Украинада согушту болтурбоонун беш жолу

Жеймс Ландейл, дипломатиялык кабарчы

Орус аскери

Сүрөттүн булагы, Reuters

Украинада толук кандуу согуштун башталып кеткенин элестетүүнүн өзү эле коркунучтуу. Эгерде Орусия кол сала турган болсо, анда миңдеген адамдар каза болмок. Андан да көбү качып жөнөмөк.

Экономикалык кесепети катуу болмок, гуманитардык жактан бүлүндүрмөк.

Орусия айрым аскердик машыгуулары аяктаганын билдирген менен Батыштагы мамлекеттер Украинага кол салуу коркунучу курч бойдон турганын айтып жатышат.

Мындай кырдаалдан дипломатиялык жол таап чыгууга болобу? Мындай тирештен чыгуунун бекем жана тынчтык жолу барбы?

Дипломаттар “жолдон четтөө” жөнүндө сөз кылып жатышат. Ага ылайык, бардык тараптар согушка алып барган жолдон чыгышат. Бирок мындай жолду табуу оңой эмес.

Кандай гана мунаса табылбасын, анын өз баасы болот. Бирок төмөндө аскердик аракеттерди аттап өтүп, кандуу кесепетке алып барбай турган ыктымал жолдор жөнүндө сөз кылабыз.

Батыш Путинди артка тартууга ынандырат

Мындай сценарий боюнча, Батыштагы державалар Орусиянын президенти Владимир Путинди кол салуунун пайдасынан чыгашасы ашып түшөрүн айтып ынандыруу менен бастырып кирүүнү токтотуп калышат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ага адамдардын өмүрү кыйылары, экономикалык санкциялар жана дипломатиялык сокку ушунчалык чоң масштабда болору айтылат. Эгерде ал согуш талаасында аскердик жеңишке жетсе да, баары бир өтө жаман кесепети болорун түшүнөт.

Украинадагы аскердик көтөрүлүштү Батыш колдой турганынан ал коркуп, натыйжада кымбaтка түшкөн жана көп жылга созулган согушка кириптер болот.

Путин андай чыгашалар өлкө ичинде өзүнүн беделин түшүрүп, кадыр-баркына коркунуч туудурарын түшүнөт.

Ошондой эле ал сценарий боюнча, Батыш Путинге дипломатиялык жеңишти ыйгарууга аргасыз болот. Путин өзүн НАТОнун провокациясына куралдуу жооп кайтарбай, тынчтык жолун тандаган башкы каарман катары көрсөтөт.

Орусия дүйнө жүзүнө өзүнүн ири держава экенин эскертип, Беларустагы таасирин тереңдетет.

Бул сценарийдеги бир кыйынчылык — Путиндин иши оңунан чыкпай калганын айтуу оңой болот. Анын аракеттери Батышты бириктирип, НАТОнун күчтөрүн Орусиянын чек арасына жакындатмак жана Швеция менен Финляндияны НАТОго кирүүгө шыктандырмак.

Маселе Путин Украинаны көзөмөлдөгүсү жана НАТОну кыйраткысы келип-келбегенинде. Азыр ал артка тартып туруусуна бир нече себеп бар.

Орус аскерлери

НАТО менен Орусия жаңы коопсуздук келишимин түзөт

Батыштагы державалар түпкү принцибинен тайбай турганын ачык билдиришти. Ал принцип Украинанын суверендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү; Украинанын НАТОго кошулуу укугу; кайсы гана өлкө кошулууну каалабасын, баарына эшик ачык экени.

Бирок АКШ менен НАТО Европа коопсуздук маселесине кененирээк карай турган болсо, жалпы кызыкчылыктарды тапса болот деп ишенет.

Эки тараптан тең ракеталардын санын азайтуу боюнча куралданууну көзөмөлдөө жөнүндө мөөнөтү өтүп кеткен макулдашууларды кайра жандантуу болушу мүмкүн; Орусия жана НАТО күчтөрүнүн ортосундагы ишенимди бекемдөө боюнча чараларды күчөтүүнү; аскердик машыгууларды жана ракеталарды жайгаштыруу боюнча ачык-айкындуулукту жогорулатууну; жана ошондой эле спутникке каршы куралдарды сыноо тармагында кызматташууну камтышы ыктымал.

Орусия эбак эле аталган маселелер өзөктө анын тынчын алган нерсени канааттандыра албасын ачык айткан. Украина НАТОго кошулса, Орусиянын коопсуздугуна таасири тийбей койбойт.

Путин кандайдыр бир деңгээлде ийгиликти камсыздады: Европа коопсуздук сүйлөшүүлөрүнө Орусиянын шарттары менен аралаша баштады.

Украина менен Орусия Минск макулдашуусун жандантат

Ал Беларустун борбору Минскте 2014 жана 2015-жылы жетишилген келишим пакети. Макулдашуу Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон козголоңчулардын ортосундагы согушту токтотуу үчүн иштелип чыккан.

Салгылаш дале жүрүп жатканын эске алганда документ өз максатына жетпей калганы айдан ачык. Бирок аны менен жок эле дегенде ок атышууну токтотууну көздөй кадам ташталды.

Батыштагы саясатчылар Минск келишимин жандантуу азыркы кризисти чечүүгө алып барарын айтышат.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Минск келишими “тынчтыкты орнотууга мүмкүнчүлүк түзгөн жалгыз жол” деп билдирген.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Би-Би-Синин Today программасында билдиргендей, Минск макулдашуусу “чыңалууну басаңдатыш үчүн алга жылдырган бекем жол” болмок.

Маселе макулдашуунун жоболору чалкеш жана талаштуу болгонунда.

Кремль Украинадан орусиячыл саясатчыларды кубаттоо үчүн жергиликтүү шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Киев болсо Москванын адегенде куралдарды таштап, орус жоокерлерин чыгарып кетүүсүн каалайт.

Эң чоң талаш Минск келишими Донбастагы бөлүнүп кеткен анклавдарга канчалык автономия берүү боюнча жүрүүдө. Киев чакан өз алдынча башкаруу болсун дейт. Москва макул болбой, Донецк менен Луганск Украинанын тышкы саясаты боюнча добуш берүү укугуна ээ болушу керек экенин жана НАТОго кирүүгө вето коюу укугу жөнүндө сөз кылууда.

Бул Киевдин тынчын алган эң чоң коркунуч. Минск макулдашуусун жандантуу менен Украинанын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгып калышы мүмкүн.

Орус күчтөрү

Сүрөттүн булагы, Орусиянын коргоо министрлиги

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын миңдеген аскерлери биргелешкен машыгуу өткөрүү үчүн Беларуска барышкан

Украина Финляндиядай нейтралдуу болот

Украинаны кандайдыр бир нейтралдуу болууга ынандыра алышабы?

Франциянын расмийлери Украинага Финляндияны үлгү катары алуу сунушун бергени жөнүндө маалыматтар айтылып, артынан эле четке кагылды.

Финляндия Кансыз согуш маалында расмий түрдө нейтралдуулукка өткөн. Ал көз карандысыз, суверендүү жана демократиялык өлкө болгон. Ал ошондо эле жана азыркы күнгө чейин НАТОго кирген эмес.

Бул Киевге жагышы мүмкүнбү? Мындай сценарий аскердик кесепеттин алдын алышы ыктымал. Теориялык жактан ал Путиндин Украина НАТОго эч качан кирбөөсүн каалаганын канааттандырат.

Ал эми аскердик альянс дагы “ачык эшик” саясатынын баркын сактап калмак. Украина НАТОго кирбөө боюнча өзүнүн суверендүү тандоосун кылмак.

Бирок Украина бул вариантты колдойбу? Балким колдобойт. Анткени нейтралдуулуктун натыйжасында Украина Орусиянын таасири астында калып кетет.

Нейтралдуулукту сактоо оор болушу мүмкүн жана Орусия анын шарттарына моюн сунат беле? Нейтралдуукту тандоо менен Киев Евро-Атлантикалык мүдөөсүнөн баш тартып, чоң эле нерседен кол жуумак.

Нейтралдуулук менен Европа Биримдигине кирүү аябай эле создугуп кетет.

Азыркы тиреш статус-квого айланат

Азыркы тиреш жөн гана создугуп отуруп, убакыттын өтүшү менен басылып калышы мүмкүнбү?

Орусия машыгуулар аяктаганын айтып, өзүнүн аскерлерин акырындык менен казармаларга кайтарат. Бирок көптөгөн аскердик жабдуулар ордунда кала берет, кокус керек болуп калат деген ойдо.

Москва Донбасстагы жикчил күчтөрдү колдоону уланта берет. Ал эми Украинанын саясаты менен экономикасында Орусия тараптан жаралган үзгүлтүксүз коркунучтан улам туруксуздук өкүм сүрөт.

Батыш өз кезегинде Чыгыш Европада НАТОнун таасирин күчөтүүнү жөнгө салат. Батыштагы саясатчылар менен дипломаттар орусиялык кесиптештери менен күтүүсүз жолугушууларды өткөрө берет. Сүйлөшүүлөр жүргөн менен өзөктө өтө аз жылыш болот.

Украина кыйынчылыкка туш боло берет. Бирок жок дегенде толук кандуу согуш болбойт.

Ошентип тиреш акырындык менен маалымат каражаттарында чагылдырылбай, коомчулуктун көңүлүнөн алыстап, тоңдурулган жаңжалдардын узун тизмесине кирип калат.

Жогорудагы варианттардын бири да оңой же ыктымал эмес. Алардын баарында мунасага келүү маанилүү.

Киев Украина көп нерсе боюнча мунасага келиши керек болот деп коркуп турат. Бирок кыйратуучу согуш коркунучу канчалык чын жана анын алдын алуу үчүн эмне кылууга болот деп ойлонуп жатышат.

Азыр бардык тараптар натыйжасыз болсо да сүйлөшүүлөргө даярдай болуп турганы үмүт берүүдө. Адамдар канчалык узакка чейин сүйлөшүшсө, чечим табуу үчүн дипломатиянын эшиги да ачык тура берет, ал кичине ачык болсо да. (EA)