Шойгудан Симоньянга чейин: Орусияга салынган санкциялардын тизмеси

Санкция

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES/BBC

Евробиримдик өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңеши Орусиянын “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик еспубликасынын” көз карандысыздыгын таануусуна байланыштуу санкциялар пакетин кабыл алды.

Тизмеге Мамлекеттик Думанын депутаттары, банктар, чиновниктер, ишкерлер жана мамлекеттик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирди. Санкцияга киргендер Евробиримдик өлкөлөрүнө кире албайт жана алардын Евробиримдиктеги активдери тоңдурулат.

Санкциялар пакети ДЭР, ЛЭР аймактарын Орусиянын тааныганына жана аймакка орусиялык аскерлердин киргизилишине жооп иретинде кабыл алынганы айтылууда:

“Мындай чечимдер мыйзамсыз жана кабыл алынгыс. Алар эл аралык мыйзамдарды, Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн, Орусиянын өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин бузуп, кризистин андан ары курчушуна алып келет”, - деди Жозеп Боррель.

Санкция тизмесинде кимдер бар?

Бул тизмеде аскер кызматкерлеринин жоон тобу, анын ичинде коргоо министри Сергей Шойгу да бар. Санкция тизмесине аскер-деңиз флотунун башкы командачысы адмирал Николай Евменов, анын орун басары Владимир Касатонов, Кара деңиз флотунун командачысы адмирал Игорь Осипов, кургактагы аскерлердин башчысы Олег Салюков, аба-космос күчтөрүнүн башкы командачысы Сергей Суровикин, анын орун басары Сергей Дронов кирди.

Мамлекеттик кызматкерлердин ичинен президенттик аппараттын жетекчиси Антон Вайно, вице-премьер-министр Марат Хуснуллин, өкмөт аппаратынын жетекчиси Дмитрий Григоренко, экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысы Максим Решетников, Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой жана башкаларга санкция салынды.

Мамлекеттик медиа өкүлдөрү арасында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова, RT телеканалынын жетекчиси Маргарита Симонян, телеалпаруучу Владимир Соловьев тизмеге киргизилди.

АКШ санкциялары

Санкция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бир күн мурун АКШ президенти Жо Байден Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча Вашингтондо өткөн брифингде АКШ Орусиянын мамлекеттик карызына каршы санкция киргизип жатканын билдирген.

Промсвязьбанк жана ВЭБ менен кошо анын туунду компаниялары, анын ичинде ЦСКА футбол клубу АКШнын санкцияларына кирет.

Блумберг агенттиги өзүнүн расмий булактарына таянып, санкция тизмесине Сбербанк менен ВТБ дагы кабылышы мүмкүн деп айтууда.

Башка өлкөлөрдөн келген санкциялар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шейшембиде Британия санкциялар тизмесин жарыялады. Анда Лондон орусиялык беш банкты жана Владимир Путинге жакын үч бизнесменди – Геннадий Тимченкону, Борис Ротенбергди жана анын жээни Игорь Ротенбергди киргизди.

Канада, Австралия жана Жапония дагы Орусияга каршы санкция жарыялады. Жапониянын премьер-министри Фумио Кишида өлкөдө Орусиянын мамлекеттик карыздарын алууга тыюу саларын, ошондой эле активдерин тоңдурарын жана бир катар орусиялык жарандарга виза берүүгө тыюу сала турганын билдирди.

Орусиянын эки мамлекеттик банкы Канаданын санкцияларына кабылды (кайсы банк экени көрсөтүлгөн эмес). Канаданын жарандарына жана компанияларына ДЭР, ЛЭР менен кандайдыр бир финансылык операцияларды жүргүзүүгө жана Орусиянын мамлекеттик карызын сатып алууга катышууга тыюу салынат. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо ДЭР, ЛЭР аймактарынын көз карандысыздыгын таанууну колдоп добуш берген Орусиянын Мамлекеттик Думасынын бардык депутаттарына да санкциялар киргизилет деп билдирди. (ErA)