Орус банктары SWIFTтен ажыратылат, Борбордук банкттын резервдери тоңдурулат

Украинадагы согушка каршы митингдерде нааразылык билдирип чыккандар Россияны SWIFTтен өчүрүүнү талап кылышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согушка каршы митингдерде нааразылык билдирип чыккандар Россияны SWIFTтен өчүрүүнү талап кылышты

Евробиримдик, АКШ, Канада жана Британия орус банкттарын эл аралык SWIFT банктык системасынан өчүрүүнү макулдашты. Россия Украинага кол салганы үчүн санкцияларга тушугууда.

"Бул макулдашууга ылайык орус банкттары эл аралык финансы системасынан ажыратылып, алардын глобалдык масштабда иштөөсү чектелет", - деп айтылат Европа комиссиясы, Франция, Германия, Италия, Британия, Канада жана АКШнын бирдиктүү билдирүүсүндө.

"Путин украин элине каршы акыл-эси менен ачкан согушту айыптайбыз. Бул үчүн Россиядан жооп сурап, баарыбыз бул согуш Путин үчүн стратегиялык жеңилүү болуп калуусуна жетишебиз", - делет бул тууралуу документте.

Муктаждык болсо, Россиянын башка банкттары дагы SWIFTтен ажыратылышы мүмкүн экенин Германиянын өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Хебештрайт тактады.

"Эл аралык коомчулуктун санкцияларына тушуккан бардык орус банкттары, керек болсо башка дагы Россиядагы банкттар SWIFT системасынан өчүрүлөт. Мунун менен банкттар эл аралык финансылык агымдардан тыш калып, алар глобалдуу иш жүргүзүүсү чектелет ", - деди Хебештрайт.

SWIFT компаниясы европа бийликтеринен деталдуу маалымат алгандан кийин орус банкттарына чектөөлөр киргизүүгө даяр экенин айтышты.

Мындай чара көптөн бери эле талкууланып келген, ар кайсыл өлкө лидерлери муну эң акыры чара деп эсептеп келишкен, Россиянын ырасмийлери мындай чарадан Европанын өзү да андан жапа чегерин айтышчу.

Россия банкынын активдерин тоңдуруу

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, союздаштар Россия банкынын активдерин тоңдуруу тууралуу дагы макулдашканын билдирди.

"Биз орус Борбордук банкынын активдерин кыймылдатпай салалы деп жатабыз", - деди ал. Анын айтымында, мындай шартта Россия "аскердик бюджетин колдоно албай калат".

Россиянын Борбордук банкынын валюталык резервдери 640 миллиард долларга барат. Анын көбү батыштагы борбордук банкттарда – мисалы, Нью-Йоркто, Лондондо, Франкуртта сакталган. Аларды тоңдуруп салуу орус экономикасына көп эле таасирин берет.

Россия банкынын алтын-валюталык резервдерге колу жетпей калышы, анын банкттарды колдоо мүмкүнчүлүгүн кыскартат, интервенция жасап, рублдун наркын жөнгө сала албай да калат.

Борбордук банкка болгон мындай чара Россияда финансылык хаоско жаратышы болжонот. Элдер банкттан массалык түрдө акчасын кайтарып, рубль наркын жоготуп, ал эми орус ишкерлери дүбөлөң түшүшү мүмкүн.

Ак үйдүн өкүлү брифингде Батыштын бул жаңы санкцияларынан кийин Россиянын банк системасы куларын айтканын Рейтер агенттиги жазып чыкты.

"Алтын паспорттордун" доору бүтөт

АКШ жана анын союздаштарынын бирдиктүү билдирүүсүндө дагы үч милдеттенме бар. Биринчиден, алар мындан ары "алтын паспорт" аталган жарандык сатууну токтотушат.

Экинчиден, киргизилип жаткан санкциялардын натыйжалуулугун камсыздоо үчүн атайын максаттуу топтор түзүлөт.

"Орус өкмөтү, элитасы жана чиновниктерине карата санкцияларды жана башка финансылык чараларды көрүүгө милдеттенме алабыз, мындан тышкары алардын балдары жана өнөктөштөрүн аныктап, алардын дагы биздин юрисдикциядагы активдерин аныктап, тоңдурууга милдеттенме алабыз", - делет билдирүүдө.

Үчүнчүдөн АКШ, Канада жана Евробиримдик "дезинформация жана гибриддик согуштун башка түрлөрүнө карата согушту активдештирип, координациялайт".

SWIFT деген эмне жана аны кантип өчүрөт?

SWIFT төлөм системасы эмес, бирок ал акча которуулар, келишимдер жана башка финансылык документтер тууралуу дүйнө жүзүндөгү финансылык уюмдардын маалымат алмашуучу башкы канал.

Бардыгы болуп SWIFT системасы менен болжолу 11 миңдей уюм колдонот, алардын ичинде дүйнөнүн туш тарабындагы каржылык эмес уюмдар дагы бар.

Айрым эсептөөлөр боюнча бул система аркылуу жылына 5 миллиарддай маалымат өтөт.

Кээ бир өлкөлөрдүн өзүнүн банк аралык маалымат алмашуу системалары бар, бирок алар аркылуу чет элдик валюта менен келишим жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан SWIFT баары бир маалымат алмашуунун башкы каналы бойдон кала берет.

SWIFT – эч бир мамлекеттин талабына баш ийбеген көз карандысыз компания жана ал санкциялардын куралы болгусу келбейт.

Бирок Евробиримдикке мүчө Белгияда орун алган европалык компания катары ал ЕБдин жалпы чечимине баш ийүүгө жана санкциялар киргизилген банктарды өчүрүүгө мажбур.

Россия үчүн бул кандай мааниге ээ?

SWIFT Россиянын банктарын өчүрсө өлкө финансылык эле жоготууларга тушукпайт, кадыр-баркы да түшөт.

Украин кризиси башталган жылдардан бери Россия мындай сценарийге даярданганга жетишти, балким, бул жолу анын экономикалык чыгымы мындан сегиз жыл мурдагыдай деле чоң болбойт. Бирок орус бизнеси сөзсүз түрдө алдыдагы соккуларга даярданып коюшу керек.

Эң алды банктык кызмат көрсөтүүлөр көп жылдарга артка кетет. Алалы, россиялык бир банк башка бир банкка төлөм тууралуу буйрук бериши керек. Мурда мындай буйрук SWIFT аркылуу бат эле дарекке жетчү, бирок эми бизнес башка коммуникациялык жолдорду издеши керек.

Глобалдуу соода доорунда бул чектөө финансылык агымдардын кымбатташына жана анын жайлашына алып келет, бул барып россиялык бизнести узакка созулган локдаунга жөнөтөт.

SWIFT буга чейин санкция салынган Иран жана Түндүк Кореянын банкттарын өчүрүүгө мажбур болгон. (EK)