Украина кризиси Германиянын лидери үчүн чоң сыноо

Женни Хилл, Би-Би-Синин Берлиндеги кабарчысы

Олаф Шолц

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиянын канцлери сын-пикирлерге чоң дипломатиялык сапар менен жооп кайтарды

Олаф Шолц Украина кризисине байланыштуу башында жай жана кызыктай реакциясынан улам коомчулуктун сынына кабылгандан кийин ушул аптада Украинага барып, андан ары Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Германиянын жаңы канцлерине эмне түрткү берди?

Тармал чачтуу жаш жигит саясатка өтө берилген эле. Ошентип 1975-жылдын күндөрүнүн биринде Олаф Шолц Гамбургдагы бир офистин эшигин ачып, Социал-демократтарга кошулуу үчүн уруксат сураган.

“Ал 17 жаштагы студент кезинде өзүнө ишенген жигит болчу”, — деп эскерет ошол кезде жергиликтүү филиалды башкарган Гүнтер Франк.

“Ал аябай кызыгып, коомго кандайдыр бир нерсе кылгысы келчү. Ал аябай саясатка кызыккан, тырышчаак, акылдуу жана сөзмөр болчу”.

Олаф Шолц

Сүрөттүн булагы, WIKICOMMONS / GLADSTONEHH

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаш кезинде Олаф Шолц Батыш Германияда АКШнын курал-жарактарына каршы демонстранцияга чыккан

Эмгекчилердин укуктары багытында юристтикке адистешкен Шолц коомдогу теңдикке басым жасаганын айтат Франк. Бирок анын алгачкы саясий жашоосундагы башкы тема тынчтык болгон.

Кансыз согуштун элеси

Көптөгөн германиялыктар сыяктуу эле ал 1970-жылдардын аягында жана 80-жылдардын башында өзөктүк согуш коркунучу менен баш оорутуп жүргөн. Эки ири державанын ортосунда жайгашкан германиялыктар Чыгыш Европадагы Советтик ракеталардын жайгашканына жана Батыш Германиядагы алардын жеринде жайгашкан Американын ракеталарынан улам үрөйү учуп турган.

“Ал кезде (АКШнын) Першинг курал-жарактарын жайгаштыруу боюнча Германияда жана аймакта катуу талкуу болгон”, — дейт Франк. Франк социал-демократтар, анын ичинде Олаф Шолц дагы ошол кездеги борбор шаар Боннго барып, курал-жарактарга каршы демонстрацияга чыгышканын эскерди.

Германия

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германия Литвага кошумча аскерлерди жиберерин айткан менен бирок Украинага курал-жарактарды жөнөтүүдөн баш тартууда

Дээрлик 50 жылдан кийин Германиянын жаңы канцлери коалициялык өкмөт тарабынан бекитилген амбициялуу социалдык реформаларды ишке ашырууну артык көрмөк. Бирок кайрадан эле анын күндөрү менен түндөрүндө Орусиянын агрессия коркунучу жана Батыш кандай жооп бериши керек экени боюнча маселе үстөмдүк кылууда.

Азыр көп сүйлөбөгөн социал-демократты кантип түшүнүүнү эч ким билбей турат.

Украинадагы кризистин бир өңүтү боюнча Шолц аябай бекем пикирде. Өзүнүн өкмөтүндөгүлөрдүн дагы басымына карабастан ал Украинага курал-жарактарды жибербейт. Бирок анын калган позициясы бүдөмүк.

Орусиянын газы боюнча унчуккан жок

Анын айтымында, Орусияга каршы ыктымал санкцияларга байланыштуу бардык варианттар көтөрүлдү, бирок андан ары каралбайт.

Анын кесиптештери муну “стратегиялык бүдөмүк” позиция деп атоодо. Бирок Берлинде айрымдар канцлер Шолцтун Түндүк агым 2 газ түтүгүнө байланыштуу ачык айтып чыгуусун каалап жатышат. Алар эгерде Орусия Украинага бастырып кире турган болсо, анда аталган долбоор эч качан ишке берилбей турганын Шолцтун оозунан уккусу келет. Түндүк агым 2 ишке ашып калса, Германияга кирген Орусиянын газы эки эсеге көбөймөкчү.

АКШнын президенти айтты го. Германиянын канцлери эмне үчүн айта албайт?

Түндүк агым 2

Балким ал газды жеткирүү жана газдын баасына тынчсызданып жаткан чыгар; Европадагы башка көптөгөн лидерлер дагы ошондой эле. Бирок көптөгөн адамдар ал өзүнүн эле партиясынын күткөнүн жөнгө салууда кыйналып жатат окшойт деп шектенип жатышат.

Социал-демократтар Орусия менен тарыхый байланышы бар; мурдагы канцлер Вилли Брандттын “Чыгыш саясаты” 1970-жылдары Батыш Германия менен коммунисттик Чыгыш Блоктун ортосундагы байланышты жөнгө салып, алаканы жакындатууну көздөгөн.

“Улгайган социал-демократтар үчүн Орусияга каршы кандайдыр бир нерсени кабыл алуу бир топ эле оор”, — дейт Маркус Каим. Ал Эл аралык жана коопсуздук иштер боюнча Германия институтунда иштейт.

Шрөдер маселеси

Олаф Шолц ар дайым кыймылдап турган партияны жетектерин айтат Каим. Кыймылга келүү менен партия мурдагы канцлер Герхард Шрөдер менен туташкан “киндикти” кесип өтөт деп сүрөттөйт Каим. Герхард Шрөдер Владимир Путин менен бир топ эле жакын болгондуктан 70 жылдык юбилейине орус президенти да катышкан.

Шрөдер Түндүк агым 2нин акционерлеринин комитетин жетектейт, Орусиянын “Роснефть” мунай компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы жана “Газпром” компаниясынын директорлор кеңешине көрсөтүлгөн. Жакында эле ал Орусия эмес, Украина “согушам деп коркутуп жатканын” айткан.

Шрөдер менен Путин

Сүрөттүн булагы, TASS/GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шрөдер Владимир Путин менен жакын
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Көпчүлүктүн оюнча, ал Олаф Шолц үчүн көйгөй жаратат.

Азыркы канцлер чыккан партия бир эле Орусия боюнча ача пикирде эмес экенин эске алып койгула дейт Маркус Каим. Шолц жетектеген коалициялык өкмөт Орусияга кандай жооп кайтаруу боюнча да ар түрдүү пикирде; “Жашылдар”, мисалы, Түндүк агым 2ден баш тартууну каалашат.

Стратегиялык бүдөмүк позициябы же колу-буту саясий жактан тушалган алсыз лидердин позициясыбы? Азырынча бир нерсе деп айтууга эрте.

Бирок азыркы кырдаал, ковидди эске албаганда, Олаф Шолцтун канцлерлигиндеги алгачкы эң чоң сыноо болуп турат. Азырынча ал өтө жакшы болгон жок.

Шолцтун колдоочуларынын айтымында, ал көшөгө артында дипломатиялык чечимге келүү үчүн катуу иштеп келатат. Бирок Франциянын башчысы Эммануэль Макрон Европанын дипломатиясында көрүнүктүү инсанга айланып, Шолц болсо коомчулукка көп чыкпай, Германияда тынчсызданууга жана кыжырданууга жол ачты. Ал тургай бир басылмада “Олаф кайда?” деген темада материал жарык көрдү.

Анын рейтинги болуп көрбөгөндөй түшүп кетти.

Шолц менен Байден

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Олаф Шолц бир апта мурда Байден менен жолугушуп, дипломатиялык жолго кадам таштады

Жо Байден менен Вашингтондо жолугушуп, Франция менен Польшанын президенттерин Берлинде кабыл алуу менен Шолц азыр эми эл аралык дипломатиянын көрүнүктүү жолуна түштү.

“Азыр Олаф Шолц германиялыктар эмес, Европа боюнча жана эң эле маанилүүсү трансатлантикалык контекстте андан эмне күтүп жатышканын акырындык, акырындык, акырындык менен түшүнө баштады”, — дейт Маркус Каим.

Дүйшөмбү күнкү Украина президенти Владимир Зеленский жана андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен боло турган жолугушуусуна жакындан көз салып турушат.

Шолц өзүнөн мурдагы канцлердин сүйлөшүү жүргүзүү жөндөмүнө ээ экени айтылат, бирок ал Ангела Меркелдей таасири жана Путин менен көптөн берки тааныштыгы жок.

Германиянын согуш учурундагы кыйноолор жөнүндө эс тутуму эки өлкөгө тең сапарга барган канцлер үчүн оор жүк. Ал эми Украинанын жана Орусиянын жол башчылары талап кылган тарапта болушат.

Германиядан башкача мамиле күткөн кишилерге Шолц кандай жооп кайтарары өлкөнүн келечекте дүйнөлүк аренадагы ролу, а балким канцлерликке келген токтоо киши жөнүндө бизге көп нерсе айтып турат. (EA)