келе турган зыянды азайтуунун антикризистик чараларын иштеп чыгууну тапшырган. Евразия экономикалык биримдигиндеги Россия менен соода-экономикалык алакасы абдан тыгыз өлкө катары Казакстан да катуу зыян тартышы ыктымал.
Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Женевада БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясында чыгып сүйлөп, Украинадан улам Батыштын Россияга салган санкциялары Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн баарынын экономикасына таасир берерин билдирди. Анын айтымында, рублдун артынан тенге дагы кунун жоготуп кулай баштады.
“Андан сырткары, товарлардын транзити, соодага тийиштүү толтура проблема чыгууда, бул азыр эң кабатыр кылган маселе”,-деди министр.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эркин финансист Чеботаревдун айтымында, валюталык кризистин артынан Казакстандын карманган негизги байлыгы мунайдын экспортуна зыяны тийиши ыктымал.
“Биз азыр курстан жоготуп жатабыз, бирок мындан ары бизге аябай эле олуттуу тиет. Анын үстүнө унутпашыбыз керек, биздин мунай Каспий түтүгү аркылуу сатылат. Эгер санкциялар энергетикалык эмбаргого келсе, Россиядан мунай жана газ сатып алууга тыюу салынса, бул тикелей бизге тийет”,-деди эркин финансист Чеботарев.
Өзбекстан: "«UZAUTO MOTORS» " тетиктерди алуудан кыйналат

Сүрөттүн булагы, uzautomotors.com
Өзбекстан Евразия экономикалык биримдигине кирбейт, бирок кирүү алдында турат. Президент Шавкат Мирзиёев Россия-Украин чатагында өзүнүн өлкөсү бейтарап позицияда болорун билдирген.
Өзбекстандын башынан эле Россия менен да, Украина менен дагы тыгыз экономикалык алакасы бар. Россияга салынган санкциялардын, рублдин куну качканынын кесепети эң биринчи кезекте Россияда иштеп жүргөн жүз миңдеген өзбек жарандарына тиет.
“Рублдун кулашы Россиядагы өзбек эмгек мигранттарынын кирешеси доллар эквивалентинде азаят дегенди билдирет. Ага кошул-ташыл, Өзбекстанга Россиядан кредиттер менен инвестициялар азаят. Бул өлкөгө валюталык киреше кыскарат. Сумдун курсу төмөндөйт. Качан, аны азыр айтыш кыйын. Бирок анын басымы азыр башталышы керек: анткени эл чочулап, өздөрүнүн акчасын валютага которуп баштайт”,-деди “Озодликка” белгилүү экономист, Өзбекстандын экономикалык өнгүүсүнө өбөлгө институтунун директору Юлий Юсупов.
Ташкендеги журналист Төлөнбай Курбанбаевдин айтымында, сумдун курсу туруктуу болуп турат, бирок Россиянын портторун пайдаланган өнөр жай ишканаларында кыйынчылык башталды.
"Россияга салынган санкциялардын залалы UzAuto Motors компаниясына тиет деп жатышат, анткени ал тетиктердин элүү пайызын Россиянын порттору аркылуу алат экен. Ошондой эле наркы 16,5 миллион долларлык өзбек-украин биргелешкен экономикалык долбоор бар эле, ал дагы токтогону айтылууда. Кыскасы залалы кыйла эле болот", -деди Төлөнбай.
UzAuto Motors керектүү чийки зат менен комплектөөчү тетиктерди баарын доллар менен сатып алат, ошол себептүү анын чыгарган автоунааларынын баасы да көтөрүлбөй койбойт.
Мындан сырткары, Өзбекстан Россияга текстиль, айыл чарба продукцияларын экспорттойт, алардын да жоготуулары болбой койбойт.








