Украина өзгөчө кырдаал жарыялап, жарандарын Орусиядан чыгып кетүүгө үндөдү

Орусиянын оор техникасы

Сүрөттүн булагы, EPA

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизүүнү чечти. Бирок ал Луганск жана Донецк облустарына тиешелүү эмес. Эми мындай чечимди Жогорку Рада бекитиши керек. Мурдараак Украинанын тышкы иштер министрлиги жарандарын коопсуздук маселесине байланыштуу Орусиядан тез арада чыгып кетүүгө чакырган.

Материалда 23-февралга карата маалыматтар берилет. 24-февралга карата соңку окуялар менен таанышуу үчүн бул макалага өтүңүз.

Орусиянын Федерация кеңеши президент Владимир Путиндин армияны чет жерде колдонуу жөнүндөгү сунушун ырастады. Орусиянын күчтөрү өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялап алган “Донецк элдик республикасы” (ДЭР) менен “Луганск элдик республикасына” (ЛЭР) “тынчтыкты орнотуу үчүн” жөнөп жатат. Эл аралык коомчулук ДЭР менен ЛЭРди суверендүү Украинанын бир бөлүгү катары көрөт.

Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында кырдаал курч бойдон турат. Ок атышуулар жөнүндө маалыматтар келип түшүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн билдирүүсүндө өлкө “эч кимден коркпосун жана эч кимге эч нерсе бербесин” айтты.

Британия Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Алар Путинге жакын бизнесмендерге жана беш банкка тиешелүү.

Германия “Түндүк агым 2” газ түтүгүнүн курулушун токтотору жөнүндө жар салды. Аталган түтүк аркылуу Орусиянын газы Украинаны айланып өтүп, Европага жеткирилмек.

“Украина кырдаалды дипломатия менен чечүүгө да, согушка да даяр”

Владимир Зеленский

Сүрөттүн булагы, Reuters

Зеленский Украинанын элине кайрылып, өзгөчө маалда резервисттерди аскерге чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койгонун билдирди.

“Ыкчам резервге тартылган жарандар жөнүндө гана сөз болууда. Кырдаал өтө тездик менен өзгөрүп жатат. Украина армиясынын бардык ыктымал жагдайга карата даярдыгын көтөрүшүбүз керек”, — деп тактады ал.

Массалык мобилизацияга, Зеленскийдин айтымында, азыркы күндө муктаждык жок.

“Биз украин армиясы менен башка аскердик бөлүктөрдүн курамын ыкчам түрдө топтошубуз керек”, — деп түшүндүрдү Украинанын президенти.

Андан тышкары, УНИАН маалымат агенттигинин кабарлашынча, Украинада “экономикалык мекенчилдик” программасы ишке киргизилүүдө. Ага ылайык, бизнес жана банк системасына болгон салык жүгү кыскартылып, бензин менен дизелге кошумча нарк салыгы (КНС) төмөндөгөн.

Украина кризиси

Украинанын бийлиги Донбасстын айланасындагы кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө да, согушка да даяр экенин билдирди. Киев Орусия Украинаны коркутуп жатат деп эсептерин белгиледи Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

“Биздин “А планыбыз” бар. Ал Орусияны токтотуп, кийинки агрессияны болтурбоо үчүн бардык дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу. “Б планыбыз” да бар. Ал жеңишке жеткенге чейин аймагыбыздын, шаарларыбыздын ар бир карыш жери үчүн согушуу”, — деди Кулеба АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин.

Ошону менен бирге эле ал Украина орусиячыл ДЭР менен ЛЭР көзөмөлдөгөн аймактардын көз карандысыздыгын эч качан тааныбай турганын белгиледи. Аталган эки аймактын эгемендигин Москва тааныган.

Путин орус армиясын чет жерде колдонууга уруксат алды

Владимир Путин
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусиянын Федерация кеңеши Путинге армияны чет жерде колдонууга уруксат берди.

Аскердик күчтөр кайда жана канчага чейин колдонуларын президент өзү чечет.

Путин журналисттер менен болгон жолугушууда Украинанын чыгышындагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү жөнүндөгү Минск макулдашуусу “Украинанын азыркы бийлигинин аракеттери” менен жокко чыгарылганын билдирди.

“Алар ДЭР менен ЛЭРди тааныганга чейин эле, мурдатан жер менен жексен болгон”, — деп кошумчалады Путин.

Анын айтымында, өзүнүн эгемендигин жар салган республикаларды таануудан башка Орусиянын жолу калган эмес. Себеби Москва “Донбасстагы элди тукум-курут кылууга чыдай албай калган”.

Орусия Украинадагы дипломаттарын жакынкы күндөрдө эвакуациялай турганын орус тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган мекемеден билдиришкендей, 2014-жылдан бери (Крым аннексияланып, Донбасстагы кырдаал курчуп кеткенден кийин) Орусиянын Киевдеги элчилиги менен Одессадагы, Львовдогу, Харьковдогу генералдык консулдуктары бир нече жолу кол салууга туш болгон.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин ишендиришинче, Украинадагы орус дипломаттарынын дарегине күч колдонуу боюнча коркутуу болуп, автомашиналары өрттөлгөн, Киев болсо ага эч кандай реакция кылган эмес.

АКШнын Орусияга каршы санкцияларынын биринчи пакети

Жо Байден

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Американын бийлиги дипломатия эшигин жаппаса да, бирок мурдараак айтылып жаткан Орусия менен АКШнын президенттеринин жолугушуусу азыр планда жок экенин билдирди Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки.

Андан мурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкендин ушул бейшембиге пландалып жаткан сүйлөшүүлөрү болбой турганы маалым болгон. Алардын жолугушуусу Байден менен Путиндин саммитине даярдоочу баскыч катары каралып жаткан.

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын айланасындагы кырдаалга арналган Вашингтондогу брифингде билдиргендей, Америка Орусия Федерациясынын суверендүүлүктөн кийинки карызына каршы санкция киргизмекчи.

Ошондой эле Американын санкциясы Орусиянын аскердик мекемелерин тейлеген “Роспромсвязь” банкына киргизилген.

Андан тышкары Байден жакынкы күндөрдө Орусиянын жетекчилигиндеги адамдарга жеке санкция киргизиле турганын жар салды.

“Шаршембиден тарта орус элитасына жана алардын туугандарына каршы санкция сала баштайбыз”, — деп кошумчалады АКШнын президенти.

Финансы министрлиги тарабынан жарыяланган Американын санкция тизмесинде ФСБнын директорунун уулу, ВТБ банкынын президенти Денис Бортниковдун орун басары, СВРдин мурдагы директорунун уулу, Промсвязьбанктын өкүлү Петр Фрадков, ошондой эле президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басарынын уулу жана VK компаниясынын генералдык директору Владимир Кириенко бар.

Орусия ДЭР менен ЛЭРди тааныганы үчүн Орусияга каршы АКШнын санкцияларынын биринчи пакети 2014-жылы салынган санкциялардан бир топ эле катаал болорун кабарлады Байден.

Дмитрий Кулеба менен Энтони Блинкен

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дмитрий Кулеба (солдо) шейшембиде Вашингтондо Жо Байден жана Энтони Блинкен менен жолугушту

АКШнын мамкатчысы Блинкен билдиргендей, Вашингтон Украинага толук кандуу кол салуунун алдын алдын алуу үчүн колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү ар дайым колдонот.

“Эгерде Москванын мамилеси өзгөрсө, анда биз мурдагыдай эле иштешүүгө даярбыз. Бирок Москва өз ниетинин олуттуу экенин көрсөтүшү керек болот. Акыркы суткада карама-каршысы болду”, — деди Блинкен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушуусу учурунда. Ал Москванын Украинанын чыгышына аскерлерди жөнөтөрүнө ишарат кылды.

Блинкен басып кирүү эбак эле башталган жана Владимир Путиндин максаты Украинаны толугу менен моюн сундуруу деп эсептейт.

Ошондой эле мамкатчы украиналык кесиптешин эгерде Орусия кырдаалды курчута берсе, АКШ ошол эле жол менен жооп кайтарарына ишендирип кетти. Башкача айтканда, Байден тарабынан жарыяланган санкцияга кошумча Орусиядагы жеке жактарга жана финансылык мекемелерге карата санкциялар күчөтүлөт.

Европанын санкциясы

Украина кризиси

Сүрөттүн булагы, Reuters

Германиянын канцлери Олаф Шолц өз өкмөтүнө “Түндүк агым 2” газ түтүгүнүн сертификациясын токтотуу боюнча көсөтмө бергенин билдирди. Аталган түтүк аркылуу Орусиянын газы Украинаны айланып өтүп, Европага жеткирилет.

Шолцтун айтымында, Орусиянын Украинага карата соңку аракеттеринен улам сертификация процесси улантылбайт.

“Бул техникалык деталь катары угулуп жаткан болушу мүмкүн, бирок ал маанилүү административдик кадам. Аталган түтүк сертификациядан өтпөсө, “Түндүк агым 2” өз ишин баштай албайт”, — деди Шолц.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн жаңыртылган санкция тизмесине Орусиянын беш банкы киргенин жарыялады. Ал эми Геннадий Тимченкого, Борис Ротенбергге жана Игорь Ротенбергге жеке санкция салынган.

“Орусия өзүнүн иррационалдык жүрүм-турумун уланта берет деп турабыз. Көрүнүп тургандардын баары Путин Украинага толук масштабда кол салууга ниет кылып жатканына ишарат кылууда”, — деди Жонсон.

Британиянын премьери Батыш Путинге кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк бергенин, бирок Орусия аны колдонбогонун айтты.

БУУ диалогго чакырды

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг дагы бир жолу Орусияны “жалган желек астында операциядан” оолак болууга чакырды. Ага ылайык, Орусиянын аскердик күчтөрү аныктоочу белгилерсиз бөлүп жарууга аралашып, Украинага кол салуу үчүн шылтоо издеши ыктымал.

“Украинанын аймагында орус чалгын кызматынын көп эле өкүлү иштеп жатканы маалым”, — деп билдирди НАТОнун Брюсселдеги жолугушуусунда сүйлөгөн Столтенберг.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг

Ал Орусияны басып кирүү планынан баш тартууга үндөп, “кол салууну жокко чыгарууга эч качан кеч эмес” экенин белгиледи. Ошондой эле ал эл аралык коомчулук тарабынан таанылган суверендүү өлкөлөрдөй эле Украинанын дагы НАТОго кирүүгө укугу бар экенин айтты.

Анын айтымында, коопсуздуктун айланасындагы өзгөрүп жаткан кырдаалдын шартында НАТО өзүнүн андан аркы кадамын ойлонуштурууда. Алардын арасында, мисалы, Румыниядагы аскердик күчтөрдү колдонуу варианты дагы бар.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинанын чыгышындагы эки жердин көз карандысыздыгын Орусия таануусу эл аралык укуктун бузат деди.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш

“Качан бир мамлекеттин күчтөрү экинчи өлкөнүн аймагына уруксатсыз киргенде, алар бейтарап тынчтык орнотуучулар эмес. Алар такыр тынчтык орнотуулар боло албайт”, — деп билдирди Гутерриш.

Ал тынчтык орнотуу түшүнүгү түп тамыры менен бурмаланып жатканына катуу тынчсызданып жатканын кошумчалады.

БУУнун баш катчысы Орусиянын ДЭР жана ЛЭР аттуу аймактарды таануу чечимин БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылган Минск келишимине сокку урду деп сүрөттөдү.

Гутерриш Украинада кырдаал андан ары курчуп кетүү коркунучу бар экенин билдирип, диалогго келүүгө чакырды. (EA)

Материалда 23-февралга карата маалыматтар берилет. 24-февралга карата соңку окуялар менен таанышуу үчүн бул макалага өтүңүз.