Эмнеге айрым орус олигархтары Британиянын санкцияларына кабылбай калды?

Роман Абрамович, 2022-жылдын 12-февралы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Роман Абрамович, 2022-жылдын 12-февралы

Улуу Британиянын өкмөтү Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу санкциялык тизмеге дагы бир нече жеке киши менен компанияны киргизгенин жарыялады. Бирок айрым орус ишкерлери АКШ же Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирген менен, Улуу Британиянын тизмесинде жок.

Алардын аты-жөнүн орусиялык оппозиционер Алексей Навальный санкциялоого сунуштаган, 35 кишиден турган тизмеде камтылган. Бул тизмени британ парламентинде либерал-демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Лайла Моран жалпыга окуп берди.

Олег Дерипаска

Президент Путин менен Олег Дерипаска, 2014-ж.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Путин менен Олег Дерипаска, 2014-ж.

Президент Путин менен тыгыз байланышта болгон өндүрүшчү Олег Дерипаска АКШ тарабынан 2018-жылдын апрель айында санкциялык тизмеге киргизилген. АКШ Финансы министрлигинин айтымында: “ага карата акча адалдоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, ага бизнес-атаандаштарынын өмүрүнө коркунуч келтирүү, мамлекеттик кызматкердин телефон сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз угуу, ошондой эле опузалоо, рэкетке катышуусу үчүн айыптар тагылган. Мындан тышкары, Дерипаска мамлекеттик кызматкерлерге пара сунуштаганы, ишкердин көзүн тазалоого буйрутма бергени жана орусиялык уюшкан кылмыш топтору менен байланышы бар деген кептер айтылат”.

Дерипаска алюминий өндүрүүчү EN+ компаниясынын 45% ээлик кылат. Бул ишкана Лондон Фондулук Биржасында (ЛФБ) 2017-жылы листингге кирген. Андан бери 1,5 млрд АКШ долларын (1,1 млрд стерлинг фунту) тарта алган. Учурда бул ишкананын аткаруучу төрагасы болуп, Улуу Британиянын мурдагы энергетика министри, консерваторлор тарабынан дайындалган Лорд Баркер кызмат кылат. 

АКШ өкмөтү EN+ ишканасына каршы 2018-жылдын апрель айында санкция киргизген. Бирок 2019-жылы Дерипаска ишканадагы өзүнүн үлүшүн азайткандан кийин, санкциялар алынган.

Биз комментарий алуу үчүн Дерипаска менен байланыштык.

Башка санкциялык тизмелерге киргендер

Навальный Евробиримдик же АКШ санкциялык тизмелеринде орун алып, бирок Улуу Британиянын тизмесине кирбей калган дагы беш кишинин аты-жөнүн атады. 

Андрей Костин, Орусиянын мамлекеттик ВТБ банкынын президенти, азыркы учурда АКШнын санкциялык тизмесине гана киргизилген. 

Улуу Британия ЛФБда котировкаланган “ВТБ Капитал” компаниясын санкциялана турган ишканалардын тизмесине кошту. ЛФБ аталган банктын ишмердигин 25-февралда убактылуу токтотту. 

Александр Калашников, Евробиримдик тарабынан адам укуктарын бузган кишилердин тизмесине киргизилген. Ал 2021-жылы Орусиянын Федералдык жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси кызматынан алынган. Буга Орусиянын түрмөлөрүндө кеңири жайылган кыйноолорго байланыштуу жаңжал себеп болгон. 

Виктор Золотов — Росгвардиянын башчысы. Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирип, Улуу Британиянын тизмесинде кошулган эмес. Анын үй-бүлөсү Орусиядагы кыймылсыз мүлк секторунда иш жүргүзгөн эң бай үй-бүлөлөрдүн бири. 

Роман Абрамович

Роман Абрамович

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Навальный берген тизмеде орун алган дагы бир атактуу киши - “Челси” футбол клубунун ээси Роман Абрамович. 

Абрамович Улуу Британия, ЕБ же АКШ тарабынан эч бир санкцияга кириптер болгон эмес.

Орусиялык миллиардер өз байлыгын СССРдин ыдырап кетишинен кийин мунай сатуунун аркасы менен топтогон.

Азыркы учурда анын жыйнаган мүлкүнүн тизмеси өтө узун, анын ичинде Лондондун Кенсингтон аймагында хансарайы дагы бар.

Улуу Британиянын бир нече депутаты Абрамович Кремль менен тыгыз байланышта болгонун айтып, анын мүлкүнө карата санкция киргизүүнү сунушташкан. Миллиардер ага карата айтылган айыптоолорду мойнуна алган жок. 

Премьер-министр Борис Жонсон Абрамовичке карата санкциялар киргизилгени жөнүндө туура эмес маалымат бергени үчүн айткан сөзүн төгүндөөгө мажбур болду. Ал эми британ тышкы иштер министри Лиз Трасс, бул орусиялык олигархка карата өкмөт тарабынан санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып-каралбаганы жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты.

Лейбористтик партиянын депутаты Крис Брайант, 2019-жылы британ ички иштер министрлигинен ачыкка чыгып кеткен документтен цитата келтирип, ошол жылы Абрамович Британ өкмөтү тарабынан түзүлгөн ыктымалдуу санкциялык тизмеде болгонун айтып чыкты. 

Парламентте цитата катары айтылып жаткан документте: “Абрамовичтин орус мамлекети менен болгон байланыштары, коомчулукта анын коррупциялык ыкмаларды колдонгону жөнүндө аңыз-кептер айтылып жүргөнү үчүн санкцияларга дуушар болгону жөнүндө айтылат... Абрамович саясий таасир үчүн акча төлөгөнүн сот процессинде мойнуна алганы, анын далили”. 

Депутат Брайант: “Ошондон бери дээрлик үч жыл өтүптүр. Тилекке каршы, олуттуу эч кандай чара көрүлбөптүр”, - деп кошумчалады.

Роман Абрамович буга чейин Владимир Путин, же Кремль менен тыгыз финансылык байланыштары болгонун четке каккан. Биз анын дарегине айтылган соңку комментарийлер тууралуу андан жооп алуу үчүн аны менен байланышка чыкканбыз.

26-февралда, Абрамович “Челси” футбол клубун “башкаруу жана ага кам көрүү ишин клубдун кайрымдуулук фондуна өткөрүп бердим”, - деп жар салды. Бирок, кантсе дагы ал дагы эле клубдун ээси бойдон калууда. 

Орусиялык компаниялар

Британ парламентинде эмне үчүн Орусиянын айрым компанияларына дагы каршы чаралар көрүлбөгөнү жөнүндө суроолор узатылды.

“Газпром” дүйнөдөгү жаратылыш газы тармагында иш жүргүзгөн эң ири компаниялардын бири болуп, жарым-жартылай түрдө мамлекеттин менчиги болуп саналат. 

“Газпром” АКШнын санкцияларына кириптер болгон, бирок Улуу Британиядан бул компанияга карата эч кандай чара көрүлө элек. 

 “Роснефть” дагы ушундай абалда. Бул мунай иштеткен компаниянын 40% орус өкмөтүнө, ал эми 20% британиялык ири мунай компаниясы “British Petroleum” ишканасына таандык. 

24-февралда, Элдик палатада либерал-демократтардын лидери Эд Дейви “Роснефть” жөнүндө сөз кылып, “Премьер-министр британ инвестицияларын орусиялык мунай газ компанияларына багыттоону дал ушул замат токтотууга милдеттенме алар бекен” 

Борис Жонсон: “Биз Орусиянын мунай жана газ ресурстарынан болгон көз карандылыгыбызды толугу менен жоюшубуз керек, Улуу Британиянын өкмөтү алдына ушундай максат койду”, - деп, депутат Дейвинин суроосуна түз жооп берген жок.

Канча ишканага санкция салынды?

Борис Жонсон 24-февралда Элдик палатада берген баяндамасында: “Биз санкциялык тизмеге киргизген жүздөгөн юридикалык жана жеке тараптардан тышкары, Орусиянын дагы башка жүздөгөн жарандарынын менен ишканасынын активдерин тоңдурабыз”, - деп билдирди.

Бирок, британ өкмөтүнүн санкциялык тизмесинде алты компания жана беш кишинин аты гана көрсөтүлгөн. Аларга каршы жаңы санкциялар салынды.

Би-Би-Си өкмөттөн санкцияларга кириптер болгон дагы башка кишилер менен компаниялардын аты-жөнүн тактап беришин өтүндү. (KGNE)